Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепти кандай китеп деп эсептейсиз?

Ыйык Китепти кандай китеп деп эсептейсиз?

 

  •  

  • Уламыштар, жомоктор жазылган китеппи?

  • Кудайдын Сөзүбү?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» (2 Тиметей 3:16, «Жаңы дүйнө котормосу»).

МУНУ БИЛҮҮНҮН СИЗГЕ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Жүрөгүңүздү өйүгөн суроолорго канааттандырарлык жооп аласыз (Накыл сөздөр 2:1—5).

Жашоо-турмушуңузга пайдалуу, жакшы кеңештерди табасыз (Забур 119:105).

Келечекке ишенимдүү карай аласыз (Римдиктер 15:4).

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?

Ооба, болот. Буга, бери дегенде, үч себеп бар:

  • Шайкештиги. Ыйык Китепти 40ка жакын пайгамбар 1600 жылдан ашуун убакыт аралыгында жазган. Алардын көбү бири-бирин эч качан көргөн эмес. Ошентсе да алардын жазгандары бири-бирине шайкеш келип, китепти башынан аягына чейин бир эле тема байланыштырып турары байкалат.

  • Жазган кишилердин чынчылдыгы. Тарыхчылар көп учурда өз элинин кемчиликтерин жашырып коюшат. Ал эми Ыйык Китепти жазгандар өздөрүнүн да, элинин да кемчиликтерин жашырбай, ачык жазышкан (2 Жылнаама 36:15, 16; Забур 51:1—4).

  • Алдын ала айтылгандардын аткарылганы. Алсак, Ыйык Китепте байыркы Бабыл шаарынын (Вавилондун) кыйрашы жөнүндө 200 жылдай убакыт мурун алдын ала айтылган (Ышая 13:17—22). Ошондой эле ал шаардын кандайча кыйрай турганы эле эмес, басып ала турган кишинин аты да айтылган (Ышая 45:1—3).

Ыйык Китептеги алдын ала айтылган башка көптөгөн окуялар да майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган. Бул Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенин далилдеп турат (2 Петир 1:21).

 КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Ыйык Китепке ылайык жашаганыңыздын кандай пайдасы бар?

Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: ЫШАЯ 48:17, 18; 2 ТИМЕТЕЙ 3:16, 17.