Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу туурабы?

Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу туурабы?

Ыйык Китептин көзкарашы

Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу туурабы?

ЖУБАЙЛАР кандайдыр бир бойго бүтүрбөөчү каражатты колдонсо болобу? Буга карата силер кандай ойдосуңар? Бул суроого туткан динине жараша ар ким ар кандай жооп береттир. Католик дининин окутуусуна ылайык, бойго бүтүүгө тоскоолдук кылган иш-аракеттер «кыянаттыкка жатат», андыктан бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу «адепсиздик» катары эсептелет. Ошондой эле никеде турган жубайлардын ортосундагы ар бир жыныстык байланыш тукум улоого мүмкүндүк берүүгө тийиш деп ырасталат.

Бирок мындай ойлорго көптөр кошула бербейт. Алсак, бир гезитте минтип жазылган: «Кошмо Штаттардагы католиктердин төрттөн үч бөлүгүнүн көзкарашы боюнча, чиркөө бойго бүтүрбөөчү каражаттарды же ыкмаларды колдонууга жол берүүгө тийиш... Тыюу салынган андай ыкмаларды күнүгө миллиондогондор колдонууда» («Pittsburgh Post-Gazette»). Алардын бири — үч баланын энеси Линда. «Менимче,— дейт ал,— муну менен мен эч кандай күнөө жасаган жерим жок».

Ал эми Кудай Сөзүндө буга байланыштуу эмне делет?

Өмүрдүн ыйыктыгы

Кудайдын көз алдында эненин ичиндеги жаңыдан өрчүп келаткан баланын да өмүрү баалуу. Ысрайылдын Дөөт аттуу байыркы падышасы мындай деген: «Сен мени энемдин ичинде токугансың... Мен жаңыдан түйүлдүк боло баштаган да эле, Сен мени көргөнсүң... Сенин китебиңде баары жазылып коюлган» (Забур 138:13, 16). Түйүлдүк жаралганынан тартып эле тирүү жан болуп эсептелгендиктен, Мусанын мыйзамы боюнча, төрөлө элек балага зыян келтирген киши жоопко тартылган. Мисалы, Чыгуу 21:22, 23-аяттарда айтылгандай, эки киши мушташа кетип, бирөөсү боюнда бар аялды же ичиндеги баласын өлүмгө дуушар кылса, ишти дайындалган соттор карашкан. Алар жагдайды териштирип көрүп, атайылап зыян келтирилгенби же жокпу, аныкташкан. Күнөөлүү болуп чыккан киши, «жанга жан» деген мыйзамга ылайык, өлүм жазасына тартылган.

Бул принциптерди эске алуу зарыл. Анткени бойго бүтүрбөөчү айрым каражаттар же ыкмалар бойдон түшүрүүгө себеп болот. Андай ыкмаларды колдонуу, өмүрдүн ыйыктыгына байланыштуу принципти бузгандыктан, Кудайдын көз алдында туура эмес. Белгилей кетчү нерсе, бойдон түшүрүүгө алып келбеген ыкмалар көп. Анда ошондой ыкмаларды колдонууга болобу?

Ыйык Китептин бир да жеринде Ыйсанын жолдоочуларынан балалуу болуу талап кылынбайт. Кудай алгачкы түгөйгө жана Нухтун үйбүлөсүнө: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула»,— деген. Бирок ал тапшырма Ыйсанын жолдоочуларына берилген эмес (Башталыш 1:28; 9:1). Ошондуктан жубайлар балалуу болобу же жокпу, болсо, качан жана канча балалуу болорун өзүлөрү чечет. Ыйык Китепте бойго бүтүүдөн сактануу да туура эмес деп эсептелбейт. Ошол себептүү аялы-күйөөсү бойдон түшүрүү менен коштолбогон кайсы бир каражатты же ыкманы колдонобуз дешсе, ыйык китептик көзкараш боюнча, бул — ал экөөнүн жеке чечими. Анда эмне үчүн Католик чиркөөсү бойго болтурбоочу каражаттарды колдонууга каршы чыгууда?

Кудайдыкына каршы келген акылмандык

Католик маалымдамаларынын биринде б.з. 2-кылымында Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп ырастагандардын стоиктердин окууларын өздөштүрө баштаганы айтылган. Ал окуулар боюнча, жубайлардын жыныстык мамиледе болушунун бирден бир мыйзамдуу максаты тукум улоо деп эсептелген. Чынында, андай көзкараштын артында Ыйык Китеп эмес, философия жатат. Ошон үчүн ал Кудайдын эмес, адамдардын акылмандыгына негизделген. Ал философия кылымдар бою ар кандай католик динуламалары тарабынан өрчүтүлүп отуруп, биздин күндөргө дейре жеткен *. Акыры, жыныстык мамиленин өзүнөн гана канааттануу алуу күнөө деп ырасталгандыктан, балалуу болуу максатын көздөбөй жыныстык мамиледе болуу адеп-ахлаксыздык делип калган. Бирок бул Ыйык Китептин окуусуна дал келбейт.

Ыйык Китептеги Накыл сөздөр китебинде поэтикалык тил менен аялы-күйөөсүнүн ортосундагы мамиледен алган канааттануу мындайча сүрөттөлөт: «Өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич. Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган, маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан» (Накыл сөздөр 5:15, 18, 19).

Жубайлардын ортосундагы жыныстык мамиле — Кудайдын белеги. Ал тукум улоо максатында эле берилген эмес. Ал аркылуу алар бири-бирине болгон назик сезимдерин жана сүйүүсүн билдире алышат. Ошон үчүн аялы-күйөөсү бойго болтурбоочу каражаттарды колдонууну чечишсе, бул алардын өз иши, андыктан аларды эч ким соттобоого тийиш (Римдиктерге 14:4, 10—13).

[Шилтеме]

^ 11-абз. Бир энциклопедияда белгиленгендей, «бойго бүтүүдөн сактанууга тыюу салган биринчи мыйзам» XIII кылымда Рим папасы Григорий IX тарабынан чыгарылган («New Catholic Encyclopedia»).

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Жубайлардын ортосундагы жыныстык байланыш күнөөбү? (Накыл сөздөр 5:15, 18, 19).

▪ Ыйсанын жолдоочулары бойго болтурбоочу каражаттарды колдонушса, эмнелерди эске алууга тийиш? (Чыгуу 21:22, 23).

▪ Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонгон жубайларга башкалар кандай карашы керек? (Римдиктерге 14:4, 10—13).

[17-беттеги кыстырма]

Кудай алгачкы түгөйгө жана Нухтун үйбүлөсүнө: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула»,— деген. Бирок ал тапшырма Ыйсанын жолдоочуларына берилген эмес