Бийлер 18:1—31
18 Ал кезде Ысрайылда падыша жок болчу+. Дан+ уруусундагылар өздөрүнө жашаганга жер издеп жүрүшкөн, анткени Ысрайыл урууларынын арасынан үлүшкө алган жери тардык кылып жаткан эле+.
2 Ошондуктан Дан уулдары өздөрүнүн уруусунан, Сора+ менен Эштаолдо+ жашагандардын арасынан, эр жүрөк беш кишини тандап: «Барып, жер чалып келгиле» — деп, аларды жер чалып келүүгө+ жөнөтүштү. Бир канча убактан кийин ал кишилер Эпрайымдын тоолуу аймагына+ барып, Микейдин+ үйүнө түнөп калышты.
3 Анын үйүнүн жанында турганда алар жаш лебинин үнүн таанып, аныкына барышты да: «Сени бул жакка ким алып келди? Бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Эмнеге келдиң эле?» — деп сурашты.
4 Леби: «Микей мени дин кызматчы+ кылып жалдап алды» — деп+, анын ал үчүн эмнелерди кылганын айтып берди.
5 Ошондо тигилер: «Жолубуз шыдыр болобу же жокпу, Кудайдан+ сурап билип берчи»,— дешти+.
6 Дин кызматчы аларга: «Эч тынчсызданбай бара бергиле, бараткан жолуңарда Жахаба силер менен болот»,— деди.
7 Ал беш киши андан ары жолун улап, Лаишке+ барышты. Ал жактагы элдин сидондуктарга окшоп тынч, бейкапар, эч кимге көз каранды болбой жашап жатканын көрүштү+. Аларга кол салып, тынчын алган эч ким жок эле. Андан сырткары, алар сидондуктардан+ алыс жашап, башкалар менен эч кандай иши жок болчу.
8 Акыры, чалгынчылар Сора+ менен Эштаолго+, бир туугандарына кайтып келишти. Бир туугандары алардан: «Кандай барып келдиңер?» — деп сурашты.
9 Алар: «Жүргүлө, аларды басып алалы. Биз ал жерди көрүп келдик, укмуштай сонун жер экен+. Ойлонуп отурбай, тезирээк барып, аны басып алгыла+.
10 Барганыңарда бейкапар жашап жаткан элди көрөсүңөр+, жери да кенен. Ал жакта бүт баары бар+, Кудай аны силерге берди»,— дешти+.
11 Ошондо Дан+ уруусунан 600 киши куралданып алып, Сора менен Эштаолдон жолго чыгышты+.
12 Алар Жүйүт жериндеги Кириат-Жеаримдин+ жанына барып, кошуундары менен жайгашышты. Ошондуктан Кириат-Жеаримдин батыш тарабындагы ал жер ушул күнгө чейин Махане-Дан*+ деп аталат.
13 Ал жактан алар Эпрайымдын тоолуу аймагына бет алып, Микейдин+ үйүнө барышты.
14 Лаиш жерин+ чалганы барган беш киши+ жанындагы бир туугандарына: «Билесиңерби, бул үйлөрдүн биринде эфод, терафим+ жана башка буркандар+ бар. Эми эмне кылышты ойлонуп көргүлө»,— дешти+.
15 Анан алар Микейдин үйүнүн жанындагы жаш лебинин+ үйүнө барып, анын ал-жайын сурап+, аны менен сүйлөшүп калышты.
16 Дан уулдары,+ курал-жаракчан+ 600 киши, ал учурда дарбазанын жанында турушту.
17 Жер чалганы барган беш киши+ эфодду+, терафимди+ жана башка буркандарды+ алыш үчүн үйгө киришти. (Дин кызматчы+ болсо курал-жаракчан 600 киши менен дарбазанын жанында турган эле.)
18 Алар Микейдин үйүнө кирип, эфодду, терафимди жана башка буркандарды+ алышты. Дин кызматчы+ аларга: «Эмне кылып жатасыңар?» — деди.
19 Алар: «Акырын, унчукпай биз менен жүр да, бизге кеңешчи*+, дин кызматчы бол+. Бир кишинин үйүндө дин кызматчы болгонуң жакшыбы+ же бир урукка, атүгүл бүтүндөй бир урууга дин кызматчы болгонуң жакшыбы?» — дешти+.
20 Бул дин кызматчыга жагып калгандыктан+, ал эфодду, терафимди жана оюлуп жасалган бурканды+ алып, алар менен жөнөдү.
21 Алар ал жерден чыгып, жолун улантышты. Мал-мүлк менен балдарды алдыга коё беришти+.
22 Дандын уулдары Микейдин үйүнөн узап кетишкенде, Микейдин+ кошуна-колоңдору чогулуп, аларды кууп жөнөштү.
23 Алар Дандын уулдарынын артынан кыйкырышканда, Дандын уулдары Микейге: «Эмне болду?+ Бул элдин баарын эмнеге чогултуп алдың?» — дешти.
24 Ал: «Мен жасаган+ кудайларды+ да, дин кызматчымды+ да алып кетиптирсиңер. Мага эчтеке калтырбаптырсыңар+. Анан: „Эмне болду?“ — дегениңер кандай?» — деди.
25 Дандын уулдары ага: «Үнүңдү чыгарба, болбосо каары кайнап турган+ бул кишилер кол салса, өзүң да, үйүңдөгүлөрүң да жаныңардан айрыласыңар»,— дешти.
26 Анан жолун улап кете беришти. Алардын алда канча күчтүү экенин+ көрүп, Микей үйүнө кайтты.
27 Дандын уулдары Микей жасаган кудайларды жана анын дин кызматчысын+ алып, Лаишке+ барышты да, тынч, бейкапар жашап жаткан+ элге кол салып, аларды кылыч менен кырып+, шаарын өрттөп салышты+.
28 Аларды куткарар эч ким болгон жок, анткени алар Сидондон+ алыс жашап, башкалар менен эч кандай иши жок болчу. Ал шаар Бет-Рекоп+ өрөөнүндө жайгашкан эле. Дандын уулдары ал шаарды кайра куруп, анда жашап калышты+.
29 Алар шаарды өздөрүнүн атасы, Ысрайылдын уулу+ Дандын атынан Дан+ деп аташты. Анын мурунку аты Лаиш эле+.
30 Анан алар оюлуп жасалган бурканды+ коюп алышты. Мусанын уулу Гершомдун+ уулу Жонатан+ менен анын уулдары болсо, ал жердегилер туткундалып кеткенге чейин+, Дан уруусуна дин кызматчы болуп кызмат кылышты.
31 Микейдин оюлуп жасалган бурканы алардыкында, чыныгы Кудайдын үйү*+ Шилодо канча турса, ошончо убакыт бою турду+.