Бийлер 4:1—24

4  Эут өлгөндөн кийин, Ысрайыл уулдары Жахабанын көз алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты+.  Ошондуктан Жахаба аларды Хазордо+ бийлик кылган Канаан падышасы Жабиндин колуна салып берди*+. Анын аскер башчысы Харошет-Гоимде+ жашаган Сисера+ эле.  Анын темир чалгылары бар 900 майдан арабасы бар болчу+. Ал Ысрайыл уулдарын жыйырма жыл аёосуз эзгендиктен+, алар Жахабага жалына башташты+.  Ошол убакта Ысрайылда пайгамбар аял+ Дебора сот жүргүзүп турган эле. Ал Лапидоттун аялы болчу.  Дебора Рама+ менен Бейтелдин+ ортосунда жайгашкан Эпрайымдын тоолуу аймагындагы Деборанын курма дарагынын түбүндө отурчу. Ысрайыл уулдары ага Кудайдын чечимдерин билиш үчүн келип турушчу.  Ал Кедеш-Напталыдан+ Абынаамдын уулу Баракты+ чакыртканы киши жөнөтүп, ага: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай деп буйрук берди: „Өзүң менен кошо Напталы+ уулдары менен Забулун+ уулдарынан 10 000 киши алып, Табор тоосуна+ бар.  Мен Жабиндин+ аскер башчысы Сисераны+ майдан арабалары, аскерлери менен кошо Кишон өзөнүнө+ алып келип+, колуңа салып берем“»,— деп айттырып жиберди+.  Барак ага: «Эгер мени менен барсаң, барам, барбасаң барбайм»,— деди.  Дебора: «Мен сени менен барам. Бирок сен даңкка ээ болбойсуң, анткени Жахаба Сисераны аялдын+ колуна салып берет*»,— деди. Анан ордунан туруп, Барак менен бирге Кедешке жөнөдү+. 10  Барак Забулун+ менен Напталыны Кедешке чакырды. Ошентип, анын артынан 10 000 киши жөнөдү+. Аны менен кошо Дебора да жөнөдү. 11  Кейнилик Хебер+ кейниликтерден+, башкача айтканда, Мусанын кайнатасы+ Хобаптын уулдарынан бөлүнүп, чатырын Кедеште жайгашкан Заананимдеги чоң дарактын жанына тикти. 12  Абынаамдын уулу Барактын+ Табор тоосуна+ чыкканын Сисерага билдиришти. 13  Сисера ошо замат темир чалгылары бар 900 майдан арабасынын+ баарын, ошондой эле бүт жоокерлерин Харошет-Гоимден Кишон өзөнүнө чакыртты+. 14  Дебора Баракка: «Тур, анткени бүгүн Жахаба Сисераны колуңа салып берет. Жахаба сенин алдыңда баратат»,— деди+. Барак Табор тоосунан түштү, аны менен кошо 10 000 киши түштү. 15  Ошондо Жахаба Сисераны, анын майдан арабалары менен бүт кошуунун дүрбөлөңгө түшүрүп+, Барактын кылычы менен кыра баштады. Сисера болсо майдан арабасынан түшүп, качып жөнөдү. 16  Барак анын майдан арабалары+ менен аскерин Харошет-Гоимге чейин кууп барды+. Ошентип, Сисеранын бүт аскери кылычтан кырылды, эч кимиси аман калган жок+. 17  Сисера+ кейнилик+ Хебердин аялы Жаелдин+ чатырын көздөй чуркап жөнөдү, анткени Хазордун падышасы Жабин+ менен Хебердин үй-бүлөсүнүн ортосунда кастык жок болчу. 18  Жаел Сисеранын алдынан чыгып: «Кир, мырзам, ичкери кир. Коркпо»,— деди. Ал чатырга кирди. Аял анын үстүнө жууркан жаап койду. 19  Бир аздан кийин ал: «Таңдайым кургап кетти, бир аз суу берчи»,— деди. Аял сүт куюлган чаначтын оозун ачып+, ага ичирди да+, кайра анын үстүн жаап койду. 20  Ал аялга: «Чатырдын оозунда тур да, бирөө келип: „Чатырда бирөө барбы?“ — деп сураса, „Эч ким жок“,— деп кой»,— деди. 21  Хебердин аялы Жаел колуна чатырдын казыгы менен балканы алып, чарчаганынан катуу уктап калган Сисеранын жанына акырын басып барды да, казыкты чыкыйына коюп+, жерге житире какты. Ал өлүп калды+. 22  Барак Сисеранын артынан кууп келаткан эле. Жаел алдынан чыгып: «Кир, мен сага издеп жүргөн кишиңди көрсөтөйүн»,— деди. Ал аялдын чатырына кирип, чыкыйына казык кагылып, өлүп жаткан Сисераны көрдү. 23  Ошол күнү Кудай Канаан падышасы Жабинди Ысрайыл уулдарына багындырып берди+. 24  Ысрайыл уулдары Канаан падышасы Жабинден барган сайын күчтүү боло беришти+. Акыры алар аны өлтүрүштү+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сатып жиберди».
Сөзмө-сөз: «сатып жиберет».