Адилеттүүлүктүн орнооруна көзүм жетти
Адилеттүүлүктүн орнооруна көзүм жетти
Айтып берген: Урсула Мэнне
Эс тарткандан тартып эле ар бир адамга адилеттүү мамиле жасалышы керек деп эсептечүмүн. Адилеттүүлүктү көксөгөнүмдөн улам Чыгыш Германиядагы коммунистик режимдин тушунда түрмөгө кесилип кеттим. Бирок дал ошол түрмөдөн адилетсиздик тууралуу суроолорума жооп таптым. Кандайча ошондой болгонун айтып берейин.
МЕН 1922-жылы 1 200 жылдык тарыхы менен белгилүү болгон Галле шаарында (Германия) төрөлгөм. Ал Берлинден түштүк-батыш тарапты көздөй 200 километрдей алыстыкта жайгашкан. Галле — протестантизм тамыр алган алгачкы шаарлардын бири. Сиңдим Каттэ 1923-жылы туулган. Ал кезде атам аскерде кызмат кылчу. Апам болсо театрда ырдачу.
Адилеттүүлүктү эңсегеним атамдан өткөн көрүнөт. Аскердик кызматтан кеткенден кийин атам дүкөн сатып алган. Дүкөнгө жакыр турган адамдар көп келчү. Атам аларга боору ооруп товарларды карызга берер эле. Ошентип, башкаларга жакшылык кылам деп жүрүп атам акыры банкрот болду. Ал окуядан мен бир нерсени — оңой көрүнгөнү менен, дүйнөдөгү теңсиздикти, адилетсиздикти жеңүү аябай эле кыйын экенин — түшүнсөм жакшы болмок. Бирок жаштык кездин жалыны күчтүү болот эмеспи.
Апамдын артисттик таланттары мага да өткөн. Апамдын аракетинин аркасында Каттэ экөөбүз музыкага, ырга, бийге жакын болчубуз. Бала кезибиз шаңга бөлөнүп, сиңдим экөөбүз жыргал күндөрдү кечирип жатканбыз. Бирок 1939-жылы баары өзгөрүп кетти.
Азаптуу күндөрдүн башталышы
Мектепти бүтүргөндөн кийин балет мектебине тапшырдым. Ал жактан сезимдерди күчтүү берген бийлерди ойлоп тапкандардын бири болгон Мари Вигмандан аусдрукстанцка бийин (күчтүү сезимдерди чагылдырган бий) үйрөндүм. Ошол учурда сүрөт тартканга да кызыгып жүргөм. Ошентип, ар кандай жаңы нерселерге үйрөнүп, өспүрүм курагым кызыктуу, бейкапар өтүп жаткан. Бирок 1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш тутанды. Анан 1941-жылы атам кургак учуктан каза болуп калды.
Согуш баарын мүңкүрөттү. Согуш башталганда 17 эле жашта болчумун. Ошентсе да мен үчүн дүйнө акылынан айнып калгандай сезилген. Жапжакшынакай жүргөн нечендеген кишилер нацисстик патриотторго айланып, сокур сезимге жетеленип калганын көрүп таң калчумун. Согуш артынан жокчулук, өлүм-житим басты. Жердин баары талкаланды. Бомбалардан улам үйүбүз жараксыз болуп калды. Бир нече тууганыбыз да согушта набыт болду.
1945-жылы согуш аяктады. Апам, мен, Каттэ болуп дагы деле Галледе турчубуз. Ал кезде мен турмушка чыгып, кыздуу болгонбуз. Кызым кичинекей болчу. Жолдошум экөөбүздүн мамилебиз жакшы болбой жүрүп, акыры ажырашып кеттик. Кызымды багыш үчүн бийлеп, сүрөт тартып акча тапчумун.
Согуштан кийин Германия төрткө бөлүнүп калган. Биздин шаарды Советтер Союзунун аскери басып алган. Ошонун айынан баарыбызга коммунисттик режимге көнгөнгө туура келди. 1949-жылы Германиянын чыгыш тарабы, биз жашаган жер, Германия Демократия Республикасы (ГДР) деп аталып калды.
Коммунисттик режимдеги жашоо
Ошол жылдары апам катуу ооруп калгандыктан, аны карашым керек болуп калды. Мен жергиликтүү мамлекеттик кеңсеге ишке орноштум. Ал жактан адилетсиздикке каршы күрөшкөн студенттер менен тааныштым. Алардын бири атасы мурда нацисстик партияда болгону үчүн эле жогорку окуу жайынан чыгарылып калган экен. Ал студент, мага окшоп, музыкага кызыкчу, мен аны жакшы таанычумун. Мени: «Эмне үчүн ал атасынын айынан жаман мамилеге туш болушу керек?» — деген суроо көп кыйначу. Бара-бара ал кыймылдагылар менен көп убакыт өткөрүп, алар менен каршылык акцияларына чыга баштадым. Бир жолу атүгүл жергиликтүү соттун имаратынын кире беришине нааразычылыгыбызды көрсөткөн баракчаларды чаптагам.
Адилетсиздикке күйүп-бышкан учурларым көп болгон. Алсак, бир жолу катчы катары Тынчтыкты коргоо боюнча райондук комитетке жазылган айрым каттарды машинке менен терип беришим керек болгон. Каттарда жазылгандарды окуп алып, жаман болуп калгам. Дагы бир жолкусунда ал комитет саясий себептерге негиздеп, Батыш Германиядагы улгайган бир кишиге коммунизмге үгүттөгөн материалды жөнөтүүнү чечкен. Комитеттин максаты ал кишиге каршы шек саноолорду туудуруу болчу. Андай адилетсиздикке ушунчалык ачуум келгендиктен, ал материалдарды жөнөтпөй, кеңсеме катып салгам. Алар ошол бойдон эч качан жөнөтүлгөн эмес.
«Камерадагы эң начар адам» мага үмүт берди
1951-жылы июнда кеңсеме эки киши келип, түрмөгө камаларымды айтышты. Алар мени «Ротер Оксе» («Кызыл бука») деп аталган түрмөгө алып барышты. Бир жылдан кийин мага «өкмөткө каршы иш жүргүзгөн киши» деген айып коюшту. Көрсө, мени мени менен чогуу адилетсиздикке каршы күрөшүп жүргөн топтогу студенттердин бири сатып жибериптир. Ал менин баракчаларды таратууга катышканымды айтыптыр. Мага каршы чечим мурда эле чыгарылган экен, ошондуктан соттун алдында өзүмдү коргош үчүн айткан сөзүмө эч ким деле кулак каккан жок. Ошентип, 6 жылга кесилип кеттим. Бир күнү катуу ооруп калгандыктан, мени түрмөнүн ооруканасына которушту. Ал жакта 40тай аял жатыптыр. Алардын мүңкүрөгөн, кейиштүү абалын көргөндө мени коркунуч басты. Анан эшиктин жанына чуркап бардым да, аны болгон күчүм менен ургулай баштадым.
«Эмне болду?» — деди кароолчу.
Мен: «Мени бул жерден чыгаргылачы же жалгыз камерага которгулачы»,— деп кыйкырдым. Бирок мындан майнап чыккан жок. Бир маалда көзүмө бир аял урунду. Ал башкалардан айырмаланып турган эле. Анын көзүнөн жан дүйнө тынчтыгы байкалып турган. Ал аялдын жанына барып отурдум.
Ал мени таң калтыра: «Менин жаныма отургандан абайла. Башкалар мени камерадагы эң начар адам деп ойлошот. Анткени мен Жахабанын Күбөсүмүн»,— деди.
Ошол учурда Жахабанын Күбөлөрү коммунисттердин душмандары катары эсептелерин билчү эмесмин. Бирок бала кезимде атама эки Ыйык Китеп Изилдөөчү (Жахабанын Күбөлөрү мурда ошентип аталчу) келип турганы эсимде. Атам: «Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүкү туура!» — деп көп айтар эле.
Ал аялга жолукканыма сүйүнгөнүмөн ыйлап жибердим. Анын аты Берта Брюггемайер болчу. Мен андан: «Жахаба жөнүндө айтып берчи»,— деп сурандым. Ошондон тартып экөөбүз көп убакыт өткөрүп, Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшчү болдук. Мен Жахабанын чыныгы Кудай экенин жана сүйүүнүн, адилеттүүлүктүн, тынчтыктын Кудайы экенин билдим. Ошондой эле анын ырайымсыз, зулум башкаруучулар алып келген зыянды толугу менен жок кыларын билдим. Кудайдын ал убадасы тууралуу Забур 37:10, 11де минтип жазылыптыр: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот... Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат».
Эркиндикке чыгышым жана Батыш Германияга көчүп барышым
Түрмөдө 5 жылдан ашык убакыт отургандан кийин 1956-жылы эркиндикке чыктым. 5 күндөн кийин кыздарым Ханнелора менен Забинэни алып алып, Батыш Германияга көчүп кеттим. Ал жактан күйөөм экөөбүз расмий түрдө ажыраштык. Көп өтпөй эле Жахабанын Күбөлөрүнө жолуктум. Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахабага жагыш үчүн көп жактан өзгөрүшүм керектигин түшүндүм. Жашоомду Жахабанын принциптерине ылайык өзгөртүп, 1958-жылы чөмүлдүм.
Кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болгон Клаус Мэнне деген кишиге турмушка чыктым. Клаус экөөбүз эки балалуу болдук, алардын аттары Беньямин жана Табиа. Биз бактылуу күндөрдү өткөрдүк. Өкүнүчтүүсү, Клаус 20 жылдай мурун кырсыктан каза болуп калды. Ошондон кийин кайра эч ким менен турмуш курган жокмун. Тирилүү жөнүндөгү үмүт мени абдан жубатат. Мен өлгөн жакындарыбыздын жер бетинде орной турган бейиште кайрадан өмүр сүрөрүн билем (Лука 23:43; Элчилер 24:15). Ошондой эле төрт баламдын тең Жахабага кызмат кылып жатканын көрүп, сүйүнөм.
Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында чыныгы акыйкаттыкты Жахаба гана орноторун түшүндүм. Адамдардан айырмаланып, ал биздин жагдай-шартыбызды, алган тарбиябызды, башыбыздан эмнелер өткөнүн эске алат. Көп учурда бул нерселерге эч ким деле маани бербейт. Ыйык Китептен алган баа жеткис билим мага, өзгөчө, адилетсиздикке кабылганда же ошондой нерсеге күбө болгондо да жан дүйнө тынчтыгын сактаганга жардам берет. Насаатчы 5:8де минтип айтылган: «Эгерде кайсы бир дубанда жакырлардын кысымга алынып, акыйкаттык менен адилдиктин тебеленип жатканын көрсөң, таң калба. Себеби бийлиги бардын үстүнөн аныкынан да чоң бийлиги бар карап турат. Баарынын үстүнөн өздөрүнөн жогору тургандар бар». Ооба, баарынын үстүнөн жогору турган бирөө — бул Жаратканыбыз. Еврейлер 4:13тө айтылгандай, «анын көз алдында баары ачык-айкын. Биз анын алдында жооп беребиз».
Дээрлик 90 жылдык өмүрүм
Менден кээде: «Нацисстердин башкаруусунун алдында жашоо кандай эле? Коммунисттердикиндечи?» — деп сурап калышат. Чынын айтканда, экөөндө тең оңой болгон эмес. Анткени адамдар, кандай башкаруу түзүлүшүн тандабасын, эч убакта ийгиликке жетпейт. Ыйык Китепте буга байланыштуу талашсыз чындык жазылган. Насаатчы 8:9да: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп айтылат.
Жаш кезде адамдар башкарган өкмөт бир күнү адилеттикти орнотот деп ишенчүмүн. Бирок азыр андай болбой турганын билем. Себеби чыныгы адилеттүүлүктү Жаратканыбыз гана орнотот. Ал ыймансыз адамдарды жок кылып, бийликти өз Уулу Иса Машаякка берет. Иса болсо башкалардын кызыкчылыгын дайыма өзүнүкүнөн жогору коёт. Ал тууралуу Ыйык Китепте: «Сен адилдикти сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң»,— деп жазылган (Еврейлер 1:9). Мен Жахабага ошондой адилеттүү, мээримдүү Падыша жөнүндө билгенге жардам бергенине , анын башкаруусунун алдында түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ кылганына миң мертебе ыраазымын.