Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТИЛЕНҮҮНҮН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

Тилегибизди ким угат?

Тилегибизди ким угат?

Айрымдар тиленүүнү убакытты текке коротуу дешет, себеби аны эч ким укпайт деп ойлошот. Башкаларга болсо канча тиленсе да, эч кандай жооп албагандай сезилет. Бир атеист Кудайды элестетимиш болуп, андан: «Мага, шыбырап болсо да, жооп берип койчу»,— деп тиленгенин, бирок «каадалуу жымжырттыктан» башка жооп укпаганын айткан.

Бирок Ыйык Китепте Жараткан Кудай бар экени жана тиленүүлөрүбүздү ал угары жазылган. Ошондой эле анда байыркы убактагы бир элге: «Зарлаган үнүңдү угуп, Ал [Кудай] сага ырайым кылат, үнүңдү угары менен жооп берет»,— деп айтылганы жазылган (Ышая 30:19). Дагы бир жеринде: «Чынчылдардын тиленүүсү ага жагымдуу»,— делген (Накыл сөздөр 15:8).

Иса Машаяк Кудайдан тиленгенде, ал «анын тиленүүсүн» уккан (Еврейлер 5:7).

Ошондой эле Ыйык Китепте Кудай кимдердин үнүн укканы жазылган. Маселен, Иса пайгамбардын Кудайга «өтүнүч менен кайрылганы» жана Кудай аны укканы айтылган (Еврейлер 5:7). Дагы башка мисалдарды Даниел 9:21ден жана 2 Жылнаама 7:1ден табууга болот.

Анда эмне үчүн кээ бирлерге тиленүүсү жоопсуз калгандай сезилет? Анткени башка кудайдан, же ата-бабалардан эмес, Ыйык Китепте айтылган жалгыз чыныгы Жахаба * Кудайдан гана тилешибиз керек. Ошондой эле андан «анын эркине ылайык» келген, башкача айтканда, ага жаккан нерселерди гана сурашыбыз керек. Ошондо ал бизди сөзсүз угат (1 Жакан 5:14). Демек, Кудайдын бизди угушун кааласак, Ыйык Китептен ал жөнүндө жана ага эмне жагар-жакпасын билишибиз кажет.

Көптөр тиленүүнүн тек гана диний каада эмес экенин билишет. Алар тиленүүнү Кудайдын угарына жана ага жооп берерине эч шектенишпейт. Мисалга кениялык Айзекти алалы, ал мындай дейт: «Мен Ыйык Китепти түшүнгүм келип, Кудайдан жардам беришин тиленгем. Көп өтпөй эле бирөө келип, Ыйык Китепти чогуу изилдеп көрүүнү сунуштады». Ал эми Филиппиндеги Хилда тамекисин таштагысы келип, бир нече жолу аракет кылса да, таштай албаптыр. Ошондо жолдошу Кудайдан жардам суроону кеңеш кылгандыктан, Кудайдан жардам сураптыр. Ал мындай дейт: «Мен анын жардамына абдан таң калдым: бара-бара тамекиге болгон каалоом жок боло баштады, ошентип, акыры таштадым».

Кудай анын эркине каршы келбеген каалоолорубуздун орундалышына чын эле кызыкдарбы?

^ 6-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.