Мазмунун көрсөтүү

5-бөлүм

Сыйкырчылык жана дуба окуу тууралуу чындык

Сыйкырчылык жана дуба окуу тууралуу чындык

Бир китепте айтылгандай, «сыйкырчылар барбы же жокпу деген суроо африкалыктардын эч кимисинде туулбайт. Анткени африкалыктардын баары алардын бар экенинен түк да шектенбейт» («African Traditional Religion»). Сыйкырчылыкка жана дубалоого ишенгендердин арасында сабатсыздар да, жогорку билимдүүлөр да бар. Буга ислам жана христиан диндеринин айрым жетекчилери да ишенишет.

2. Көптөр сыйкырдуу күч каяктан келет деп ойлошот?

2 Көптөр касиеттүү, сыйкырдуу күч бар, аны Кудай көзөмөлдөп турат деп ишенишет. Алардын ою боюнча, аны арбактар да колдоно алат. Ошондой эле айрым кишилер ал күчкө ээ боло алат жана аны өздөрүн, башкаларды коргош үчүн же башкаларга зыян келтириш үчүн колдоно алат деп ишенишет.

3. Көптөр зыян келтириш үчүн дуба окугандар эмнелерди кыла алышат деп ишенишет?

3 Кээ бирлер душмандарына жамандык кылыш үчүн дуба окутушат. Алар дубанын күчү менен адамдарга кол салыш үчүн жарганаттарды, канаттуу-куштарды, курт-кумурскаларды жана башка жаныбарларды жиберсе болот деп ишенишет. Мындан тышкары, дуба окугандардын өздөрү да ошондой күчкө ээ деп ойлошот. Согуш-жаңжалдар, кимдир бирөөнүн төрөбөй калганы, оору-сыркоо, атүгүл өлүм да дубанын айынан болот деп эсептешет.

4. Көптөр сыйкырчылык тууралуу эмнелерге ишенишет? Мурун сыйкырчылык кылгандардын айрымдары эмне дешкен?

4 Сыйкырчылар түн ичинде денесин таштап учуп барып башка сыйкырчылар менен жолугарын же өздөрү өлтүргөн кишилерди жеп жок кыларын айтышат. Чынында, алардын денеси уктаган бойдон жаткан жеринде калат. Анда ошентип айткандарына кандайдыр бир далил барбы? Алардын сөздөрүнө мурун сыйкырчылык кылгандар эле кошулбаса, башка эч кандай далил жок. Алсак, Африкада чыккан бир журналга мурун сыйкырчылык кылгандардын (көбү өспүрүм курактагы кыздар) айткандары жазылган. Алардын бири: «Жол кырсыгына кабылтып 150 кишини өлтүрдүм» — десе, башкасы: «Беш кичинекей баланын канын сордум»,— деген. Дагы бирөө: «Мени таштап кеткен үч жигитимди өлтүрдүм»,— деп айткан.

5. Көптөр жамандыктан коргонуш үчүн эмнелерди кылышат?

5 Кээ бирлер башкаларды жамандыктан коргош үчүн да дуба окушат. Алар касиеттүү күчкө ээ деп эсептелген шакектерди, көз мончокторду тагынышат. Ошондой эле дубаланган, дарылык касиети бар деп эсептелген нерселерди ичишет же денесине сүйкөшөт. Ошондой эле үйлөрүнө же короосуна жамандыктан сактайт деп ишенген буюм-тайымдарды катып коюшат. Курандан же Ыйык Китептен алынган үзүндүлөр жазылган тумарларды да тагышат.

Жалган түшүнүктөр

6. Шайтан жана анын жин-перилери эмнелерди кыла алышат жана алардын күчү тууралуу кандай ойдо болгонубуз туура?

6 Шайтан жана анын жин-перилери — адамзаттын айыгышкан душмандары. Алар адамдардын ой жүгүртүүсүнө, жашоосуна таасир эте алышат. Атүгүл адамдар менен жаныбарлардын ичине кирип, аларды бийлеп алышат (Матай 12:43—45). Шайтан менен жин-перилердин кандайдыр бир күчкө ээ экенин четке какпашыбыз керек. Бирок ошол эле учурда алардын күчүн баса белгилеп, көбүртүп-жабыртпашыбыз да керек.

7. Шайтан эмнеге ишенишибизди каалайт жана муну кайсы мисал менен түшүндүрсө болот?

7 Шайтан алдаганга маш. Ал өзүн колунан баары келгидей кылып көрсөтүп, адамдарды алдайт. Муну түшүнүш үчүн бир мисал карап көрөлү. Жакында эле Африка өлкөлөрүнүн биринде болгон согушта жоокерлер душмандарын коркутуш үчүн үн күчөткүч шаймандарды колдонушкан. Алар мылтыктар атылганда, бомбалар жарылганда чыккан үн-дабыштардын жаздыруусун кол салардын алдында үнүн катуу чыгарып коюп коюшкан. Анткени кас тараптагылардын мыкты куралданган аскерлер кол салганы жатат деп ойлошун каалашкан. Анын сыңарындай, Шайтан дагы адамдардын анын күчү чексиз деп ойлошун каалайт. Анткени ал адамдарды коркутуп-үркүтүп, Жахаба Кудайдын эмес, өзүнүн эркин аткартууну көздөйт. Келгиле эмесе, Шайтан көптөрдү ишендиргиси келген үч калпка токтололу.

8. Шайтан жайылткан калптардын биринчиси кайсы?

8 Шайтан жайылткан калптардын биринчиси бул: эч нерсе жөндөн жөн болбойт. Кимдир бирөө кылбаган жамандыктан баары сыйкырдуу күчтүн аркасында болот. Мисалы, кичинекей бала безгек оорусуна чалдыгып, каза болуп калды дейли. Апасы бул оорунун безгек чиркейи чаккандын айынан болорун билиши мүмкүн. Бирок, чиркей баласын чагып алышы үчүн, кимдир бирөө дуба окутуп койгон окшойт дегенге да ишениши этимал.

Кээде кокусунан эле жагымсыз жагдайга кабылып калабыз

9. Бардык эле кыйынчылыктарга Шайтан себепкер эмес экени Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

9 Шайтандын кыйынчылыктарды туудурууга кудурети жетери чын. Бирок бардык эле көйгөйлөр анын айынан болот деп ойлоо туура эмес болуп калат. Ыйык Китепте мындай делет: «Жарышта жеңишке шамдагайлар эле, күрөштө ийгиликке күчтүүлөр эле, нанга акылмандар эле, байлыкка түшүнүгү барлар эле, урмат-сыйга билими барлар эле жете бербейт экен. Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат» (Насаатчы 9:11). Мисалы, жарышка катышкан жөө күлүк башкалардан тезирээк чуркашы, бирок жеңишке жетпей калышы мүмкүн. Анткени күтүлбөгөн жагдайга кабылышы ыктымал. Ал ооруп калышы же чуркап баратып чалынып кетиши, жыгылып кетиши, же болбосо этин чоюп алышы этимал. Мындай жагдайларга ким болбосун кабылышы мүмкүн. Мунун баары сөзсүз эле Шайтандын айынан же кимдир бирөө дубалап койгондуктан болбойт. Кээде кокустуктан ошондой болуп калат.

10. Көптөр сыйкырчылар эмне кыла алат деп ишенишет, бирок мунун жалган экенин кайдан билебиз?

10 Шайтан тараткан калптардын экинчиси бул: сыйкырчылар түнкүсүн денесин таштап учуп чыгышат да, башка сыйкырчылар менен жолугушуш үчүн же колуна түшкөн кишилердин канын соруп, этиш жеш үчүн ар кайсы жерлерди кыдырышат. Ойлонуп көрсөңөр, эгер сыйкырчылар чын эле ушундай кыла алса, анда алардын денесинен эмне учуп чыгып жатат? Буга чейин билгенибиздей, жан бул адамдан бөлүнүп чыккан бир нерсени эмес, анын өзүн билдирет. Ошондой эле рух денеге кубат берип, кыймылга келтирип турган өмүр демин билдирет. Ал денеден сырткары эч нерсе кыла албайт.

Сыйкырчылар денесин таштап учуп кете албайт

11. Сыйкырчылар денесин таштап учуп кете албай турганын кайдан билебиз жана сен буга ишенесиңби?

11 Демек, кимдир бирөөгө жамандык же жакшылык кылыш үчүн жан да, рух да аны денесинен бөлүнүп учуп чыкпайт. Мындан сыйкырчылар денесин таштап кете албайт деген жыйынтык чыгарсак болот. Алар кылдым деп айткан же ойлогон иштерди, чынында, кыла алышпайт.

12. Адамдар жасабаган нерсесин жасадым деп ишенип алышы үчүн, Шайтан эмне кылат?

12 Анда сыйкырчылык кылгандардын айткандарын кандай түшүнсөк болот? Шайтан адамдардын өздөрү жасабаган иштерди жасадым деп ойлоп калгыдай кылып коё алат. Ал алардын көздөрүнө бир нерселерди көрсөтүшү мүмкүн. Натыйжада алар көрбөгөн нерсесин көрдүм, укпаган нерсесин уктум, кылбаган нерсесин кылдым деп элестетип алышат. Ушундайча Шайтан адамдарды Жахабадан алыстатканга аракет кылат жана Ыйык Китепте жазылгандар жалган деп ойлоп калышын каалайт.

13. а) Кимдир бирөөнү коргош үчүн окулган дубаны жакшы деп айтууга болобу? б) Ыйык Китепте сыйкырчылык тууралуу эмне делет?

13 Шайтандын үчүнчү калпы бул: айрымдарды жамандыктан коргош үчүн дуба окуу жакшылык кылгандыкка жатат. Бирок Ыйык Китепте зыян келтириш үчүн окулган дубага караганда, коргош үчүн окулган дуба жакшыраак деп айтылбайт. Анда дубанын бардык түрү айыпталат. Келгиле, Жахаба Кудайдын ысрайыл элине сыйкырчылыкка жана аны менен алектенгендерге байланыштуу кандай мыйзамдарды бергенин карап көрөлү.

  • «Сыйкырчылык кылбагыла» (Лебилер 19:26).

  • «Эгерде эркек же аял өлгөндөрдү чакырса же келечекти алдын ала айтса, өлүм жазасына тартылсын» (Лебилер 20:27).

  • «Элиңдин арасында уулун же кызын отко салгандар, төлгө ачкандар, сыйкырчылык кылгандар, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар, бирөөлөрдү дубалагандар, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар» (Мыйзам 18:10—14).

14. Жахаба сыйкырчылык кылууга тыюу салган мыйзамдарды эмне үчүн берген?

14 Бул мыйзамдардан айкын көрүнүп тургандай, Кудай өз элинин сыйкырчылыкка байланыштуу иштерден оолак болушун каалаган. Ал бул мыйзамдарды элин жакшы көргөндүктөн жана ырым-жырымдардын кулу болбой, эч нерседен коркпой жашашын каалагандыктан берген. Ошондой эле жин-перилердин аларды бийлеп алышын каалаган эмес.

15. Жахабанын Шайтандан алда канча күчтүү экени Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

15 Ыйык Китепте жин-перилердин эмнелерди кыла алары жана кыла албай турганы майда-чүйдөсүнө чейин жазылган эмес. Бирок андан Жахаба Кудайдын Шайтандан жана анын жин-перилеринен алда канча күчтүү экенин биле алабыз. Жахаба Шайтанды асмандан жерге кууп түшүргөн (Аян 12:9). Көңүл бурчу дагы бир нерсе, Шайтан Аюп пайгамбарды сынаш үчүн Кудайдан уруксат сураган. Ошондой эле Кудайдын: «[Анын] жанына тийбе!» — деген эскертүүсүнө баш ийген (Аюп 2:4—6).

16. Биз кимден баш маана издешибиз керек?

16 Накыл сөздөр 18:10до: «Жахабанын ысмы — бекем мунара. Ага адил адам качып кирип, коопсуз болот»,— деп айтылган. Ооба, бизди Жахаба коргойт. Биз андан баш маана издешибиз керек. Анын кызматчылары Шайтандын жана анын жин-перилеринин таасиринен коргонуш үчүн көз мончок тагынышпайт же дубаланган, дарылык касиети бар деп эсептелген нерселерди колдонушпайт. Ошондой эле сыйкырчылардын дубасынан коркушпайт. Анткени алар Ыйык Китептеги: «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат»,— деген сөздөргө бекем ишенишет (2 Жылнаама 16:9).

17. Жакып 4:7деги сөздөр бизди эмнеге ынандырат? Бирок бизден эмне талап кылынат?

17 Эгер Жахабага кызмат кылсаңар, силер да буга бекем ишене аласыңар. Жакып 4:7де: «Кудайга баш ийгиле да, Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деп айтылган. Эгер чыныгы Кудайга кызмат кылып, ага баш ийсеңер, ал силерди сөзсүз коргойт.