Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ариматаялык Жусуптун чечкиндүү иш кылышы

Ариматаялык Жусуптун чечкиндүү иш кылышы

АРИМАТАЯЛЫК ЖУСУП Рим башкаруучусунун алдына барганга кайратым жетет деп такыр ойлогон эмес. Себеби Понтий Пилат жеткен тоң моюн киши эле. Бирок Иса Машаяк татыктуу түрдө мүрзөгө коюлушу үчүн, бирөө Пилатка барып, анын сөөгүн сурашы керек болчу. Бактыга жараша ага жолугуп, бетме-бет сүйлөшүү Жусуп ойлогончолук оор болгон жок. Жүз башыдан Исанын өлгөн-өлбөгөнүн тактагандан кийин Пилат Жусуптун суранычын орундатты. Ошондуктан жүрөгүн дагы эле кайгы баскан Жусуп өлүм өкүмү ишке ашкан жерди көздөй шашып жөнөдү (Мр. 15:42—45).

  • Ариматаялык Жусуп ким болгон?

  • Анын Иса менен болгон мамилеси кандай эле?

  • Ал жөнүндө көбүрөөк билгенибиз эмне үчүн маанилүү?

СИНЕДРИОНДУН МҮЧӨСҮ

Инжилди жазууга катышкан Марк Жусупту «Кеңештин кадыр-барктуу мүчөсү» деп атаган. Ал Кеңеш жүйүттөрдүн жогорку соту жана административдик органы болгон Синедрионду билдирет (Мр. 15:1, 43, шилт.). Демек, Жусуп өз элинин башчыларынын бири болгон. Мындан анын эмне үчүн Рим башкаруучусу менен жолуга алганын билүүгө болот. Жусуптун бай киши болгону да таң калыштуу эмес (Мт. 27:57).

Иса Машаяктын жолдоочусу экениңди ачык айтканга кайратың жетеби?

Синедриондун мүчөлөрү топ катары Исаны душманындай көрүп, анын көзүн тазалоонун жолун ойлонуштурушкан. Ал эми Жусуп «ак ниет, адил киши» болгон (Лк. 23:50). Синедриондун көптөгөн мүчөлөрүнөн айырмаланып, ал чынчылдык менен иш кылган, адеп-ахлактуу жашоо өткөргөн жана Кудайдын осуяттарына баш ийүүгө колунан келишинче аракет кылган. Ошондой эле «Кудайдын Падышалыгын күтүп жүргөн». Бул, сыягы, анын эмне себептен Исанын шакирти болгонун көрсөтүп турат (Мр. 15:43; Мт. 27:57). Ал Исанын кабарына чындыкты жана адилеттикти эңсегендиктен кулак какса керек.

ШАКИРТ ЭКЕНИН ЖАШЫРЫП ЖҮРГӨН

Жакан 19:38де Жусуптун «жүйүттөрдөн корккондуктан... Исанын шакирти экенин жашырып жүргөнү» айтылат. Ал эмне үчүн корккон? Жусуп жүйүттөрдүн Исаны жек көрөрүн жана ага ишенген кишини синагогадан чыгарып салууну чечип коюшканын жакшы билген (Жкн. 7:45—49; 9:22). Синагогадан чыгарылуу деген жүйүттөргө жек көрүндү болууну, элден чыгып, бөлүнүп калууну билдирген. Ошол себептен Жусуп Исага ишенерин ачык айтуудан корккон. Ал ээлеген абалынан, кадыр-баркынан, атак-даңкынан кол жууп калмак.

Мындай жагдайга жалгыз эле Жусуп кабылган эмес. Жакан 12:42де: «Атүгүл башкаруучулардын арасынан да көптөр Исага ишенип калышты. Бирок фарисейлерден улам бул тууралуу ачык билдиришкен жок, анткени синагогадан чыгарылып калгандан коркушту»,— делет. Синедриондун дагы бир мүчөсү Никедимдин жагдайы да ушундай болгон (Жкн. 3:1—10; 7:50—52).

Ал эми Жусуп Исанын шакирти болгон, бирок муну ачык айта алган эмес. Бул олуттуу кемчилик эле. Анткени Иса: «Ким мени менен биримдикте экенин башкалардын алдында ачык билдирсе, мен да аны менен биримдикте экенимди асмандагы Атамдын алдында ачык билдирем. Ал эми ким башкалардын алдында менден баш тартса, мен да андан асмандагы Атамдын алдында баш тартам»,— деп айткан (Мт. 10:32, 33). Жусуп Исадан баш тарткан эмес, ошол эле учурда ага ишенерин ачык билдиргенге кайраты да жеткен эмес. Сен жөнүндө эмне айтууга болот?

Көңүлгө аларлык нерсе, Ыйык Китепке ылайык, Жусуп Синедриондун мүчөлөрүнүн Исага каршы ойлогон арам оюн колдогон эмес (Лк. 23:51). Айрымдар божомолдогондой, Исаны соттоп жатышканда, сыягы, Жусуп ал жерде жок болчу. Кандай болбосун, адилетсиздиктин ушунчалык бурмаланып жатканына аябай ичи ачышканы шексиз. Бирок ал эч нерсе кыла алмак эмес.

ЧЕЧКИНСИЗДИГИН ЖЕҢГЕН

Иса өлүмгө кыйылганга чейин, Жусуп коркунучун жеңип, анын шакирттерине колдоо көрсөтүүгө бел байлап калган көрүнөт. Муну Марк 15:43төгү: «Жусуп кайраттанып, Пилатка барды да, Исанын сөөгүн сурады»,— деген сөздөрдөн билүүгө болот.

Жусуп Исанын өлгөнүнө өз көзү менен күбө болсо керек. Бул анын өлгөнүн Пилатка чейин эле билгенинен көрүнүп турат. Ал сөөктү сураганда, Пилат «[Исанын] бат эле өлүп калганына таң калган» (Мр. 15:44). Эгер Жусуп Исанын жаза устунунда азап чегип өлгөнүн көргөн болсо, жүрөктү солк эттирген ошол жагдайдан улам абийири ойгонуп, чындык тарапты ээлеши керектигин түшүнгөнбү? Ошондой болушу мүмкүн. Же жок эле дегенде, иш-аракет кылууга түрткү алган. Ошондон тартып ал өзүнүн Исанын шакирти экенин жашырбай калса керек.

ИСАНЫН СӨӨГҮН КОЙГОН

Жүйүттөрдүн мыйзамына ылайык, өлгөн кишини күн батканга чейин мүрзөгө коюш керек болчу (Мыйз. 21:22, 23). Бирок римдиктер өлүм өкүмү чыгарылган кылмышкерлердин сөөгүн чириши үчүн устунда калтырышчу же жалпы мүрзөгө ыргытып жиберишчү. Жусуп болсо Исанын сөөгүнүн андай болушун каалаган эмес. Анын Иса өлтүрүлгөн жерге жакын жайгашкан асканын бооруна оюлган жаңы мүрзөсү бар болчу. Мүрзөнүн жаңы болгону Жусуптун Ариматаядан * Иерусалимге жакында эле көчүп келгенин жана кийин аны үй-бүлөсүнүн мүрзөсү катары колдонмоктугун көрсөтүп турат (Лк. 23:53; Жкн. 19:41). Исанын сөөгүн өзүнүн мүрзөсүнө коюу менен Жусуп берешендик кылган жана Машаяктын «байлар менен» бирге мүрзөгө коюлары жөнүндөгү пайгамбарлыкты аткарган (Ыш. 53:5, 8, 9).

Кайсы бир нерсени Жахаба менен болгон мамилеңден жогору көрбөйсүңбү?

Төрт Инжилде тең Жусуптун Исанын сөөгүн зыгырдан жасалган жогорку сапаттагы кездемеге ороп, өзүнүн мүрзөсүнө койгону баяндалат (Мт. 27:59—61; Мр. 15:46, 47; Лк. 23:53, 55; Жкн. 19:38—40). Ыйык Китепте Жусупка жардам бергендердин ичинен Никедимдин аты гана айтылат. Ал сөөк коюуда керектелчү жыпар жыттуу чөптөрдү алып келген. Экөөнүн ээлеген абалын эске алганда, сөөктү өздөрү алып кетишкени күмөн. Алардын сөөктү алып, мүрзөгө коюу үчүн кызматчыларды колдонушу толук мүмкүн эле. Ошондой болгон күндө да бул жөнөкөй иш эмес болчу. Өлүккө тийген киши жети күн таза эмес деп эсептелчү жана ал тийген нерсенин баары таза эмес болуп калчу (Сан. 19:11; Акай 2:13). Ошол себептен алар Пасах өткөрүлгөн жума бою элден обочо жүрүп, майрамга байланыштуу каада-салттардын бирине да катыша албай калышмак (Сан. 9:6). Исанын мүрзөгө коюлушуна кам көргөнү үчүн, Жусупту Синедриондун башка мүчөлөрү шылдыңдашы да мүмкүн эле. Бирок ошол учурда ал, Исаны тийиштүү түрдө коюунун жана анын шакирти экенин ачык айтуунун арты канчалык кесепеттүү болбосун, баарына даяр болчу.

ЖУСУП ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛДИРҮҮНҮН АЯГЫ

Ыйык Китепте Исанын мүрзөгө коюлганы жөнүндө баяндалгандан кийин ариматаялык Жусуп жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Ошондон улам: «Андан ары ал эмне болгон?» — деген суроо туулат. Бул суроонун жообу белгисиз. Ошентсе да жогоруда карап өткөндөрдүн негизинде ал өзүнүн Машаяктын шакирти экенин ачык көрсөткөн деп айта алабыз. Себеби сыноого жана кыйынчылыкка кабылганда, анын ишеними менен кайраттуулугу басаңдаган эмес, тескерисинче, ого бетер күч алган. Бул анын андан аркы жашоосунан жакшы кабар берип турат.

Жусуп жөнүндө билгендерибиз ар бирибизге мындай деп ойлонуп көрүүгө түрткү бериши керек: «Жогорку абалды, мансапты, дүнүйө-мүлктү, үйдөгүлөрүм менен болгон ынак мамилемди, атүгүл эркиндигимди же дагы башка нерсени Жахаба менен болгон мамилемден жогору коюп жаткан жокмунбу?»

^ 18-абз. Ариматая, болжолу, азыркы учурда Рентис (Рантис) деп белгилүү болгон Раманы билдирет. Рама Шемуел пайгамбардын киндик каны тамган шаар болгон. Ал Иерусалимдин түндүк-батышынан 35 километрдей алыстыкта жайгашкан (1 Шем. 1:19, 20).