Кудайдын канга карата көз карашын кабыл алдым
Кудайдын канга карата көз карашын кабыл алдым
БИР ДОКТУРДУН АЙТЫП БЕРГЕНДЕРИ
ООРУКАНАНЫН кеңешме бөлмөсүндө доктурлардын алдында сүйлөп, өлүктү союунун жыйынтыгын түшүндүрүп жаткам. Өлүп калган ал кишинин залалдуу шишиги бар болчу экен. Анан мындай деп жыйынтыктадым: «Бейтаптын өлүмүнө гемолиз (кандагы эритроциттердин кыйрашы) жана бейтапка көп өлчөмдө кан куюлгандын кесепетинде бөйрөктөрдүн иштебей калышы себеп болду деп жыйынтык чыгарса болот».
Бир профессор ордунан тура калып: «Эмне, башка группадагы кан куюп салдык деген турасызбы?!» — деп кыйкырды. Мен: «Антип айтайын дегим келген жок»,— деп жооп бердим. Анан бейтаптын бөйрөгүнүн кесилип алынган бөлүктөрүнөн айрым жерлерди көрсөтүп: «Бул жерден бөйрөктө эритроциттердин лизиси (эзилип, кыйрашы) болгонун көрүп жатабыз. Өз кезегинде бул бөйрөктүн катуу жабыркап, иштебей калышына алып келген деп тыянак чыгарса болот» *,— дедим. Жагдай кызып баратты, тамагым кургап чыкты. Али жаш доктур болгонума карабай, тиги киши профессор болсо да, айтканымдан кайткым келген жок.
Ал кезде Жахабанын Күбөсү боло элек кезим эле. 1943-жылы Жапониянын түндүгүндөгү Сендай шаарында туулгам. Атам патолог жана психиатр болгондуктан, медицинаны окуп-изилдейин дедим. 1970-жылы медициналык факультеттин экинчи курсунда окуп жүрүп, Масуко деген кызга үйлөндүм.
Паталогия жаатына кадам ташташым
Окуумду аяктагыча Масуко иштеп, үй-бүлөбүздү багып жатты. Медицинага катуу кызыкчумун. Ошонун аркасында адамдын организми укмуштуудай түзүлгөнүнө таң берчүмүн. Бирок Жараткандын бар-жогу жөнүндө такыр ойлончу эмесмин. Медицинадан жашоонун маңызын табам деп ойлогом. Доктур болгондон кийин, патология жаатына — оорунун пайда болушун, жүрүшүн жана кесепетин изилдеген илимге — кадам таштайын деп чечтим.
Рак болуп өлгөндөрдүн сөөгүн союп жатып, кан коюунун натыйжалуу экенине шектене баштадым. Рактын акыркы баскычындагы бейтаптар кан агуунун кесепетинде анемияга (аз кандуулукка) чалдыгышы мүмкүн. Химиотерапия анемияны күчөткөндүктөн, доктурлар андай бейтаптарга көбүнчө кан куюуну туура көрөт. Бирок мен кан куюу тескерисинче рактын өрчүп кетишине себеп болушу мүмкүн деп шекший баштадым. Кандай болбосун, бүгүнкү күндө кан куюу иммунитетти басып салары маалым. Бул болсо өз кезегинде рактын кайрадан күч алышынын жана андай бейтаптардын өлүмгө дуушар болушунун ыктымалдуулугун жогорулатат *.
1975-жылы макаланын башында кеп кылган окуя болгон. Профессор гематология жаатында адис болгондуктан гемолизден каза болуп калган бейтапты дарылаган экен. Ошондуктан ошол бейтаптын каза болуп калганына кан куюлганы себеп болгонун айтканымда профессордун ачуусу кайнап чыкканы таң калыштуу деле болгон эмес. Бирок мен сөзүмдү андан ары уланта бердим. Акырын барып отуруп ал тынчып калды.
Оору-сыркоо да, өлүм да болбой турган заман
Ошол убактарда Жахабанын Күбөсү болгон бир апа үйгө келип, келинчегиме кабар айтыптыр. Ал кабар айтып жатып «Жахаба» деп айтыптыр. Келинчегим ал эмнени билдирерин сураса, апа: «Бул — Кудайдын ысмы», — деп жооп берген экен. Масуко бала кезинен бери эле Ыйык Китепти окуп жүрчү, бирок анын Ыйык Китебинде Кудайдын ысмы «ТЕҢИР» деген наамга алмаштырылып салыныптыр. Ошондо ал Кудайдын ысмы бар экенин билиптир.
Масуко ошол апа менен дароо эле Ыйык Китепти изилдей баштады. Бир жолу жумуштан түнкү бирде келдим. Үйгө кирерим менен келинчегим маңдайы жарыла сүйүнө: «Ыйык Китепте оору-сыркоо да, өлүм да болбой турган заман келери жазылыптыр!» — деди. Мен: «Андай болсо, сонун болбойт беле!» — дедим. Ал андан ары: «Жаңы заман босогодо турат. Сен убактыңды текке кетирбе»,— деди. Ошондо ичимен: «Эмне, доктур болуп иштебей эле кой дегени турабы?» — деген ой кылт этип, ачууланып кирдим. Ошондон кийин мамилебиз салкындай баштады.
Бирок келинчегим багынып калган жок. Тиленип алып, ылайыктуу аяттарды тандап, мага окуп берип жатты. Мага Насаатчы 2:22, 23төгү сөздөр өзгөчө таасир этти. Ал жакта: «Адам күн астында кылган бүт эмгегинен, жүрөгүнүн умтулуусунан эмне табат?.. Түн ичинде да жүрөгү тынч албайт. Бул да убаракерчилик»,— деп жазылган. Бул аяттарда так эле менин жагдайым сүрөттөлгөн экен. Мен да күндүзү тыным албай, түнкүсүн уйку бетин көрбөй медицина жаатында эмгектенгеним менен, көкүрөгүм аңгырап боппош калгандай туюлчу.
1975-жылдын июль айында жекшемби күнү эртең менен келинчегим Падышалык залына жолугушууга кетти. Мен да туруп туруп эле ал жакка барайын дедим. Залдан аялым мени көрүп, таң калып эле туруп калды. Жахабанын Күбөлөрү мени аябай жылуу тосуп алышты. Ошондон тартып жекшемби күн сайын жыйналышка бара баштадым. Болжолу, бир айдан кийин бир байке менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Жахабанын Күбөлөрү биринчи жолу келип кеткенине үч ай болгондо келинчегим чөмүлдү.
Кудайдын канга карата көз карашын кабыл алышым
Көп өтпөй эле, Ыйык Китепте ылайык, Исанын чыныгы жолдоочулары «канды колдонуудан... качышы» керектигин билдим (Элчилер 15:28, 29; Башталыш 9:4). Мен ага чейин эле кан куюунун пайдалуулугуна шектенип жүргөндүктөн Кудайдын канга карата көз карашын кабыл алуу кыйын деле болгон жок *. Мен: «Жараткан чындап эле бар болсо жана ал ушундай буйрук берсе, анда ал буйрук туура окшойт»,— деп ойлондум.
1976-жылдын март айында Ыйык Китепти изилдеп баштагандан жети ай өткөндөн кийин университеттин ооруканасында жүргүзүп жаткан изилдөөлөрүмдү токтотуп салдым. Мен эми мындан ары доктур болуп иштей албайм го деп коркуп жаткам. Бирок башка ооруканадан жумуш таап алдым. Анан 1976-жылдын май айында чөмүлдүм. Ошондо өмүрүмдү толук убакыт кызматка, тагыраак айтканда, пионердик кызматка арнаганым эң жакшы болоруна толук ынандым. Ошентип, 1977-жылдын июль айында ошол кызматка кириштим.
Кудайдын канга карата көз карашын жакташым
1979-жылдын ноябрында Масуко экөөбүз Тиба префектурасындагы жарчылардын жардамы аябай керек болгон жыйналышка которулдук. Ал жактан бир ооруканага толук эмес күн иштемей жумуш таап алдым. Жумушка чыккан биринчи эле күнү хирургдар тегеректеп алып: «Жахабанын Күбөсү турбайсыңбы. Бейтапка кан куюш керек болуп калса, эмне кыласың?» — деп такып сурай башташты.
Мен болсо: «Андай болсо, Кудайдын канга карата буйругуна ылайык иш кылам»,— деп жылуу-жумшак жооп бердим. Кансыз дарылоонун ыкмалары бар экенин жана бейтаптарыма жардам бериш үчүн колуман келгендин баарын кыларымды да түшүндүрдүм. Бир сааттай ошентип талкуулашкандан кийин башкы хирург: «Мен сени түшүндүм. Эгер кокус көп кан кетип калган бейтапты алып келип калышса, биз өзүбүз иш-аракет кылабыз, макулбу!» — деди. Негизи, башкы хирург мүнөзү оор киши катары таанымал экен. Бирок экөөбүз жай отуруп сүйлөштүк. Ошондон кийин жакшы мамиледе болуп калдык. Ал менин көз карашымды дайыма сыйлап турчу.
Ишенимимдин сыналышы
Тиба префектурасында кызмат кылып жүргөндө Эбина шаарында Жахабанын Күбөлөрүнүн Жапониядагы «Бейтел» деп аталган филиалы курулуп жаткан. Ал курулушта өз ыктыяры менен иштеп жаткан ишенимдештерибизге медициналык жардам көрсөтүш үчүн аялым экөөбүз ал жакка жума сайын бара баштадык. Бир нече айдан кийин ошол филиалда толук убакыт кызмат кылганга чакырылдык. Ошентип, 1981-жылдын март айында 500 ыктыярчы жашап жаткан убактылуу имаратка көчүп бардык. Түшкө чейин курулуш жүрүп жаткан жердеги жуунган жерлер менен дааратканаларды жууп-тазалаганга жардам берсем, түштөн кийин бейтаптарды кабыл алчумун.
Бейтаптардын арасында 1949-жылы Австралиядан Жапонияга миссионер болуп дайындалган Илма Излоб деген эже бар эле. Ал лейкемия болуп ооруп калыптыр жана доктурлар бир нече эле айлык өмүрү калганын айтышыптыр. Доктурлар Илмага кан куйдурса, өмүрүн узартарын да айткан экен. Бирок ал андан баш тартып, калган күндөрүн Бейтелде эле өткөрүүнү чечиптир. Ал учурда эритроциттердин жаралышына таасир эткен эритропоэтин сыяктуу дарылар жок эле. Кээде Илманын гемоглобини 3, 4 граммга чейин түшүп кетчү. Негизи, дени сак кишинин гемоглобининин нормасы 12—15 болушу керек. Бирок ага жардам бериш үчүн колуман келгендин баарын кыла бердим. Илма ошондон кийин дагы 7 жыл жашады. Ал өмүрүнүн аягына чейин, 1988-жылдын январына чейин, Кудайдын Сөзүнө болгон күчтүү, кыйрагыс ишенимин сактады.
Бейтелде кызмат кылып жүргөн учурда бир нече ыктыярчыга операция кылуу талап кылынган. Жакын жердеги ооруканалардагы доктурлар мактоого татырлык. Алар бизге кан куйбай эле операция жасаганга жардам беришкен. Мени операцияга байкоо салып турганга далай жолу чакырышкан. Ал тургай, кээде өзүм да катышкан учурлар болгон. Жахабанын Күбөлөрүнүн канга карата көз карашын сыйлаган доктурлардын баарына аябай ыраазымын. Алар менен кызматташып жатып, Кудай жөнүндө айтып берген учурлар болгон. Жакында эле алардын бири чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болду.
Айта кетчү нерсе, Жахабанын Күбөлөрүн кансыз дарылоого аракет кылган доктурлардын медицинага кошкон салымы абдан чоң. Кансыз хирургиялык операциялардын кан куюп кылынган операциялардан алда канча натыйжалуу экени айдан ачык болуп жатат. Изилдөөлөр кансыз дарыланган бейтаптар тезирээк сакайып кетерин жана операциядан кийин алардын абалы оордоп кеткен учурлар азыраак болорун көрсөтүүдө.
Улуу Доктурдан үйрөнө беришим
Медицинадагы жетишкендиктерге көз салып турганга аракет кылам. Бирок, баарынан маанилүүсү, биринчи кезекте Уулу Доктурдан үлгү алганга умтулам. Ал адамдын сыртынан эле баа бербестен, ички дүйнөсүн көрүп турат (1 Шемуел 16:7). Доктур катары мен да адамдарды оорусунун белгилеринин негизинде эле эмес, инсандык өзгөчөлүктөрүн эске алып дарылаганга аракет кылам. Мунун аркасында аларга сапаттуу медициналык жардам бере алам.
Дагы деле Бейтелде кызмат кылып жатам. Бирок баарынан да мага башкаларга Жахаба Кудай жана анын канга карата көз карашы жөнүндө билүүгө жардам берген аябай жагат. Улуу Доктурубуздан, Жахаба Кудайдан, оору-сыркоону, өлүм-житимди жок кылышын сурап дайым тилеп келем. (Айтып берген: Ясуси Айзава.)
[Шилтеме]
^ 4-абз. Денис Хармениңдин өз китебине жазгандарына ылайык, «кан куюлгандан кийинки гемолитикалык реакциянын жайланышы» «ошого чейин кан куйдурган, кош бойлуу болгон же органдары трансплантацияланган бейтаптарда» пайда болушу мүмкүн («Modern Blood Banking and Transfusion Practices»). Мындай жагдайларда куюлган канга каршы реакцияга себеп болгон организминдеги антителолорду «кан куюунун алдындагы кадимки изилдөөлөрдө» аныкташ мүмкүн эмес. Канга байланыштуу бир китепте: «Гемолиз төп келбеген кан атүгүл анча-мынча эле куюлганда да башталып кетиши ыктымал. Бейтаптын бөйрөктөрү иштебей калганда кандагы зыяндуу заттар чыпкаланып, чыгарылбай калгандыктан организми акырындык менен уулана баштайт» («Dailey’s Notes on Blood»).
^ 8-абз. «Клиникалык онкология журналынын» 1988-жылдын басылышында мындай делген: «Операцияга чейин, учурунда же андан кийин кан куюлган бейтаптардын сакайып кетүү ыктымалдыгы кан куюлбаган бейтаптардыкына салыштырмалуу абдан эле төмөн» («Journal of Clinical Oncology»).
^ 16-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Кан өмүрүңдү кандайча сактай алат?» (ор.) деген китепчени карагыла.
Андан тышкары, оору сыркоо менен өлүмдүн себеби Адам атадан өткөн күнөөдө экенин да билдим (Римдиктер 5:12). Ошол маалда кан тамырлардын склерозу деген ооруну изилдеп жүргөм. Жаш өткөн сайын биздин артериялар бара-бара ичкерип, чоюлчаак болбой башташат. Бул жүрөк ооруларына, мээнин кан тамырларындагы кан айлануунун начарлашына жана бөйрөк ооруларына алып келет. Кептин баары тукум кууп өткөн жеткилеңсиздикте экени акылга сыярлыктай болду. Ошондон тартып медицинага болгон сүйүүмдүн илеби кайта баштады. Көрсө, Жахаба Кудай гана оору-дарт, өлүм-житимди жок кыла алат экен!