Жеремия 50:1—46
50 Жахабанын Бабыл жөнүндө+, каздимдиктердин жери+ жөнүндө, Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөзү:
2 «Элдер арасына жар салгыла+, кабарлагыла. Белги койгула+, кабарлагыла. Эч нерсе жашырбагыла. „Бабыл басылып алынды+. Бел уят болду+. Меродахтын үрөйү учту. Бабылдын жасалма кудайлары уятка калды+, заңдай жийиркеничтүү буркандарынын үрөйү учту“,— дегиле.
3 Ага каршы түндүктөн бир эл келет+. Ал анын жерин үрөй учурарлык абалда калтырат, ошондо ал жерде эч ким жашабай калат+. Адам да, айбан да качып кетет+, жоголот»+.
4 «Ошол күндөрдө, ошол убакта+,— дейт Жахаба,— Ысрайыл уулдары Жүйүт уулдары менен бирге келет+. Алар боздоп келип+, Жахаба Кудайын издешет+.
5 Сионго кеткен жолду сураштырып, жүздөрүн ошол жакка бурушат+. „Жүргүлө, унутулгус, түбөлүктүү келишим аркылуу Жахаба менен биригели“,— дешет+.
6 Менин элим кырылып жаткан койлордун оторундай болуп калды+. Аларды койчулары адаштырып+, тоолордо айдап жүрүштү+. Алар тоолордо, адырларда тентип жүрүп, өздөрүнүн жуушаган жайын унутуп коюшту+.
7 Аларды таап алгандардын баары жеп-жутушту+. Душмандары+: „Бизде айып жок+, анткени алар Жахабага, адилдиктин турагына+, ата-бабаларынын үмүтүнө+, Жахабага, каршы күнөө кылып келишкен“,— дешти».
8 «Бабылдан качып чыккыла, каздимдиктердин жеринен кеткиле+, отордун баштанаагы болгула+.
9 Мына, мен түндүк жеринен улуу элдердин калың тобун козгоп+, Бабылга алып келем. Алар ага каршы тизилип+, аны басып алышат+. Алардын жебелери ата-энени балдарынан ажыраткан күчтүү жоокердин куру кайтпаган жебелериндей+.
10 Каздим жери олжо болот+. Аны олжологондордун баары тоёт»,+— дейт Жахаба.
11 «Силер менин мурасымды талап-тоногондо+ кубангансыңар+, шаттангансыңар. Көк шиберде оюн салган кунажындай оюн салгансыңар+, айгырлардай азынагансыңар+.
12 Энеңер катуу уят болду+, силерди төрөгөн аялдын көңүлү кайт болду+. Мына, ал — элдердин эң байкушу, кагыраган ээн талаа, чөлдүү түздүк+.
13 Жахабанын каарынан улам ал эч ким жашабаган+, таптакыр ээн калган жерге айланат+. Бабылдын жанынан өткөндөрдүн ар бири аны таң кала карап, кандай балээлерге кабылганын көрүп ышкырат+.
14 Жаа тарткандардын баары+, Бабылды курчап тизилгиле+. Аны аткылагыла+. Жебеңерди аябагыла, анткени ал Жахабага каршы күнөө кылып келген+.
15 Ага каршы туш-туштан ураан чакыргыла+. Ал багынды+, түркүктөрү кулады, дубалдары урады+. Анткени Жахаба өчүн алды+. Бабылдан өчүңөрдү алгыла. Анын кылганын өзүнө кылгыла+.
16 Бабылда үрөн сепкенди да, оруу-жыюу маалында орок оргонду да жок кылгыла+. Каргашалуу кылычтан улам ар бири өз элине кайтат, өз жерине качат+.
17 Ысрайыл — бөлүнүп калган кой+. Артынан арстандар кубалап жүрдү+. Адегенде аны Ашур падышасы мүлжүдү+, анан Бабыл падышасы Небухаданасар сөөктөрүн кемирди+.
18 Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мына, мен Ашур падышасын жазалагандай+, Бабыл падышасын да жери менен кошо жазалайм.
19 Ысрайылды өз жайытына кайра алып келем+. Ал Кармел+ менен Башанда жайылат+, Эпрайым+ менен Гилаттын+ тоолуу аймагында жаны жыргайт“».
20 «Ошол күндөрдө, ошол убакта+,— дейт Жахаба,— Ысрайылдын кылмышын издешет+, бирок табышпайт; Жүйүттүн күнөөлөрүн издешет+, бирок табышпайт, анткени мен кимдерди тирүү калтырсам, ошолорду кечирем»+.
21 «Мератайым жерине, Пекоттун+ тургундарына каршы чык+. Алар бүлгүнгө учурасын, кыйратылсын,— дейт Жахаба.— Баарын мен буйругандай кыл+.
22 Бул жерде согуштун дабышы угулуп, чоң кыйроо болуп жатат+.
23 Бүт жер жүзүнүн барсканы+ кандай сынды, кандай талкаланды!+ Бабыл элдер арасында кандай үрөй учурарлык абалга туш болду!+
24 Бабыл, мен сага тузак койдум, сен кармалдың, бирок аны өзүң билген жоксуң+. Сени таап, колго түшүрүштү, анткени сен Жахабага каршы чыккансың+.
25 Жахаба казынасын ачып, өкүмүнүн куралдарын алып чыкты+. Анткени Эгедер Теңир+, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын каздимдиктердин жеринде иши бар+.
26 Ага каршы алыскы жерлерден келгиле+, кампаларын ачкыла+. Аны эгин үйгөндөй үйгүлө да+, кыйраткыла+. Бири да тирүү калбасын+.
27 Букачарларынын баарын сойгула+. Аларды союуга жетелеп кетишсин+. Алардын башына каран түн түшөт, анткени алардын күнү, жоопко тартылар убагы келди!+
28 Бабыл жеринен качып бараткандар менен кутулгандардын үнү угулуп жатат+. Алар Жахаба Кудайыбыздын өч алганын, ибадатканасы үчүн өч алганын+ Сиондо жар салышат+.
29 Бабылга каршы жаачыларды, жаа тарткандардын баарын чакыргыла+. Анын тегерегине кошуун-кошуун болуп жайгашкыла. Эч кимиси качып кетпесин+. Ага бардык иштерине жараша тиешесин бергиле+. Анткени ал менменсинип, Жахабага — Ысрайылдын Ыйыгына — каршы иш кылды+.
30 Ошон үчүн анын уландары аянттарында сулайт+, ошол күнү бүт жоокерлери кырылат»+,— дейт Жахаба.
31 «Оо, Менменсингендик+, мен сага каршы чыгам+,— дейт Эгедер Теңир+, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Ошондуктан сенин күнүң, жоопко тартылар убагың келет.
32 Менменсингендик чалынып жыгылат+, аны эч ким тургузбайт+. Мен анын шаарларына от коём, ал от анын тегерегиндегилердин баарын жалмап кетет»+.
33 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: «Ысрайыл уулдары менен Жүйүт уулдары бирдей эзилди. Аларды туткундагандардын баары коё берүүдөн баш тартып+, бекем кармап турушат+.
34 Бирок алардын кун төлөп сатып алган Кудайы күчтүү+, анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+. Ал аларга болушат+, алардын жерине бейпилдик берип+, Бабылдын тургундарын дүрбөлөңгө салат»+.
35 «Каздимдиктерге+, Бабылдын тургундарына+, төрөлөрүнө+, акылмандарына+ кылыч жиберилет,— дейт Жахаба.—
36 Куру сөздөрдү сүйлөгөндөргө кылыч жиберилет+, ошондо алар акылсыздык менен иш кылышат+. Анын күчтүү кишилерине кылыч жиберилет+, ошондо алардын үрөйү учат+.
37 Алардын аттарына+, майдан арабаларына, арасындагы ар кошкон элине+ кылыч жиберилет, ошондо алар аялдардай болуп калышат+. Анын кенчине кылыч жиберилет+, ошондо алар таланып-тонолот.
38 Суулары жок болот, какшып калат+. Бабыл — оюп жасалган буркандардын жери+. Коркунучтуу аяндарынан улам алар акылсыздык кылып жатышат.
39 Чөл жаныбарлары улуган жаныбарлар менен бирге жашайт, ал жакта төө куштар жашайт+. Ал жерге экинчи эч ким отурукташпайт, муундан муунга анда эч ким жашабайт»+.
40 «Ал жерде Кудай Содом менен Аморду+ жана анын коңшу шаарларын кыйраткандан+ кийинкидей абал өкүм сүрөт,— дейт Жахаба.— Ал жакта эч ким жашабайт, адам баласы келгин катары отурукташпайт+.
41 Мына, түндүктөн бир эл келатат. Жердин кыйырынан+ улуу эл+, улуу падышалар көтөрүлөт+.
42 Алар жаа, кыска найза менен куралданышат+. Алар мыкаачы, ырайымсыз+. Албууттанган деңиздей+ күр-шар добуш менен, атка минип жетип келишет+. Оо, Бабыл кызы, сага каршы алар бир кишидей, аскердик тартип менен келатышат+.
43 Бабыл падышасы алар тууралуу кабар угуп+, кайраты качты+. Каран түн! Ал төрөп жаткан аялдай кыйналды+.
44 Мына, бирөө Иорданды бойлой өскөн жыш бадал арасынан чыккан арстандай болуп чыгып+, коопсуз жайытка келет. Ошондо мен эдомдуктарды өз жеринен кууп жиберем+. Анын үстүнөн өзүм тандаган бирөөнү коём+. Мага ким тең келе алат+, ким эрегише алат+, менин алдымда кайсы койчу туруштук бере алат?+
45 Ошон үчүн Жахабанын Бабылга каршы+ чыгарган чечимин+, каздимдиктердин жерине каршы ойлогон оюн уккула+: отордогу козуларды сүйрөп кетишет+. Ал алардын айынан козулардын жайытын ээн калтырат+.
46 Бабыл басылып алынганда чыккан добуштан жер солкулдайт+, элдер арасында боздогон үн угулат»+.