Бийлер 7:1—25
7 Жерубаал+, тактап айтканда, Гидон+ жана анын жанындагы бүт эл эртең менен эрте туруп, Харот булагынын жанына жайланышты. Мидиандыктардын кошууну болсо алардын түндүк жагында, өрөөндөгү Море адырынын жанында эле.
2 Жахаба Гидонго: «Сенин жаныңдагы эл өтө көп. Ысрайыл: „Өзүмдү өзүм куткардым“+,— деп мактанбашы үчүн+, мидиандыктарды алардын колуна салып бербейм+.
3 Андыктан элге: „Кимдин үрөйү учуп, коркуп жатса, үйүнө кайтсын“+,— деп айт»,— деди. Гидон элди сынаш үчүн ошондой кылды. Ошондо 22 000 киши кетип, 10 000 киши калды.
4 Бирок Жахаба Гидонго: «Жаныңдагы эл дагы эле көп+. Аларга суунун боюна барууну буйрук кыл, мен аларды ошол жерден сынап берем. Кимди: „Бул сени менен барсын“,— десем, ал сени менен барат. Кимди: „Бул сени менен барбасын“,— десем, ал барбайт»,— деди.
5 Гидон элге суунун боюна барууну буйруду+.
Ошондо Жахаба Гидонго: «Сууну итке окшоп тили менен шалпып ичкендерди өзүнчө, тизелеп алып ичкендерди өзүнчө бөл»,— деди+.
6 Сууну кочуштап алып, шалпып ичкендердин саны 300 киши болду. Калгандарынын баары сууну тизелеп алып ичишти.
7 Жахаба Гидонго: «Мен силерди сууну шалпып ичкен 300 киши менен куткарам, мидиандыктарды сенин колуңа салып берем+. Ал эми калгандарынын баары үйүнө кете берсин»,— деди.
8 Алар кете тургандардын тамак-ашын, мүйүз сурнайларын+ алып калышты. Гидон жанына 300 кишини калтырып, калган ысрайылдыктарды үйлөрүнө коё берди. Мидиандыктардын кошууну төмөн жактагы өрөөндө эле+.
9 Ошол түнү+ Жахаба Гидонго: «Төмөн түшүп барып, кошуунга кол сал, анткени мен аны колуңа салып бердим+.
10 Эгер кол салгандан коркуп жатсаң, анда ал жакка адегенде кызматчың Пура менен барып+,
11 алардын эмне деп сүйлөшүп жатышканын ук+, ошондо кайраттанып+, кошуунга коркпой кол саласың»,— деди. Гидон кызматчысы Пура менен кошуунду күзөткөндөргө жакын барды.
12 Мидиандыктар, Амалыктын тукумдары жана Чыгышта жашаган элдер+ келип, өрөөндү чегирткедей каптап калышкан эле+. Алардын төөлөрү да эсепсиз+, деңиз жээгиндеги кумдай көп болчу.
13 Гидон барып, бир кишинин жанындагы кишиге түшүн айтып берип жатканын угуп калды. Ал: «Түшүмдө+ бир тоголок арпа нан мидиандыктардын кошуунун көздөй тоголонуп келатыптыр. Анан ал чатырга келип бир тийгенде, чатыр кулап калды»,— деп айтып жатыптыр+.
14 Тигиниси ага: «Бул — ысрайылдык Жоаштын уулу Гидондун кылычы+. Чыныгы Кудай+ мидиандыктарды жана алардын бүт кошуунун анын колуна салып берди»+,— деди+.
15 Гидон түштү жана анын чечмеленишин укканда+ Кудайга таазим кылды+. Анан ысрайылдыктардын кошуунуна кайтып барып: «Тургула!+ Жахаба мидиандыктардын кошуунун колуңарга салып берди»,— деди.
16 Ал 300 кишисин үч топко бөлүп, ар бирине бирден мүйүз сурнай+, бирден чоң кумура берди. Ар бир кумуранын ичинде шамана бар эле.
17 Гидон аларга: «Мени карап, мен кылганды кылгыла. Мен алардын конушунун четине жеткенде эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.
18 Мен жанымдагы кишилерим менен сурнай тартканда, силер да конушту айлана сурнай тартып+: „Жахаба+ менен Гидондун кылычы!“ — деп кыйкыргыла»,— деди.
19 Гидон менен анын жанындагы жүз киши конуштун четине түнкү экинчи күзөт маалында+, күзөтчүлөр жаңы эле алмашкан убакта келишти да, сурнайларын тартып+, колдорундагы чоң кумураларын талкалашты+.
20 Ошондо үч топ тең сурнайларын тартып+, кумураларын талкалашты. Анан шаманаларын сол колуна, сурнайларын оң колуна алып: «Жахаба+ менен Гидондун кылычы!» — деп кыйкырышты.
21 Алардын ар бири өз ордунда, конушту тегеректеп турушту. Конуштагылардын баары дүрбөлөңгө түшүп, кыйкырып, качып жөнөштү+.
22 Үч жүз киши+ сурнайларын тартып жатты+. Жахаба конуштагыларды бири-бирине каршы чыгаргандыктан, алар бири-бирин кылычтай башташты+. Калгандары Бет-Шитага, андан ары Серераны көздөй качып, Табаттын жанындагы Абыл-Меколанын+ чек арасына чейин барышты.
23 Ал ортодо Напталы+, Ашыр+ жана бүт Менаше+ уруусундагылар чакыртылды. Алар мидиандыктардын артынан кууп жөнөштү+.
24 Гидон Эпрайымдын бүт тоолуу аймагына+ кабарчыларды жөнөтүп: «Мидиандыктардын алдынан чыккыла да, алардан мурун барып, Бет-Барага чейинки суулардын жана Иордандын кечүүлөрүн тосуп тургула»,— деп айттырып жиберди. Эпрайым уруусундагылар чогулуп, Бет-Барага чейинки суулардын жана Иордандын кечүүлөрүн тосуп алышты+.
25 Алар мидиандыктардын Ореп менен Зеп+ деген эки төрөсүн колго түшүрүп, Орепти кийин Ореп деп аталып калган аскадан+, Зепти болсо Зептин жүзүм сыккычынын жанынан өлтүрүштү. Анан мидиандыктарды андан ары кууп жөнөштү+. Ореп менен Зептин башын Иордан аймагына+, Гидонго алып келишти.