Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: КУДАЙДЫ СҮЙҮҮГӨ ТОСКООЛ БОЛГОН ЖАЛГАН ТҮШҮНҮКТӨР

Кудайды сүйүү кыйынбы?

Кудайды сүйүү кыйынбы?

«Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт күчүң менен сүй» (Муса пайгамбар) *.

Айрымдар Кудайды сүйүү оңой эмес дешет. Алар Кудай сырдуу, адамдардан алыс, атүгүл таш боор деген ойдо. Буга байланыштуу төмөндө айтылгандарды карап көрөлү:

  • «Мен Кудайдан жардам сурап тиленчүмүн, бирок ал эч кимдин үнүн укпай тургандай сезиле берчү. Кудайдын сезим-туюму жок, аны эч ким таанып-биле албайт деп ойлочумун» (Марко, Италия).

  • «Кудайга чын ниеттен кызмат кылгым келчү, бирок ага жакындоо мүмкүн эместей сезиле берчү. Ал күнөө кылгандарды жазалап эле турган таш боор Кудай деп ойлоор элем. Анын назик сезимдерди туя билерине ишене алчу эмесмин» (Роза, Гватемала).

  • «Бала кезимде Кудай бизди жазалаш үчүн мүчүлүштүктөрүбүздү аңдып эле турат деп ойлочумун. Кийинчерээк Кудай мерез окшойт деп калгам. Аны элди башкарганды эле жакшы көргөн, эч кимдин камын ойлобогон премьер-министрге окшоштурчумун» (Раймонд, Канада).

Кандай деп ойлойсуңар, Кудай адамдарды сүйбөгөн мерез Кудайбы? Көптөгөн адамдар, кайсы динди тутпасын, нечендеген кылымдардан бери бул суроого жооп издеп келишкен. Чынында, алардын көбү кайсы бир учурда атүгүл Кудуреттүү Кудайдан такыр тиленбей калышкан. Эмне үчүн? Себеби Кудайдан үрөйү учуп коркуп калышкандыктан ошондой болгон. Тарыхчы Уилл Дюрант: «Күнөөкөр пенде кол жеткис бийиктиктеги үрөйдү учурган Кудайга кайрылып тиленгенге кантип батынмак эле?» — деген.

Эмне үчүн көптөр Уилл Дюранттын айтканына кошулушат? Ыйык Китепте Кудай жөнүндө чынында эмне делет? Кудай жөнүндөгү чындыкты билүү аны сүйгөнгө өбөлгө түзөбү?