Бийлер 11:1—40
11 Гилаттык+ Иптах+ күчтүү, эр жүрөк киши эле+. Ал сойку аялдын уулу болчу+. Атасынын аты Гилат эле.
2 Гилаттын аялы ага бир нече уул төрөп берген. Ал уулдары эр жеткенде Иптахка: «Сага атабыздын үйүнөн мурас берилбейт+, анткени сен бөлөк аялдын уулусуң» — деп, аны кууп жиберишти.
3 Иптах бир туугандарынан качып, Топ жерине+ барды да, ошол жерде жашап калды. Иптахтын жанына жумушу жок бош жүргөн кишилер чогулуп, аны менен бирге жортуулга чыгып жүрүштү+.
4 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Амон уулдары Ысрайылга каршы согуш ачышты+.
5 Алар Ысрайыл менен согуша башташканда+, Гилаттын аксакалдары+ дароо Топ жерине+ барып, Иптахка:
6 «Бизге келип, аскер башчы бол, Амон уулдары менен согушалы»,— дешти.
7 Иптах аларга: «Силер мени жек көрүп, атамдын үйүнөн кууп жибербедиңер беле?+ Эми башыңарга кыйынчылык түшкөндө, мага эмнеге келдиңер?» — деди+.
8 Гилаттын аксакалдары: «Ошон үчүн сага келбедикпи+. Биз менен барып, Амон уулдары менен согуш. Ошондо Гилаттын бүт тургундарынын башчысы болосуң»,— дешти+.
9 Иптах аларга: «Эгер силер менен барып, Амон уулдары менен согушсам жана Жахаба аларды менин колума салып берсе+, анда мен силердин башчыңар болом!» — деди.
10 Алар: «Эгер сен айткандай кылбасак+, анда сени менен биздин ортобузда Жахаба өзү күбө болсун»,— дешти+.
11 Иптах Гилаттын аксакалдары менен кетти. Эл аны өздөрүнө башчы жана аскер башчы кылып дайындады+. Иптах бул сөздөрдүн баарын Миспада+ Жахабанын алдында айтты+.
12 Иптах Амон уулдарынын+ падышасына кишилерин жөнөтүп: «Менин жериме кирип келип, мени менен согушкудай, менде эмнең бар?» — деп айттырып жиберди+.
13 Амон уулдарынын падышасы анын кишилерине: «Мисирден чыгып келатканда+ Ысрайыл Арнондон+ тартып Жабокко чейинки, Иорданга+ чейинки жерлеримди тартып алган. Эми жеримди кайра тынчтык менен кайтарып бер»,— деди.
14 Бирок Иптах ага дагы кишилерин жөнөтүп,
15 мындай деп айттырып жиберди:
«Иптах мындай дейт: „Маап жери+ менен Амон уулдарынын+ жерин Ысрайыл тартып алган эмес.
16 Мисир жеринен чыккандан кийин Ысрайыл чөл кезип, Кызыл деңизге+, анан Кадешке+ келген.
17 Ал Эдом+ падышасына киши жиберип: “Сенин жериң менен өтүп кеткенге уруксат эт”,— деп суранганда, Эдом падышасы макул болбой койгон. Андан соң Маап+ падышасына да киши жиберген, бирок ал да макул болбой койгон. Ошондуктан Ысрайыл Кадешке+ келип токтогон.
18 Чөл менен келатканда алар Эдом менен Маап жерин айланып өтүшкөн да+, Маап жеринин чыгыш тарабына келип+, кошуундары менен Арнон аймагына жайгашышкан. Арнон Мааптын чек арасы болчу+, андыктан алар Маап жерине киришкен эмес+.
19 Андан кийин Ысрайыл аморлуктардын падышасы Сихонго, Хешпон падышасына+, киши жиберип: ”Сенин жериң аркылуу өзүмдүн жериме өтүп кеткенге уруксат эт“,— деп айттырган+.
20 Бирок Ысрайылга ишенбегендиктен Сихон ага өзүнүн жеринен өтүүгө уруксат берген эмес. Ал бүт элин чогултуп, Жааска+ кошуунун жайгаштырып, Ысрайыл менен согуша баштаган+.
21 Ошондо Ысрайылдын Кудайы Жахаба Сихон менен анын бүт элин Ысрайылдын колуна салып берген. Ысрайыл аларды кырып, ал жерде жашаган аморлуктардын бүт жерин ээлеп алган+.
22 Алар аморлуктардын Арнондон Жабокко чейинки, ошондой эле чөлдөн Иорданга чейинки жерлеринин баарын ээлеп алышкан+.
23 Ошентип, Ысрайылдын Кудайы Жахаба аморлуктарды өзүнүн ысрайыл элинин алдынан кууп чыккан+. Сен болсо Ысрайылды кууп чыгам дейсиң.
24 Сага кудайың Кемос+ кимдердин жерин берсе, сен ошолордун жерин ээлеп алган эмес белең? Биз да Жахаба Кудайыбыз бизге кимдердин жерин берсе, ошолордун жерин ээлеп алабыз+.
25 Мааптын падышасы Зипор уулу Балактан сенин эмнең артык?+ Ал Ысрайыл менен талашып-тартышты беле же аны менен согушту беле?
26 Ысрайылдын Хешпондо жана ага караштуу шаарларда+, Ароерде+ жана ага караштуу шаарларда, ошондой эле Арнондун боюндагы шаарларда жашаганына үч жүз жыл болду. Эмнеге ал жерлерди ошол убакта тартып алган жоксуңар?+
27 Мен сага каршы эч кандай күнөө кылган жокмун. Сен болсо мага согуш ачып, туура эмес кылып жатасың. Ысрайыл уулдары менен Амон уулдарын Жахаба Сотубуз+ өзү соттосун“».
28 Иптахтын айттырып жиберген сөздөрүнө Амон уулдарынын падышасы кулак салган жок+.
29 Ошондо Иптахка Жахабанын руху түшүп+, ал Гилат менен Менашеден, Гилаттагы Миспеден өтүп+, Амон уулдарына жөнөдү.
30 Анан Иптах Жахабага мындай деп ант берди+: «Эгер сен Амон уулдарын колума салып берсең,
31 анда Амон уулдары менен болгон согуштан жеңиш менен кайтып келгенимде+, үйүмдөн мени ким тосуп чыкса, ошол Жахабага таандык болот+, мен аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалам»+.
32 Ошентип, Иптах Амон уулдары менен согушканы барды. Жахаба аларды анын колуна салып берди.
33 Иптах аларды Ароерден Минитке+ чейин кырып, жыйырма шаарын басып алды. Ал аларды Абыл-Керамимге чейин кырып, абдан көп кишисин өлтүрдү. Ошентип, Амон уулдары Ысрайыл уулдарына багынып беришти.
34 Акыры, Иптах Миспага+, үйүнө кайтып келгенде, кызы дап кагып, бийлеп алдынан тосуп чыкты+. Ал анын жалгыз кызы болчу, андан башка эркек баласы да, кызы да жок болчу.
35 Аны көргөндө Иптах кийимин айрып жиберип+: «Аттиң ай, кызым, жүрөгүмдү жаралабадыңбы! Мен кетире турган киши сен болуп калбадыңбы! Мен Жахабага убада берип койгом, эми аны буза албайм»,— деди+.
36 Ошондо кызы: «Ата, эгер Жахабага убада берип койгон болсоңуз, анда ал убадаңызды аткарыңыз+, анткени Жахаба сиз үчүн душмандарыңыздан, Амон уулдарынан, өч алды»,— деди.
37 Анан: «Сизден суранарым, мени эки айга коё бериңиз, так өтө тургандыктан+ курбу кыздарым менен тоого чыгып, ыйлап келейин»,— деди.
38 Атасы: «Барып кел» — деп, аны эки айга коё берди. Ал курбу кыздары менен тоого чыгып, өмүрү өткөнчө турмуш курбай турганына ыйлады.
39 Эки айдан кийин атасына кайтып келгенде, атасы ага байланышкан убадасын аткарды+. Ошентип, Иптахтын кызы так өттү. Ошондон тартып Ысрайылда мындай салт пайда болгон:
40 жыл сайын ысрайылдык кыздар гилаттык Иптахтын кызын мактаганы барышат. Алар анын жанында жылына төрт күн болушат+.