Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИ ТҮШҮНҮҮ МҮМКҮНБҮ?

Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам

Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам

Чет өлкөгө биринчи жолу барганыңарды элестетсеңер. Ал жактын эли, салты, тамагы, акча бирдиги — баары өөн. Андайда башка дүйнөгө түшүп калгандай эле болосуңар.

Ыйык Китепти биринчи жолу окуганда да ошондой сезимде болушуңар мүмкүн. Аны окуп жатып байыркы дүйнөгө саякатка баргандай эле болосуңар. Мисалы, пелиштиликтер деп аталган эл менен таанышасыңар, кийим айруу салты, манна деген тамак, драхма деп аталган тыйын жөнүндө билесиңер (Чыгуу 16:31; Жашыя 13:2; 2 Шемуел 3:31; Эзра 2:69). Ушу сыяктуу нерселердин баары силер үчүн жаңы болушу мүмкүн. Ошондуктан, башка өлкөгө барганда кимдир бирөөнүн жардамы керек болгондой эле, Ыйык Китепти түшүнүш үчүн да башкалардын жардамы керек.

БАЙЫРКЫ УЧУРДА

Б.з.ч. 16-кылымда Ыйык Китеп жазыла баштагандан тартып эле Кудай анын түшүнүктүү болушуна кам көрүп келген. Мисалы, ысрайыл элине Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды Муса пайгамбар түшүндүрчү (Мыйзам 1:5).

Андан 10 кылымдай өткөндөн кийин да Ыйык Жазманы түшүндүргөн окутуучулар болгон. Алсак, б.з.ч. 455-жылы ысрайыл эли бала-чакасы менен кошо Иерусалим шаарынын аянтына чогулушкан. Окутуучулар аларга үнүн бийик чыгарып, Кудайдын Сөзүн окуп бергенден тышкары, «окулгандарды түшүнгөнгө жардам беришкен» (Некемия 8:1—8).

Беш кылым өткөндөн кийин Иса Машаяк так эле ошондой иш менен алектенген. Ал элге баарынан мурда окутуучу катары таанымал болгон (Жакан 13:13). Ал калың элди да, жеке адамдарды да окуткан. Маселен, бир жолу тоодон жоон топ элге насаат айткан, ошондо эл «анын окутуусуна абдан таң калган» (Матай 5:1, 2; 7:28). Ал эми б.з. 33-жылы жазында Иерусалимге жакын жайгашкан айылга бараткан эки шакирти менен жолдон сүйлөшүп, аларга «Ыйык Жазманы түшүндүрүп» берген (Лука 24:13—15, 27, 32).

Иса Машаяктын шакирттери да Кудайдын Сөзүн окутушчу. Алсак, бир жолу эфиопиялык бир төрө Ыйык Жазманы окуп баратканда, Иса Машаяктын Филип деген шакирти жанына барып: «Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?» — деп сураган. Төрө: «Бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» — деп жооп берген. Ошондо Филип ага окугандарынын маанисин түшүндүрүп берген (Элчилер 8:27—35).

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ

Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү байыркы учурда Ыйык Жазманы түшүндүргөн окутуучулар аткаргандай эле ишти аткарууда. Алар дүйнө жүзү боюнча 239 мамлекетте Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүү программасын жүргүзүүдө (Матай 28:19, 20). Алар жума сайын 9 000 000дон ашуун кишиге Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берүүдө. Ал кишилердин көбүн Ыйык Китеп жөнүндө такыр укпагандар түзөт. Андай программа окуп-изилдеп жаткан кишинин үйүндө же ага ыңгайлуу башка жерде акысыз өткөрүлөт. Айрымдар компьютер же мобилдик каражат аркылуу окушат.

Эгер силер да Ыйык Китепти изилдегиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылгыла. Ошондо Ыйык Китепти түшүнүү анчалык деле кыйын эмес экенине, ошондой эле анын «окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» экенине ынанасыңар жана «ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болосуңар» (2 Тиметей 3:16, 17).