Окурмандардын суроолору
Окурмандардын суроолору
Кудайдын кызматчылары эмне үчүн тост сүйлөшпөйт?
Шарап (же башка ичимдик) куюлган бокалды колго алып алып тост сүйлөө — тээ эзелтен келаткан, дүйнө жүзүнө кеңири тараган салт. Бирок, албетте, тост айтуунун ар бир өлкөдө өзүнүн өзгөчөлүгү болушу мүмкүн. Кээде тост айтылгандан кийин бокалдар кагыштырылат. Адатта, тост айткан киши кимдир бирөөгө бакыт-таалай, чың ден соолук, узак өмүр жана башка ушу сыяктуу жакшылык каалайт. Жанындагылар болсо каалоо-тилектерге кошулуп же бокалдарын көтөрүп, алып жиберишет. Көптөр муну эч кандай деле жаман жери жок, тек гана маданияттуулукка жаткан салттай көрүшөт. Бирок Жахабанын Күбөлөрү тост сүйлөшпөйт. Буга орчундуу себептер бар.
Албетте, мунун себеби Жахабанын Күбөлөрүнүн башкаларга бакыт же ден соолук каалабаганында эмес. Маселен, 1-кылымда Жахабага кызмат кылгандардын жетектөөчү кеңеши жыйналыштарга жолдогон катын «сак-саламатта болгула», «чың ден соолукта болгула» деп которсо боло турган сөз менен аяктаган (Элчилер 15:29). Жахабанын башка кызматчылары да падышаларга кайрылганда «Падышам түбөлүк жашасын!», «Падышам, түбөлүк жашаңыз!» деп айткан учурлары болгон (1 Падышалар 1:31; Некемия 2:3).
Эмесе, тост сүйлөө салты каяктан келип чыкканына токтололу. «Күзөт мунарасынын» 1968-жылдын 1-январындагы санында «Британ энциклопедиясынан» төмөнкүдөй цитата келтирилген: «Кимдир бирөөнүн ден соолугун тилеп ичимдик ичүү, сыягы, байыркы убактагы кудайлардын же өлгөндөрдүн урматына ичимдик ичүү диний салтынан келип чыккан. Гректер менен римдиктер дасторкон үстүндө отуруп өз кудайларына ичимдик тартуу кылышчу. Ошондой эле диний каада-салттар менен коштолгон тойлорунда кудайларынын же өлгөндөрдүн урматына ичишчү». Андан ары энциклопедияда: «Тирүү адамдардын ден соолугу үчүн ичүү кудайларга ичимдик тартуу кылууну билдирген салттар менен түздөн түз байланышы бар десе болот»,— деп кошумчаланган («The Encyclopædia Britannica», 1910-ж., 13-т., 121-б.).
Ал эми азыркы эмгектерде эмне деп айтылат? Ичимдик жана маданият жөнүндөгү 1995-жылы жарык көргөн бир эмгекте мындай делет: «[Тост сүйлөө] сыягы, байыркы убактагы кудайларга ыйык ичимдик тартуу кылуу салтынан калган. Ал салт боюнча, кудайларга ыйык нерселер: кан же шарап тартуу кылынып, алардан „өмүрүң узун болсун“ же „сенин ден соолугуң үчүн“ деген сыяктуу каалоо-тилектерди орундатат деп күтүлгөн» («International Handbook on Alcohol and Culture»).
Кайсы бир буюм, оймо-чийме же жөрөлгө байыркы бутпарастардын дининен тамыр алса эле, бул чыныгы Кудайдын кызматчысы аны таптакыр колдонбошу керек дегенди билдирбейт. Мисалга анарды алалы. Ыйык Китеп боюнча бир энциклопедияда: «Анар, кыязы, бутпарастардын дининде да ыйык символ катары колдонулган»,— деп жазылган. Ошентсе да Кудай байыркы учурда башкы дин кызматчынын кийиминин этегине жиптен анарларды жасаганга буйрук берген. Сулайман пайгамбар курган ибадаткананын жез мамылары да анарлар менен кооздолгон болчу (Чыгуу 28:33; 2 Падышалар 25:17). Мындан тышкары, нике шакеги да бир кезде диний мааниге ээ болчу. Бирок бүгүнкү күндө көптөр ал тууралуу билишпейт деле. Алар нике шакегин кимдир бирөөнүн жубайы бар экенинин белгиси катары эле көрүшөт.
Ал эми шараптын диний каада-салттарда колдонулушу жөнүндө эмне десек болот? Мисалы, Баал деген жалган кудайга сыйынган Шекемдин тургундары бир жолу «өздөрүнүн кудайынын үйүнө барып, ичип-жеп, Абымелекти [Гидондун уулун] каргашкан» (Бийлер 9:22—28). Ойлоп көрсөңөр, Жахабага сыйынгандар аларга кошулуп ичип, жалган кудайдан Абымелектин каргышка калышын тилейт беле? Амос деген пайгамбар Жахабадан баш тартып кеткен ысрайылдыктар тууралуу сөз кылып: «Ар бир курмандык жайынын жанында жатышат. Кимди айыпка жыгышса, ошонун шарабын өз кудайларынын үйүндө ичишет»,— деген (Амос 2:8). Чыныгы Кудайга сыйынгандар жалган кудайларга шарап тартуу кылынган же алардын урматына шарап ичилген той-топурларга катышат беле? (Жеремия 7:18) Же болбосо шарап куюлган идишин көтөрүп, кайсы бир кудайдан кимдир бирөөнүн келечегине таасир этишин же ага батасын беришин суранат беле?
Кызыктуусу, Жахабага, чыныгы Кудайга, сыйынгандар да кээде колун жогору көтөрүп, андан жардам сурашчу. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Сулайман Жахабанын курмандык жайынын алдына туруп,.. колдорун асманга көтөрүп, мындай деди: „Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба,.. сендей Кудай жок!.. Өзүң жашаган жайдан, асмандан,.. угуп, кечире көр“»,— деп жазылган (1 Падышалар 8:22, 23, 30). Дагы бир аятта: «Эзра... Жахабаны.. даңктады. Ошондо бүт эл колун көтөрүп: „Оомийн! Оомийн!“ — деди да, чөгөлөп, Жахабага жерге чейин ийиле таазим кылды»,— делген (Некемия 8:6; 1 Тиметей 2:8). Мындан көрүнүп тургандай, Жахабага берилген ал адамдар колун жогору көтөрүп, жакшылык тилеп кайсы бир жалган кудайга эмес, чыныгы Кудайга кайрылышкан (Ышая 65:11).
Бүгүнкү күндө көптөр тост сүйлөгөндө кайсы бир кудайдан бата тилеп суранып жатам деп деле ойлобошу мүмкүн. Ошол эле учурда шарап куюлган бокалды эмне үчүн жогору көтөрүп жатканын да түшүндүрө алышпайт. Алардын буга көп деле маани бербегени айдан ачык. Бирок бул ошон үчүн эле чыныгы Кудайдын кызматчылары алар кылганды кыла бериши керек дегенди билдирбейт.
Жахабанын Күбөлөрү көпчүлүк кылган башка жөрөлгөлөрдү да кылбайт. Мисалы, көптөр улуттук гербди же желекти аздектээрин көрсөтүп белгилүү бир жаңсоолорду кылышат. Бирок муну сыйынуунун бир түрү деп деле көрүшпөйт. Жахабанын Күбөлөрү башкалардын ошентишине тоскоолдук кылбайт, бирок өздөрү да антпейт. Ушул сыяктуу аземдер өткөрүлөрүн билсе, алардын көбү башкалардын сезимин эске алгандыктан андай жерлерге барбай эле коюуну туура көрүшөт. Кандай болбосун, Жахабанын Күбөлөрү улутчулдукка жаткан жаңсоолорду кылышпайт. Себеби бул Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келет (Чыгуу 20:4, 5; 1 Жакан 5:21). Бүгүнкү күндө көптөр тост айтууну диний каада менен деле байланыштырбашы мүмкүн. Анткен менен Жахабанын Күбөлөрүнүн тост сүйлөбөгөнүнө орчундуу себептер бар. Бул байыркы диний каада менен байланыштуу. Атүгүл азыркы күндө да тост сүйлөө жогору жактан, кандайдыр бир табияттан тыш күчтөн бата тилөө болуп эсептелет (Чыгуу 23:2).