Кудайга эмне үчүн Иса аркылуу кайрылышыбыз керек?
Иса пайгамбар Кудайдан тиленүү жөнүндө көп жолу айткан. Анын күндөрүндө жашаган жүйүт диний жетекчилери «чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп алып тиленишчү». Эмне үчүн? Анткени «башкаларга көрүнгүсү» келишкен. Ооба, элдин аларды динчилдиги үчүн мактап-даңкташын көздөшкөн. «Алар көп сөз айтканда Кудай угат деп ойлогондуктан» окшош эле нерселерди кайталап узакка тиленишчү (Матай 6:5—8). Иса пайгамбар болсо мунун баары пайдасыз экенин айткан. Ушундайча ал жүрөгү таза адамдарга тиленип жатканда эмнелерден качышы керектигин түшүнгөнгө жардам берген. Бирок ал ушуну менен эле чектелген эмес.
Иса пайгамбар үйрөткөндөй, тиленгенде Кудайдын ысмынын ыйыкталышын, анын Падышалыгынын келишин жана эркинин аткарылышын каалаарыбыз көрүнүп турушу керек. Ошондой эле ал Кудайдан өзүбүзгө керектүү нерселер жөнүндө тиленсек болорун да айткан (Матай 6:9—13; Лука 11:2—4). Кудай тилегибизди кабыл кылышын кааласак, бекем ишенип, момундук менен кайра-кайра тиленгенибиз маанилүү. Иса муну ар кандай мисалдар менен түшүндүргөн (Лука 11:5—13; 18:1—14). Бирок буларды айтып эле койбостон, айткандарын иши менен бышыктаган (Матай 14:23; Марк 1:35).
Ушулардын баары шакирттерине маңыздуу тиленгенге жардам бергени шексиз. Ошентсе да Иса пайгамбар тиленүүгө байланыштуу аябай маанилүү бир ойду шакирттерине жердеги өмүрүнүн акыркы түнүндө айткан.
«Тиленүүнүн тарыхындагы чукул бурулуш»
Иса пайгамбар өмүрүнүн акыркы түнү көп убактысын ишенимдүү элчилерин кубаттап-бекемдегенге жумшаган. Так ошол маал аларга жаңы бир нерсени ачып бергенге ылайыктуу учур болчу. Ал: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген. Бир аздан кийин аларга: «Менин атыман эмне сурабагыла, Атасы Уулу аркылуу даңкталышы үчүн, баарын аткарам. Менин атыман эмне сурабагыла, аны аткарам»,— деген убада берген. Сөзүнүн аягында болсо: «Ушу кезге чейин менин атымдан эч нерсе сураган эмессиңер. Сурагыла — аласыңар. Ошондо кубанычыңар толук болот»,— деп айткан (Жакан 14:6, 13, 14; 16:24).
Бул аябай маанилүү сөздөр болгон. Бир эмгекте айтылгандай, муну «тиленүүнүн тарыхындагы чукул бурулуш» десе болот. Иса: «Кудайдан эмес, менден тиленгиле»,— деп айткысы келген эмес. Ал Жахаба Кудайга кайрылуунун жаңыча жолун үйрөткөн.
Ооба, Кудай ишенимдүү кызматчыларынын тилегин дайыма угуп келген (1 Шемуел 1:9—19; Забур 65:2). Бирок кийинчерээк ал ысрайылдыктар менен келишим түзүп, аларды эли кылып алган. Ошондон тартып Кудай тилегин кабыл кылышын каалагандардын баары ысрайыл эли Кудай тандап алган эл экенин кабыл алышы керек болчу. Ал эми Сулайман падышанын күндөрүнөн дейре Жахаба курмандыктар чалына турган жер катары ибадаткананы тандап алганын түшүнүшү керек болчу (Мыйзам 9:29; 2 Жылнаама 6:32, 33). Ошентсе да сыйынуунун мындай тартиби убактылуу эле болгон. Элчи Пабыл ысрайылдыктарга берилген Мыйзам жана ибадатканада чалынган курмандыктар «келечектеги жакшы нерселердин өзү эмес, көлөкөсү гана болгон» деп айткан (Еврейлер 10:1, 2). Ошол көлөкө чыныгы нерсеге алмаштырылышы керек болчу (Колосалыктар 2:17). Биздин замандын 33-жылынан тартып кимдир бирөөнүн Жахаба менен болгон мамилеси Мусанын мыйзамына карманганынан көз каранды болбой калган. Эми ал чыныгы нерсе менен — Иса Машаякка баш ийүү менен — тыгыз байланышта болуп калган (Жакан 15:14—16; Галатиялыктар 3:24, 25).
«Бардык ысымдардан жогору турган ысым»
Иса пайгамбар биздин досубуз катары Жахаба менен жакшы мамиледе болууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп берген. Мунун аркасында Кудай тилегибизди кабыл кылышына жол ачылган. Эмне үчүн ушунун баары Иса аркылуу гана ишке ашкан?
Баарыбыз тең күнөөлүү болуп төрөлгөндүктөн кылган иштерибиз же берген курмандыктарыбыз менен күнөөлөрүбүздү жууй албайбыз. Ыйык Кудайыбыз Жахаба менен дос болгонго татыктуу да боло албайбыз (Римдиктер 3:20, 24; Еврейлер 1:3, 4). Ал эми Иса Машаяк жеткилең өмүрүн курмандыкка чалып, адамзатты күнөөдөн куткарып алыш үчүн кымбат баа төлөгөн (Римдиктер 5:12, 18, 19). Ошон үчүн Кудайдын алдында таза болуп, «сүйлөө эркиндигине» ээ болгусу келгендердин баары Иса пайгамбардын курмандыгына ишенип, Кудайга ал аркылуу гана кайрылышы керек (Эфестиктер 3:11, 12).
Иса аркылуу тиленгенде анын Кудайдын ой-ниетиндеги, бери дегенде, үч ролун кабыл алып, ошого ишенерибизди көрсөтөбүз. 1) Ал — «Кудайдын Козусу». Анын курмандыгынын негизинде күнөөлөрүбүз кечирилет. 2) Жахаба аны тирилткен. Учурда ал «Башкы дин кызматчы» катары кундун аркасында келчү баталарды төгүп жатат. 3) Ал — «жол». Жахаба Кудай менен Иса аркылуу гана жакшы мамиледе боло алабыз (Жакан 1:29; 14:6; Еврейлер 4:14, 15).
Иса аркылуу тиленгенде аны урматтаарыбызды көрсөтөбүз. Мунун эч кандай жаман жери жок. Анткени Жахаба өзү ушуну каалайт. Ыйык Китепте: «Исанын ысмынын алдында...баары тизе бүгүшү үчүн, ар бир тил Иса Машаяктын Мырзабыз экенин ачык таанып, Кудай Атабыз даңкталышы үчүн ошентти»,— деп айтылат (Филипиликтер 2:10, 11). Баарынан маанилүүсү, Исанын атынан тиленгенде аны биз үчүн берген Жахаба Кудайды даңктайбыз (Жакан 3:16).
Биз айтып эле жүргөн сөздөрүбүздү кайталап койбой, «чын жүрөктөн» тиленишибиз керек
Ыйык Китепте Иса пайгамбардын ар кандай наамдары жана ысымдары жазылган. Алардан анын канчалык жогорку абалды ээлерин биле алабыз. Ошондой эле Исанын биз үчүн буга чейин кылган, кылып жаткан жана келечекте эмнелерди кыларын тереңирээк түшүнө алабыз. (« Исанын маанилүү ролу» деген кутучаны карагыла.) Ооба, Исага «бардык ысымдардан жогору турган ысым берилген» *. Ага «асмандагы жана жердеги бийликтин баары» да тапшырылган (Филипиликтер 2:9; Матай 28:18).
Жөн эле адат болуп калбашы керек
Эгерде Жахаба Кудайдын тилегибизди угушун кааласак, анда Иса аркылуу тиленишибиз керек (Жакан 14:13, 14). Бирок «Иса аркылуу» деген сөздөрдү жөн эле адат болуп калган үчүн эле айта бербешибиз кажет. Эмне үчүн?
Бир мисал карап көрөлү. Кайсы бир мекемеден кат алдыңар дейли. Каттын башында «Урматтуу, баланча» деп жазылып турат. Ал сөздөр ошол мекемеде иштегендердин силерге карата кандай сезимдерди туярын көрсөтүп турабы? Же алар жөн эле кат жазуунун эрежелерине ылайык ошентип жазып коюшканбы? Ооба, тиленип жатканда «Иса аркылуу» деген сөздөрүбүз жанагы каттагы сылыктык үчүн эле жазылган сөздөрдөй болбой, терең мааниге ээ болушу маанилүү. Ыйык Китеп бизди «үзгүлтүксүз тиленгенге» чакырат. Ошентсе да биз айтып эле жүргөн сөздөрүбүздү кайталап койбой, «чын жүрөктөн» тиленишибиз керек (1 Тесалоникалыктар 5:17; Забур 119:145).
Тиленип жатканда «Иса аркылуу» деген сөздөрдү көнүп калган үчүн эле айтып койгондун ордуна эмне кылсак болот? Исанын сонун сапаттары жөнүндө ойлонуп көргөнгө эмне үчүн болбосун? Анын силер үчүн кылган жана келечекте кыла турган жакшылыктары жөнүндө да ой жүгүртүп көргүлө. Тиленип жатканда Уулу аркылуу бизге көп жакшылыктарды кылып жаткан Жахаба Кудайды даңктап-даңазалагыла. Эгер ошентсеңер, Исанын: «Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал берет»,— деген убадасынын калетсиз экенине көбүрөөк ынанасыңар (Жакан 16:23).
^ 14-абз. Вайндын «Жаңы Келишимдеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгүндө» «ысым» деп которулган грек тилиндеги сөз «ысымга тиешелүү нерселердин баарын: бийликти, касиет-сапатты, жогорку абалды, улуулукту, күчтү жана теңдешсиздикти камтыйт».