Бийлер 10:1—18
10 Абымелек өлгөндөн кийин, Ысрайылды куткарыш үчүн+ Исахар уруусунан Додонун небереси, Пуянын уулу Тола чыкты. Ал Эпрайымдын тоолуу аймагындагы+ Шамирде жашачу.
2 Тола Ысрайылда жыйырма үч жыл бий болгондон кийин көз жумуп, Шамирге коюлду.
3 Андан кийин Ысрайылда гилаттык+ Жайыр жыйырма эки жыл бий болду.
4 Анын отуз эшекке минип жүргөн отуз уулу бар эле+. Алардын Гилатта отуз шаары бар болчу, ал шаарлар ушул күнгө чейин Хабот-Жайыр+ деп аталат.
5 Жайыр көз жумуп, Камонго коюлду.
6 Ысрайыл уулдары кайрадан Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла башташты+. Алар Баалдарга+, Астарталарга+, ошондой эле сириялыктардын+, сидондуктардын+, мааптыктардын+, Амон уулдарынын+ жана пелиштиликтердин+ кудайларына кызмат кылып кетишти. Алар Жахабаны таштап коюшту, ага кызмат кылбай калышты+.
7 Ошондуктан Жахабанын Ысрайыл уулдарына каары кайнап+, аларды пелиштиликтер+ менен Амон уулдарынын+ колуна салып берди*+.
8 Алар ошол жылы Иордандын чыгышында, аморлуктардын Гилат жеринде, жашаган бардык Ысрайыл уулдарын эзип, катуу кысымга алышты, он сегиз жыл бою ошентишти.
9 Амон уулдары Жүйүт, Бенжемин жана Эпрайым уруулары менен согушуу үчүн Иордандан өтүштү. Ысрайыл абдан оор абалга туш болгондуктан+,
10 Ысрайыл уулдары: «Кудайыбыз, биз сага каршы күнөө кылдык+, сени таштап, Баалдарга кызмат кылып кеттик» — деп+, Жахабага жардам сурап кайрыла башташты+.
11 Жахаба аларга мындай деди: «Силерди мисирликтер+, аморлуктар+, Амон уулдары+, пелиштиликтер+,
12 сидондуктар+, Амалыктын тукумдары+ жана мидиандыктар+ кысымга алып+, мага жардам сурап кайрылганыңарда, мен силерди алардын колунан куткарбадым беле?!
13 Силер болсо мени таштап+, башка кудайларга кызмат кылып кеттиңер+. Ошон үчүн эми силерди куткарбайм+.
14 Баргыла, өзүңөр тандап алган+ кудайлардан жардам сурагыла+. Башыңарга мүшкүл түшкөндө, ошолор куткарсын».
15 Бирок Ысрайыл уулдары Жахабага: «Биз күнөө кылдык+. Эми бизди эмне кылам десең, өзүң бил+. Бизди куткарсаң эле болду»,— дешти+.
16 Анан алар өздөрүндөгү бөтөн жерликтердин кудайларын жок кылып+, Жахабага кызмат кыла башташты+. Ошондуктан ал Ысрайылдын азап чеккенин карап тура алган жок+.
17 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Амон уулдары+ чогулуп, кошуундары менен Гилатка+ жайгашышты. Ошондо Ысрайыл уулдары да чогулуп, кошуундары менен Миспага+ жайгашышты.
18 Гилаттын эли менен төрөлөрү бири-бирине: «Бизди Амон уулдары+ менен согушууга ким баштап барат? Ким баштап барса, ал киши Гилаттын+ бүт тургундарынын башчысы болот»,— дешти.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «сатып жиберди».