Бийлер 19:1—30

19  Ал кезде Ысрайылда падыша жок болчу+. Эпрайымдын тоолуу аймагынын+ алыскы бир четинде бир леби жашачу. Ал Жүйүт жериндеги Бетлехемден+ токол+ алды.  Токолу бузуктук+ кыла баштады. Акыры, ал Жүйүт жериндеги Бетлехемге, атасыныкына кетип калды. Ал жерде жашаганына толук төрт ай болгондо,  күйөөсү аны менен жылуу-жумшак сүйлөшүп, кайра алып келгени жөнөдү. Жанында кулу+ менен эки эшеги бар эле. Ал барганда, токолу аны атасынын үйүнө киргизди. Атасы күйөө баласын көрүп сүйүнүп кетти.  Ал аны кетиргиси келбей алып калды. Леби аныкында үч күн түнөп, экөө ичип-жешти+.  Төртүнчү күнү алар күндөгүдөй эле эртең менен эрте турушту. Анан жөнөйүн деп жатышканда, кайнатасы ага: «Жолго чыгардын алдында бир аз тамактанып ал»,— деди+.  Алар отуруп, ичип-жешкенден кийин, кайнатасы ага: «Бүгүн да түнөп+, көңүл ачып кет»,— деди+.  Леби туруп, жөнөмөкчү болгондо, кайнатасы андан калышын сурана баштады, ошондуктан ал дагы түнөп калды+.  Леби бешинчи күнү эртең менен эрте туруп, жөнөмөкчү болгондо, кайнатасы ага: «Бир аз тамактанып ал»,— деди+. Анан экөө отуруп, кечке чейин ичип-жешти.  Андан кийин леби+ туруп, токолу+ менен кулун+ алып, жолго чыгайын дегенде, кайнатасы: «Түш ооп, бешим болуп калды, калып эле калгыла+. Бүгүн да түнөп, көңүл ачып кет+. Үйүңө эртең менен эрте туруп кетесиң»,— деди. 10  Бирок ал макул болбой, жолго чыкты да, жүрүп отуруп Жебуска+, башкача айтканда, Иерусалимге+ барды. Жанында токулган эки эшеги, токолу менен кулу бар эле. 11  Алар Жебуска жетейин деп калышканда, күн кечтеп калган эле+. Ошондо кулу мырзасына: «Жебустуктардын+ бул шаарына кирип, түнөп калбайлыбы»,— деди. 12  Бирок мырзасы: «Ысрайыл уулдарынан болбогон бөтөн элдин+ шаарына кирбей эле коёлу. Гибага+ баралы»,— деди. 13  Анан кулуна: «Жүр, же Гибага, же Рамага+ барып түнөйлү»,— деди. 14  Алар жолун улап, күн батарда Бенжемин уруусундагыларга таандык Гибага жетишти. 15  Алар түнөш үчүн Гибага киришти да, шаардын аянтына барып отурушту. Бирок эч ким аларды үйүнө түнөгөнгө чакырган жок+. 16  Ошол убакта бир абышка талаасында иштеп, кечинде+ кайтып келаткан болчу. Ал Эпрайымдын тоолуу аймагынан+ эле, бирок бир канча убакыттан бери Гибада жашачу. Гибанын тургундары болсо Бенжемин+ уруусунан болчу. 17  Абышка шаардын аянтында отурган жолоочуну көрүп, андан: «Кайда баратасың? Кайдан келатасың?» — деп сурады+. 18  Ал: «Биз Жүйүт жериндеги Бетлехемден Эпрайымдын тоолуу аймагынын тээ алыскы четине баратабыз+. Өзүм ошол жерден болом. Жүйүт жериндеги Бетлехемге+ барган элем, эми үйүмө кайтып баратам. Бул жерде мени эч ким түнөгөнгө чакырган жок+. 19  Кулуңдун эшектерине бере турган саманы да, жеми да бар+. Өзүмө да, күңүң+ менен кулума+ да жете тургандай нан+ менен шарап бар. Керектүү нерсебиздин баары бар»,— деди. 20  Ошондо абышка: «Кам санаба!*+ Кем-карчыңдын баары менин мойнумда болсун+. Аянтка түнөбөсөң эле болду»,— деди. 21  Ал аны үйүнө алып барып+, эшектерине жем берди+. Анан алар буттарын жууп+, ичип-жей башташты. 22  Алар көңүл ачып отурушканда+, шаардын бузулган+ эркектери үйдү курчап алышты да+, эшиктин алдында бири-бирин жөөлөп, абышкага: «Үйүңө келген кишини бизге чыгарып бер, биз ага жакындайбыз»,— дешти+. 23  Үйдүн ээси сыртка чыгып+: «Бир туугандарым+, жаман иш кылбагыла. Бул киши — менин үйүмө келген конок. Мындай уятсыз, акылсыз ишке барбагыла+. 24  Үйдө менин эркек көрө элек кызым менен бул кишинин токолу бар. Силерге ошолорду чыгарып берейин. Аларды зордуктап+, каалаганыңарды кылгыла. Бирок бул кишиге тийбегиле, мындай уятсыз, акылсыз ишке барбагыла»,— деди. 25  Тигилер аны уккусу да келген жок. Ошондо леби токолун+ чыгарып берди. Алар аны зордуктап+, түнү бою кыйнап+, таң сөгүлөрдө коё беришти. 26  Аял таң атканда мырзасы түнөгөн үйдүн+ алдына келип жыгылды да, жарык киргиче ошол жерде жатты. 27  Мырзасы эртең менен туруп, жолго чыгыш үчүн сыртка чыкса, токолу+ колун босогого сунган бойдон эшиктин алдында жатыптыр. 28  Ал ага: «Тур, кеттик»,— деди. Бирок эч кандай жооп болгон жок+. Ал аны эшекке артып, үйүнө жөнөдү+. 29  Үйүнө келгенден кийин ал чоң бычак алып, токолун мүчөлөп он экиге бөлдү да+, бүт Ысрайылга+ жөнөттү. 30  Аны көргөндөрдүн баары: «Ысрайыл уулдары Мисир жеринен чыккандан тартып ушул убакка чейин мындай нерсе болгон эмес, мындайды көргөн да эмеспиз. Жакшылап ойлонуп, акылдашып көргүлө да+, оюңарды айткыла»,— деп жатышты.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Сага тынчтык».