Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудай жөнүндө чындыкты билүү мүмкүнбү?

Эмне үчүн Кудай чындыкты билишибизди каалайт? (Окугула: Жакан 17:3.)

Кудай адамзатка өзү жөнүндө маалымат бериш үчүн Ыйык Китепти жаздырган. Ал ыйык рухун, тактап айтканда, иш-аракет кылуучу күчүн колдонуп ал китепти жазган пайгамбарлардын акылына өзүнүн оюн салган (2 Петир 1:20, 21). Ошондуктан Кудай жөнүндөгү чындыкты Ыйык Китептен биле алабыз. (Окугула: Жакан 17:17; 2 Тиметей 3:16.)

Ыйык Китепте Кудай өзү жөнүндө көп нерсени ачып берген. Мисалы, адамды эмнеге жаратканын, адамзаттын келечеги кандай болорун, бизге кандай жашоо каалаарын жаздырган (Элчилер 17:24—27). Жахаба Кудай ал жөнүндө чындыкты билишибизди каалайт. (Окугула: 1 Тиметей 2:3, 4.)

Кудай эмне үчүн чындыкты жакшы көргөндөрдү жактырат?

Жахаба — чындыктын Кудайы, ал өзүнүн Уулу Иса Машаякты да адамзатты чындыкка окутууга жиберген. Ошондуктан чындыкты жакшы көргөндөр Иса Машаякка тартылып турушкан (Жакан 18:37). Кудай ага сыйынгандар так ошондой адамдардан болушун каалайт. (Окугула: Жакан 4:23, 24.)

Шайтан Кудай жөнүндө жалган окууларды таратып, көптөгөн адамдардын ал жөнүндөгү чындыкты билишине тоскоолдук кылып келет (2 Корунттуктар 4:3, 4). Жакшылыкты жаман көргөндөр ошондой окууларга тартылышат (Римдиктер 1:25). Бирок миллиондогон жүрөгү таза адамдар Ыйык Китепти окуп, Кудай жөнүндө чындыкты билип жатышат. (Окугула: Элчилер 17:11.)