Закарыя 10:1—12
10 «Жазгы жамгыр жаай турган убакта+ Жахабадан жамгыр сурагыла+. Кара булутту жараткан+, адамдарга нөшөр жаадырып+, бардыгы үчүн талаага өсүмдүк өстүргөн+ Жахабадан сурагыла.
2 Анткени буркандар*+ сыйкырчылык жөнүндө айтышат, төлгөчүлөр жалган аян көрүп+, пайдасы жок түштөрдү айтышат, алардын жубатканы куру бекер+. Ошондуктан эл койдой чачырап кетет+, койчусу жок болгондуктан кыйналат+.
3 Койчуларга каарым кайнады+. Текеге окшогон жол башчыларды+ жоопко тартам+. Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба өзүнүн оторуна, Жүйүт үйүнө, назарын салып+, аларды өзүнүн согуштагы күчтүү, даңктуу аттарындай+ кылды.
4 Андан башчы+, ага жардам берген башкаруучу+, жоокерлердин жаасы+ жана көзөмөлчүлөр чыгат+, баары андан чыгат.
5 Алар согушта көчөдөгү баткакты тебелеген+ күчтүү жоокерлердей болот+. Жахаба алар менен болгондуктан+, алар согушка барышат, ошондо душмандардын атчандары уят болушат+.
6 Мен Жүйүт үйүн күчтүү кылам, Жусуптун үйүн куткарам+. Аларга жашай турган жай берип, кайрымдуулук кылам+. Ошондо алар мен аларды эч качан четке какпагандай болушат+. Анткени мен Жахабамын, алардын Кудайымын, мен аларга жооп берем+.
7 Эпрайым уулдары күчтүү жоокерлердей болушат+, жүрөктөрү шарап ичкендегидей кубанычка толот+. Муну көрүп, уулдары сүйүнүшөт+, Жахабаны ойлоп кубанышат+.
8 „Мен ышкырып+, аларды чогултам, кун төлөп сатып алам+. Алар мурун көп болгондордой көбөйүшөт+.
9 Аларды элдердин арасына үрөн сепкендей чачам+. Алыс жакта жүрүп мени эстешет+, уулдары менен бирге кайрадан жанданып, кайтып келишет+.
10 Аларды Мисир жеринен кайра алып келем+, Ашурдан чогултуп+, Гилат жери+ менен Лебанонго алып келем, бирок ал жер да аларга тардык кылат+.
11 Деңизден өтүп баратып ага алаамат түшүрөм+, анын толкундарын кыйратам+. Нилдин терең жерлери какшыйт+. Ашурдун текебердиги басынтылат+, Мисирдин падыша таягы+ жок болот+.
12 Мен, Жахаба, аларды күчтүү кылам+, алар менин ысмым менен жүрүшөт“+,— дейт Жахаба».
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «терафим».