Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИН ДООРУ БҮТКӨНБҮ?

Көөнөрбөс баалуулуктар. Сүйүү

Көөнөрбөс баалуулуктар. Сүйүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (Колосалыктар 3:14).

ПАЙДАСЫ: Ыйык Китепте сүйүү жөнүндө көп айтылат. Бирок анда көбүнчө эркек менен аялдын ортосундагы махабат сезими эмес, принциптерге негизделген сүйүү тууралуу жазылган. Андай сүйүүгө боорукердик, кечиримдүүлүк, момундук, берилгендик, ак көңүлдүк, жумшактык жана чыдамкайлык сыяктуу сапаттар мүнөздүү (Микей 6:8; Колосалыктар 3:12, 13). Адатта убакыттын өтүшү менен илеби кайтып кете турган махабат сезиминен айырмаланып, андай сүйүү убакыт өткөн сайын, кайра күчүнө кирет.

Бренданын турмуш курганына отуз жылдай болуп калды. Ал: «Жаңыдан баш кошкондордун ортосундагы сүйүүнү алардын бири-бирине карата убакыттын өтүшү менен өрчүй турган сүйүүсүнө салыштырып болбойт»,— дейт.

Сэмдин түтүн булатканына 12 жылдан ашып калды. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Жубайым экөөбүз Ыйык Китептеги кеңештерге таң беребиз. Анткени ал жакта жөнөкөй, ошол эле учурда мыкты кеңештер жазылган. Аларды колдонуу чын эле жардам берет. Бирок канчалык кааласам да, кээде ошол кеңеш боюнча иш кылуу кыйын болуп калат. Өзгөчө, сиркем суу көтөрбөй турганда, чарчаганда же өзүмдү эле ойлогондо ошондой болот. Андай учурларда Жахаба Кудайдан терс ой-сезимдерден арылууга жардам беришин сурайм. Анан жубайымды кучактаганда, эч нерсе болбогондой эле баары унутулуп калат».

«Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»

Иса пайгамбар: «Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деп айткан (Матай 11:19). Ал эми чыныгы акылмандыктын кенчи Ыйык Китепте катылганы шексиз. Анткени андагы кеңештер, баалуулуктар көөнөрбөйт. Алар белгилүү бир маданияттын же улуттун алкагы менен эле чектелбей, жалпы адамзатка арналган. Ошондой эле адамдын табиятын терең чагылдырып турат. Бул — алардын булагы Жаратканыбыз, Жахаба Кудай, экенинин далили. Буга Ыйык Китепте жазылгандарды жашообузда колдонгондо гана ынанабыз. Ошон үчүн Ыйык Китепте: «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер»,— деген чакырык жазылган (Забур 34:8). Биз силерди да «татып көрүүгө» чакырабыз.