Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Мексика булуңу

2010-жылдын апрелинде мунай платформасы жарылып, 3 айга жакын убакыттын ичинде абдан көп өлчөмдөгү кара май деңизге аралашып кеткен. Кырсык болгондон 2,5 ай өткөндөн кийин, изилдөөчүлөр зыяндуу заттардын жок болуп кеткенин байкаган. Алардын айтымында, ал заттарды метанды «жеген» бактериялар жок кылган. Бирок айрым изилдөөчүлөр ага кошулбайт. Алар мунайдын көбү океандын түбүнө тунуп калды дешүүдө.

Перу

Перудан байыркы убактагы жүгөрүнүн мардектери табылган. (Алардын бири жогоруда көрсөтүлдү.) Алардын айрымдары 3000 жыл мурун Перунун түндүгүндө жашагандардын жүгөрүдөн ун жана бадырак жасашканын көрсөтүп турат.

Орусия

Бир сурамжылоодон айкын болгондой, Орусиядагы 18—35 жаштагы адамдардын 59 пайызы «ийгиликке жетиш үчүн адеп-ахлак нормаларына каршы иш кылыш керек деген ойдо» («Российская Газета»).

Италия

Адрия-Ровиго шаарынын эпискобу Лучио Соравито Де Франчески мындай деген: «Кудай жөнүндөгү кабарды ар бир адамга барып айтыш керек. Өзүбүздүн милдетибизди аткарыш үчүн чиркөөнүн коңгуроосун эмес, элдердин үйүнүн коңгуроосун кагышыбыз керек».

Түштүк Африка

Мыйзамсыз түрдө сатылган, медициналык максатта көп колдонулган кериктин мүйүзүнүн 1 килограммынын баасы 65000 долларга чейин көтөрүлөт. 2011-жылы Түштүк Африкада эле мыйзамсыз аңчылык кылгандар 448 керик өлтүрүшкөн. Европада болсо кериктин мүйүзүн издеген уурулар көптөгөн мурасканалар (музейлер) менен аукционго коюлган буюмдар сакталган жайларды талкалап кетишкен. Ал тургай, учурда Европанын зоопарктарындагы кериктер коркунуч алдында турат.