Акай 2:1—23
2 Жетинчи айдын+ жыйырма биринчи күнү Жахаба Акай пайгамбар+ аркылуу мындай деди:
2 «Жүйүттүн башкаруучусу+ Шалтиелдин+ уулу Зоробабылга+, Жеосадактын+ уулу башкы дин кызматчы Жашыяга+ жана калган элдин баарына мындай де:
3 „Араңардан кимиңер бул үйдүн мурунку даңкын көргөнсүңөр?+ Азыркы абалы тууралуу эмне дейсиңер? Силерге мурунку даңкынан эч нерсе калбай калгандай көрүнүп жатабы?“+
4 „Бирок кайраттуу бол, Зоробабыл,— дейт Жахаба.— Кайраттуу бол+, башкы дин кызматчы Жеосадактын уулу Жашыя“.
„Бүт эл, кайраттанып, ишке киришкиле“+,— дейт Жахаба.
„Анткени мен силер менен болом+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
5 Силер Мисирден чыккан убакта, менин рухум+ силердин араңарда болгон убакта силер менен түзгөн келишимимди унутпагыла+. Коркпогула“»+.
6 «Анткени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Жакын арада+ мен асман менен жерди, деңиз менен кургактыкты дагы бир жолу солкулдатам“+.
7 „Бардык элдерди солкулдатам, ошондо бул үйгө бардык элдердин асыл заттары келет+, мен бул үйдү даңкка толтурам“+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
8 „Күмүш да, алтын да меники“+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
9 „Бул жаңы үйдүн даңкы мурунку үйдүн даңкынан алда канча ашып түшөт“+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
„Бул жерге тынчтык орнотом“+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».
10 Дарий падышанын башкаруусунун экинчи жылында, тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнү Жахаба Акай пайгамбарга+ мындай деди:
11 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Дин кызматчылардан мыйзам тууралуу мындай деп сурап көр+:
12 “Кимдир бирөө ыйык этти кийиминин этегине салып баратканда, этеги нанга, суюк тамакка, шарапка же дагы башка тамак-ашка тийип кетсе, ал нерсе ыйык болуп калабы?”“»+
Дин кызматчылар: «Жок!» — деп жооп беришти.
13 Анан Акай: «Эгер ушул нерселердин бирине өлүккө* тийип таза эмес болуп калган киши тийсечи? Ал нерсе таза эмес болуп калабы?»+ — деп сурады.
Дин кызматчылар: «Ооба, таза эмес болуп калат»,— деп жооп беришти.
14 Ошондо Акай мындай деди: «„Бул эл да, бул адамдар да менин алдымда ушундай+,— дейт Жахаба,— алардын кылган иштери, курмандыкка алып келген нерселери да ушундай. Баары таза эмес“+.
15 „Силерден суранам, бүгүндөн баштап Жахабанын ибадатканасында таш үстүнө таш коюлганга чейинки+ убак тууралуу ойлонуп көргүлө+.
16 Ал кезде жыйырма өлчөм дан алам деп барган үймөктөн он өлчөм гана алышчу, шарап куюлчу чоң идиштен элүү өлчөм шарап сузуп алганы барып, жыйырма өлчөм гана сузуп алышчу+.
17 Кылган мээнетиңердин баарын+ ысык шамал+, мөндүр менен талкаладым+, көк бастырдым+, силерди ошентип жазаладым, бирок эч кимиңер мага кайрылган жоксуңар“+,— дейт Жахаба.
18 „Силерден суранам, бүгүндөн баштап, тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнүнөн, Жахабанын ибадатканасынын пайдубалы тургузулган күндөн баштап+, булар тууралуу ойлонуп көргүлө+:
19 эгин сакталчу жериңерде үрөн калдыбы?+ Жүзүм, анжир, анар, зайтун дарагы мөмө байладыбы? Бүгүндөн баштап мен силерге батамды төгөм“»+.
20 Ошол айдын жыйырма төртүнчү күнү+ Жахаба Акайга+ экинчи жолу кайрылып, мындай деди:
21 «Жүйүттүн башкаруучусу+ Зоробабылга мындай де: „Мен асман менен жерди солкулдатам+.
22 Падышалардын тактысын көңтөрүп, элдердин падышалыктарынын күчүн кыйратам+. Арабаны да, аны айдагандарды да кулатам. Аттар мүдүрүлүп, чабандестери кулайт+, ар бири өз бир тууганынын кылычынан өлөт“»+.
23 «„Ошол күнү,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— Шалтиелдин+ уулу Зоробабыл+, менин кызматчым, мен сени чакырам,— дейт Жахаба.— Сени мөөр шакек кылам+, анткени сени тандап алдым“+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба»+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «өлгөн жанга».