Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Асманга кимдер кетет жана эмне үчүн?

Көптөр өлгөндөн кийин асманга кеткиси келет. Иса Машаяк ишенимдүү элчилеринин асманда жашай турганын айткан. Ал өлөрүнө жакын калганда аларга асмандагы Атасынын жанынан орун даярдаарын убада кылган. (Окугула: Жакан 14:2.)

Эмне үчүн адамдар тирилип, асманга кетишет жана ал жакта эмне кылышат? Иса Машаяк алардын падыша болуп, жер үстүнөн бийлик кыларын айткан. (Окугула: Лука 22:28—30; Аян 5:10.)

Жакшы адамдардын баары асманга кетеби?

Адатта, өлкөнү аз эле адам башкарат. Иса Машаяк адамдарды асманга жер үстүнөн бийлик жүргүзүшү үчүн тирилткендиктен алардын да саны чектелүү болот (Лука 12:32). Ыйык Китепте Иса Машаяк менен чогуу канча киши бийлик жүргүзөрү так жазылган. (Окугула: Аян 14:1.)

Иса Машаяк айрым жолдоочуларына асмандан орун даярдап койгон. Ал жакта алардын эмне кыларын билесиңерби?

Асманга кете тургандарга эле сыйлык берилбейт. Кудайга берилген, Иса Машаяктын бийлиги алдында жашагысы келгендер, жер бейишке айланганда, түбөлүк өмүр сүрүшөт (Жакан 3:16). Кудайга баш ийбеген адамдар жок кылынганда, аман калгандар бейишке айланган жерде түбөлүк жашашат. Ал эми ага чейин көз жумгандар тирилип, алар да Бейиште жашашат. (Окугула: Забур 37:29; Жакан 5:28, 29.)