Бийлер 3:1—31

3  Ысрайылды, башкача айтканда, канаандыктар+ менен болгон согуштарга катышпагандарды сынаш үчүн+ Жахаба кууп чыкпаган элдер+ булар:  (ал аларды Ысрайыл уулдарынын ичинен мурун согушка катышпагандары тажрыйба топтоп, согушканды үйрөнүшү үчүн калтырган болчу)  пелиштиликтердин+ беш башкаруучусу+, бардык канаандыктар+, ошондой эле сидондуктар+, Лебанон тоолорунда+, Баал-Хермон тоосунан+ Хаматтын+ кире беришине чейинки жерлерде, жашаган хибиликтер+.  Ал элдер аркылуу Ысрайыл уулдарынын Жахабанын Муса аркылуу алардын ата-бабаларына берген осуяттарын+ сактаар-сактабасы сыналган+.  Ысрайыл уулдары канаандыктардын+, Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын, периздердин, хибиликтердин жана жебустуктардын арасында жашап+,  алар менен кыз алышып+, кыз беришип+, алардын кудайларына кызмат кыла башташты+.  Ысрайыл уулдары Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, өздөрүнүн Жахаба Кудайын унутуп+, ыйык устундар+ менен Баалдарга+ кызмат кылышты.  Ошондуктан Жахаба Ысрайылга каарданып+, аларды Месопатамиянын+ падышасы Кушан-Ришатайымдын колуна салып берди*+. Алар Кушан-Ришатайымга сегиз жыл кызмат кылышты.  Анан Ысрайыл уулдары Жахабага жардам сурап кайрылышканда+, Жахаба аларга куткаруучуну+, Калептин иниси+ Кеназдын+ уулу Отниелди+, жиберди. 10  Отниелге Жахабанын руху түшүп+, ал Ысрайылга бий болду. Ал согушка чыкканда, Жахаба Сириянын падышасы Кушан-Ришатайымды анын колуна салып берди+. Ошондуктан ал Кушан-Ришатайымды жеңип алды. 11  Ошондон кийин ал жерде кырк жыл тынчтык болду. Арадан убакыт өтүп, Кеназдын уулу Отниел көз жумду. 12  Ысрайыл уулдары кайрадан Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла башташты+. Алар Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылышкандыктан+, Жахаба Маап падышасы Эглондун+ Ысрайылдан күчтүү болуп кетишине жол берди+. 13  Ал Амон уулдары+ менен Амалыктын уулдарын+ чогултуп, ысрайылдыктар менен согушуп, аларды жеңип, курма дарактары өскөн шаарды+ басып алды. 14  Ысрайыл уулдары Маап падышасы Эглонго он сегиз жыл кызмат кылышты+. 15  Алар Жахабага жардам сурап кайрылышканда+, Жахаба аларга куткаруучуну, Бенжемин+ уруусундагы Геранын уулу сологой+ Эутту+, жиберди. Бир күнү Ысрайыл уулдары ал аркылуу Маап падышасы Эглонго салык берип жиберишти. 16  Эут узундугу бир чыканак болгон кош миздүү кылыч жасап+, оң капталына, кийиминин астына байлап алды да+, 17  Маап+ падышасы Эглонго салыкты алып барды. Эглон абдан толук киши болчу. 18  Эут ага салыкты+ берери менен аны көтөрүп келген кишилерди кетирип жиберди. 19  Өзү болсо Гилгалдагы+ таш казылып алынган чуңкурларга чейин барып, кайра кайтып келди да: «Падыша, сага айта турган жашыруун сөзүм бар»,— деди. Падыша: «Акырын»,— деди. Ошондо жанында тургандардын баары чыгып кетишти+. 20  Падыша өзүнүн үстү жактагы салкын бөлмөсүндө отурганда, Эут кирип: «Менде сага айта турган Кудайдын сөзү бар»,— деди. Ошондо ал тактысынан турду. 21  Эут сол колун сунуп, оң капталындагы кылычын сууруп чыгып, аны ичке сайганда, 22  кылыч сабы менен кошо кирип кетти. Эут кылычты кайра сууруп албагандыктан, анын мизин толугу менен май жаап калды. Анан заңы сыртка чыга баштады. 23  Эут болсо үстүнкү бөлмөнүн эшигин бекитип, бөлмөнү желдетүү үчүн жасалган терезеден чыгып, 24  кетип калды+. Падышанын кызматчылары келип, үстүнкү бөлмөнүн эшиги бек экенин көрүштү да: «Ал дааратканада отурса керек»,— деп коюшту+. 25  Алар күтө берип, акыры тынчсыздана башташты, бирок эшикти эч ким ачкан жок. Анан ачкычты алып, эшикти ачышса — мырзасы жерде өлүп жатыптыр. 26  Алар күтүп турганда, Эут узап кеткен болчу. Ал таш казылып алынган чуңкурлардан+ кыя өтүп, Сеирахка качып кетти. 27  Ал жакка, Эпрайымдын тоолуу аймагына+, жетери менен Эут мүйүздөн жасалган сурнай тартты+. Ысрайыл уулдары аны менен бирге тоолуу аймактан түшө башташты. Ал аларды баштап баратты. 28  Эут аларга: «Менин артымдан жүргүлө+, анткени Жахаба душманыңарды, мааптыктарды, колуңарга салып берди»,— деди+. Алар аны менен барып, мааптыктар качып кетпеш үчүн, Иордандын кечүүлөрүн басып алышты+, ал жерден эч кимди өткөрүшкөн жок. 29  Алар мааптыктардын он миң кишисин өлтүрүштү+. Алардын ар бири күчтүү+, эр жүрөк киши эле, бирок бири да качып кутулган жок+. 30  Маап ошол күнү Ысрайылга багынып берди. Ошондон кийин ал жерде сексен жыл тынчтык болду+. 31  Эуттан кийин Анаттын уулу Шамгар+ бий болду. Ал өгүз айдаган учтуу таяк менен пелиштиликтердин 600 кишисин өлтүрүп+, Ысрайылды куткарды+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сатып жиберди».