Ыйык китеп адамды өзгөртө алат
ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ
Алтымыштан өтүп калган аял эмне үчүн буркандарга табынбай калган? Синтоизм динин туткан дин кызматчыга ыйык жайдагы кызматын таштап, Жахабанын Күбөсү болгонго эмне түрткү берген? Төрөлгөндө эле башкалар багып алган аялга өзүн эч кимге кереги жоктой сезбегенге эмне жардам берген? Анда алардын айтып бергендерине токтололу.
«Мен эми буркандардын кулу эмесмин». АБА ДАНСУ
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1938
ӨЛКӨСҮ: БЕНИН
МУРУН: БУРКАНГА ТАБЫНЧУ
МУРУН. Мен көлдүн жээгинде жайгашкан Со-Чахуви деген айылда чоңоюп-өскөм. Ал жер саздактуу жер болчу. Айылдагылар балык кармайт. Бодо мал, эчки, кой, чочко жана тоок багып күн көрөт. Биз жакта жолдор жок болгондуктан эл кайык, каноэлер менен каттайт. Көптөр үйдү жыгачтан, чөптөн курса, айрымдары кыштан курушат. Негизинен, эл жакыр турат. Ошентсе да кылмыштуулук шаарларга караганда азыраак.
Кичинекей кезибизде атам эжем экөөбүздү буркандарга жык толгон кечилдер үйүнө окуганы жиберген. Ал жактан диний каада-салттарга үйрөнгөнбүз. Чоңойгондо йоруба эли ыйык туткан Дудуа (Одудуа) кудайына сыйына баштадым. Ага арнап ыйык жак кургам. Ал жакка ямс, пальма майын тартуу катары алып барчумун. Үлүлдөрдү, тоокторду, көгүчкөндөрдү жана башка жаныбарларды дайыма курмандыкка чалып турчумун. Булар кымбат тургандыктан, тапкан-ташыганымдын баары эле ошол жакка кетчү.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ыйык Китепти окуй баштаганда Жахабанын жалгыз гана чыныгы Кудай экенин билдим. Ошондой эле буркандарга сыйынганыбыз ага жакпай турганын да түшүндүм (Чыгуу 20:4, 5; 1 Корунттуктар 10:14). Ошондо эмне кылышым керек экенин аңдадым. Үйүмдөгү буркандардын баарын ыргыттым жана аларга сыйынууга тиешелүү нерселердин бирин да калтырбай жок кылдым. Көзү ачыктарга барбай калдым. Каада-салттарга, сөөк коюудагы жөрөлгөлөргө катышпай калдым.
Алтымыштан өтүп калгам. Мунун баарын кылыш оңой болгон жок. Досторум, туугандарым жана кошуналарым каршы болуп, шылдыңдап жатышты. Ошондо Жахабадан туура иш кылганга күч беришин сурап тилене бердим. Накыл сөздөр 18:10догу: «Жахабанын ысмы — бекем мунара. Ага адил адам качып кирип, коопсуз болот»,— деген сөздөрдү окуганда жан дүйнөм кадимкидей тынч алып калчу.
Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барганым да аябай жардам берди. Ал жактан алардын бири-бирин аябай жакшы көрөрүн жана Ыйык Китепте айтылгандарга карманып жашаганга аракет кылышарын байкадым. Бул мага аябай таасир этти. Ушуларды көргөндө Жахабанын Күбөлөрүнүн дини чыныгы дин экенине көзүм жетти.
Аян 21:3, 4). Мен эми буркандардын кулу эмесмин. Жахабанын кулумун. Буга аябай сүйүнөм. Мен анын канатынын астынан баш маана таптым.
ПАЙДАСЫ. Ыйык Китепте айтылгандарды колдоно баштаганда балдарым менен мурункудан да жакын болуп калдым. Жалган динди таштагандан кийин жонуман оор жүктү алып салгандай эле болдум. Колдогу тыйын-тыпырдын баарын пайда-батасы жок жансыз буркандарга жумшачумун. Азыр болсо көйгөйлөрүбүздүн баарын биротоло чечип бере турган Жахаба Кудайга сыйынып жатам («Бала чагыман эле Кудайды издеп келгем». ШИНЖИ САТО
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1951
ӨЛКӨСҮ: ЖАПОНИЯ
МУРУН: СИНТОИЗМ ДИНИН ТУТКАН ДИН КЫЗМАТЧЫ БОЛЧУ
МУРУН. Мен Фукуока префектурасындагы чакан шаарда чоңоюп-өскөм. Ата-энем динчил кишилер болчу. Бала кезимен эле синтоизм дининдеги кудайларды ыйык тутканды үйрөтүшкөн. Кичинекей кезимде куткарылуу жөнүндө көп ойлончумун. Кыйналып жаткандарга аябай жардам бергим келчү. Бир жолу мектепте окуп жүргөндө мугалимдин: «Чоңойгондо ким болгуңар келет?» — деп сураганы эсимде. Классташтарымдын так-айкын максаттары бар болчу. Ошон үчүн кээ бирлери окумуштуу болом деп айтышты. Мен болсо Кудайга кызмат кылгым келерин, бул менин кыялым экенин айттым. Ошондо баары мени шылдыңдап күлүшкөн.
Мектепти бүткөндөн кийин диний окуу жайына тапшырдым. Ал жакта окуп жүргөндө синтоизм динин туткан бир дин кызматчы менен таанышып калдым. Ал колу бошой калганда эле бир кара китепти окуп отуруп калчу. Бир күнү ал менден: «Сато, бул эмне болгон китеп экенин билесиңби?» — деп сурады. Мурун ал китептин сыртын көрүп калгандыктан: «Ооба. Бул — Ыйык Китеп»,— деп жооп бердим. Ал: «Дин кызматчы болгусу келген киши ушул китепти окуп чыгышы керек»,— деп айтты.
Мен дароо эле Ыйык Китеп сатып алдым. Аны текчемдин эң көрүнүктүү жерине коюп койдум. Аяр мамиле кылчумун. Бирок аны окуганга убактым жок болчу, анткени сабактан колум бошочу эмес. Окуу жайды бүткөндөн кийин синтоисттердин ыйык жайында дин кызматчы болуп иштей баштадым. Ошентип, бала кезимдеги кыялым ишке ашты.
Бирок көп өтпөй эле ыйык жайда кызмат кылуу мен күтпөгөндөй болуп чыкты. Дин кызматчылардын көбүнүн ыйык жайга келген эл менен иши да жок болчу. Кудайга да ишенишчү эмес. Бир жолу менден жогорураак абалды ээлеген бир дин кызматчы: «Бул жакта өйдө көтөрүлгүң келсе, анда философия жөнүндө эле сүйлөшүң керек. Ишеним жөнүндө сүйлөгөнгө тыюу салынат»,— деп айтты.
Ушундай сөздөрдөн улам синтоизм дининен иренжип калдым. Ыйык жайда кызмат кылып жатып эле башка диндерге кызыга баштадым. Бирок алардын бири дагы купулума толгон жок. Диндер жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, алардан ошончолук көңүлүм кала берди. Мага чыныгы дин жоктой сезилди.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. 1988-жылы бир буддист мени Ыйык Китепти окуганга үндөдү. Ошондо Ыйык Китепти окуп чыгышың керек деген баягы дин кызматчыны эстедим. Анан окуп көрөйүн дедим. Ушунчалык кызыккандыктан баш көтөрбөй окудум. Кээде каш карайгандан таң агарганга чейин окучумун.
Көбүрөөк окуган сайын Ыйык Китепте жазылган Кудайдан тиленгим келе баштады. Ошон үчүн Иса пайгамбар үйрөткөн, Матай 6:9—13-аяттарда жазылган тиленүүдөгү сөздөрдү айтып тиленейин деп чечтим. Ыйык жайда жүрсөм деле, ошону эки саат сайын кайталай берчүмүн.
Ыйык Китепти окуп жатканда аябай көп суроолор туулду. Аялыма Жахабанын Күбөлөрү келип кеткендиктен, алардын Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүрүп берерин билчүмүн. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүн издей баштадым. Алардын бирине жолукканда суроолорумду жаадырдым. Ал ар бир суроомо Ыйык Китепти ачып жооп берип жатты. Буга аябай таң калдым. Анан мага Ыйык Китепти изилдегенге жардам бере турган бир кишини ээрчитип келди.
Көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына бара баштадым. Башында байкаган эмесмин, көрсө, ал жыйналышта мен мурун орой мамиле кылган Жахабанын Күбөлөрү да бар экен. Ошого карабай алар мени жылуу-жумшак тосуп алып, аябай жакшы мамиле кылышчу.
Жыйналыштан Кудайдын күйөөлөрдөн аялын сүйүп, үйүндөгүлөрүнө жылуу мамиле кылышын күтөрүн билдим. Чынын айтсам, дин кызматчылык жумушума баш-отум менен кирип кеткендиктен аялыма да, эки балама да көңүл бурбай калгам. Ойлонуп көрсөм, ыйык жайга сыйынганы келгендердин арыз-муңун бүт дитимди коюп, аялымды болсо эч качан кунт коюп угуп көрбөптүрмүн.
Ыйык Китепти изилдеп жатып Жахаба жөнүндө көп нерселерди билдим. Мунун аркасында ага жакыныраак болуп калдым. Өзгөчө, Римдиктер 10:13тө жазылган сөздөр жүрөгүмдү козгоду. Ал жерде: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— деп айтылган. Мен бала чагыман эле Кудайды издеп келгем. Акыры, аны таптым.
Синтоисттердин ыйык жайында өзүмдү чоочун сезе баштадым. Башында синтоизм дининен чыксам, эл эмне дейт деп сарсанаа болуп жүрдүм. Бирок эгер чыныгы Кудайды тапсам, анда бул динди таштайм деп ойлонуп жүрчүмүн. Ошентип, 1989-жылдын жазында абийириме ылайык иш кылайын деп чечтим. Синтоисттердин ыйык жайынан кетип, өзүмдү толугу менен Жахабанын колуна тапшырдым.
Ыйык жайдан кетиш оңой болгон жок. Менден жогорураак абалды ээлеген дин кызматчылар урушуп, «бул жакта кал» деп кысым көрсөтүштү. Баарынан да муну ата-энеме айтыш оор болду. Алардыкына баратканда ушунчалык тынчсыздангандыктан жүрөгүм мыкчылып, бутум тушалып калгандай эле болду. Жолдон көп жолу токтоп, Жахабадан күч сурап кайра-кайра тиленип жаттым.
Үйгө киргенден кийин эмнеге келгенимди айта албай аябай кыйналдым. Ошентип, бир нече саат өтүп кетти. Көп жолу тиленгенден кийин, акыры, атама баарын түшүндүрүп бердим. Чыныгы Кудайды тапканымды жана ага кызмат кылышы үчүн синтоизм динин таштаганымды айттым. Ал аябай жаман болуп, нес болуп туруп калды. Тууган-туушкандар да келип, чечимимди өзгөрттүргөнгө аракет кылышты. Алардын жүрөгүн ооруткум келген жок. Бирок ошол эле учурда Жахабага кызмат кылганым эң туура экенин түшүнүп жаттым. Убакыттын өтүшү менен үйдөгүлөр менин чечимимди туура көрүп, сыйлап калышты.
Ыйык жайдан кеткеним менен, ой жүгүртүүмдү өзгөртүү оңойго турган жок. Дин кызматчы болуп жүргөндүктөн, мурунку диниме байланыштуу нерселер кан-жаныма сиңип калыптыр. Ошонун баарын унутканга аракет кылсам деле, кандайдыр бир буюм-тайымдарды көргөндө кайра эле эстей берчүмүн.
Мурунку динимдин таасиринен арылганга эки нерсе жардам берди. Биринчиден, аны менен байланышы бар нерселердин баарын, мисалы, китептерди, сүрөттөрдү, кымбат баалуу буюмдарды чогултуп туруп, өрттөп жибердим. Экинчиден, Жахабанын Күбөлөрү менен көбүрөөк аралашканга аракет кылдым. Алар менен болгон достугум, алардын колдоосу аябай жардам берди. Кыбыраган кыр ашат дегендей, бара-бара мурунку жашоом артта калды.
ПАЙДАСЫ. Мурун аялыма, бала-бакырама көп көңүл бурчу эмесмин, ошон үчүн алар жалгызсырачу. Бирок Ыйык Китептеги күйөөлөргө берилген кеңешке кулак кагып, алар менен көбүрөөк убакыт өткөрө баштагандан тартып бири-бирибизге ынак болуп калдык. Бир нече убакыттан кийин аялым да мага кошулуп Жахабага кызмат кыла баштады. Азыр уулум, кызым, күйөө балам болуп баарыбыз чыныгы Кудайга биримдикте кызмат кылып жатабыз.
Бала кездеги Кудайга кызмат кылгым келет, башкаларга жардам бергим келет деген кыялым тууралуу айта турган болсом, ал толугу менен орундалды. Бул үчүн Жахабага канчалык ыраазы экенимди сөз менен айтып жеткире албайм.
«Мага бир нерсе жетишпей жаткандай эле боло берчү». ЛИННЕТ ХОКТИҢ
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1958
ӨЛКӨСҮ: ТҮШТҮК АФРИКА
МУРУН: ӨЗҮН ЭЧ КИМГЕ КЕРЕГИ ЖОКТОЙ СЕЗЧҮ
МУРУН. Мен кылмыштуулук азыраак, эл орто жашаган Жермистон деген шаарда төрөлгөм. Ата-энем мени бага албайбыз деп ойлоп, төрөлгөнүмдөн кийин эле таштап кетиптир. Ошентип, жарык дүйнөгө келгениме 14 күн болгондо мени башка бирөөлөр багып алыптыр. Алар мени мээримине бөлөп чоңойтушту. Аларды ата-энемдей эле көрчүмүн. Бирок алар менин ата-энем эмес экенин билгенде өзүмдү эч кимге кереги жоктой сездим. Багып алган ата-энемдин колунда өзүмдү чоочун сезип, алар мени түшүнбөй жаткандай сезиле баштады.
16 жаштарга келип калганда досторум менен ар кандай барларга барып, ал жактан музыка угуп, бийлечүбүз. 17ге чыкканда тамеки тарта баштадым. Тамекинин жарнамасындагы кыздардай болуп кымча бел болгум келчү. 19га келгенде болсо Йоханнесбургда иштей баштадым. Бат эле жаман досторду таап алдым. Оозуман ак ит кирип, кара ит чыкчу, тамекини буркуратып тартчумун. Дем алыш күндөрү болсо дайынымды таппай калганга чейин иччүмүн.
Ошентсе да спорт менен машыкчумун. Дайыма көнүгүү жасап, кыздардын футболу жана башка ушу сыяктуу оюндарга катышып турчумун. Ошондой эле жумушума бар күчүмдү салып, компьютер жаатында мыкты адис болгонго умтулчумун. Ошонун аркасында жакшы таба баштадым. Көптөр мени ийгиликке жеткен адис катары эсептешчү. Бирок, чынында, бактысыз болчумун. Жан дүйнөм каңгырап бош болуп, өзүмдүн жашоом өзүмө жакчу эмес. Мага бир нерсе жетпей жаткандай эле боло берчү.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ыйык Китепти окуй баштаганда Жахабанын бизди ушунчалык жакшы көрөрүн билдим. Ошондуктан ал өзүнүн Сөзүн, Ыйык Китепти, бериптир. Аны Жахаба жолубузга багыт бериш үчүн жаздырган катка салыштырса болот (Ышая 48:17, 18). Анын сүйүүсүнөн улам берген жетекчилигинин пайдасын көргүм келсе, жашоомду бир топ өзгөртүшүм керек экенин түшүндүм.
Адеп чөйрөмдү алмаштырышым керек болду. Накыл сөздөр 13:20да жазылгандар жөнүндө терең ой жүгүрттүм. Ал жерде: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат»,— делет. Бул аяттагы сөздөр эски досторум менен мамилемди үзүп, жаңы досторду Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан издегенге түрткү берди.
Баарынан да, тамекини ташташ кыйын болду, анткени ансыз тура алчу эмесмин. Акырындап отуруп, аны таштадым. Бирок башка бир көйгөйгө туш болдум. Тамекини таштагандан кийин 13 килограммга толуп кеттим. Ошондо аябай жаман болгом. Кайра мурунку калыбыма келип арыктаганга 10 жылдай кетти. Ошентсе да тамекини таштаганым туура экенине шектенген жокмун. Жахабадан дайыма тиленчүмүн. Ал мага күч берип жатты.
ПАЙДАСЫ. Азыр ден соолугум кыйла жакшы. Мурункудай болуп, жумуш, коомдо ээлеген абал же байлык бактылуу кылат деп алардын артынан сая түшпөй калдым. Азыркы жашоом өзүмө жагат. Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды башкаларга айтып жатам. Бул мага терең канааттануу тартуулайт. Жолдошум экөөбүз Жахабага чогуу кызмат кылып жатабыз. Мурун чогуу иштешкен кыздардын үчөөсү да Жахабанын Күбөсү болду. Мени багып алган ата-энеме алар көз жумардын алдында Кудай аларды жерде боло турган бейиш заманда кайрадан тирилтерин айтканыма аябай сүйүнөм.
Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүткөндөн кийин өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезбей калдым. Ал мени дүйнө жүзүндөгү ишенимдештеримен турган чоң үй-бүлөсүнө кошуп алды. Эми менин апам да, атам да, ага-инилерим да, эже-сиңдилерим да бар деп айта алам (Марк 10:29, 30).
[12-беттеги сүрөт]
Жахабанын Күбөлөрүнүн бири-бирин чындап жакшы көрөрүн байкадым
[13-беттеги сүрөт]
Мен мурун кызмат кылган синтоисттердин ыйык жайы