Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Периштелер бизге жардам бере алабы?

Периштелер, байыркы учурда Даниел пайгамбарга жардам бергендей эле, бүгүнкү күндө да адамдарга жакшы кабарды угууга жардам берүүдө

Жахаба Кудай периштелерди адам баласын жарата электе эле жараткан (Аюп 38:4, 7). Периштелер — Кудайга кызмат кылган күчтүү рухтар. Кудай ага кызмат кылган адамдарды жетектеш үчүн же коргош үчүн кээде периштелерди жиберчү (Забур 91:10, 11). Бүгүнкү күндө периштелер адамдарга Иса Машаяктын жолдоочулары жарлап жаткан жакшы кабарды угууга жардам берүүдө. (Окугула: Аян 14:6, 7.)

Биз периштелерден жардам сурап тиленишибиз керекпи? Жок. Анткени тиленүү — сыйынуунун бир бөлүгү. Биз Кудайга гана сыйынышыбыз керек (Аян 19:10). Периштелер Кудайдын кызматчылары болгондуктан, адамдардын эмес, Кудайдын айткандарын аткарышат. Андыктан Кудайдан гана тиленишибиз зарыл жана ага Иса Машаяк аркылуу кайрылышыбыз кажет. (Окугула: Забур 103:20, 21; Матай 26:53.)

Жаман да периштелер барбы?

Периштелер, адамдар сыяктуу эле, өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигине ээ жана жаман же жакшы иш кылууну өздөрү чече алышат. Өкүнүчтүүсү, көптөгөн периштелер Кудайга каршы чыгышкан (2 Петир 2:4). Алгач, Кудайга Шайтан каршы чыккан жана ага башка периштелер да кошулган. Алар асмандан жерге куулуп түшүрүлгөн. (Окугула: Аян 12:7—9.)

1914-жылдан бери жерде жамандыктын, зордук-зомбулуктун күч алганы Кудайдын жакында Шайтанды, анын тарабындагы периштелерди жок кыларын билдирет. Ошондон кийин Кудай жерди калыбына келтирип, бейишке айлантат. (Окугула: Аян 12:12; 21:3, 4.)