Закарыя 13:1—9
13 Ошол күнү+ Дөөтүнүн үйү менен Иерусалимдин тургундарын күнөөлөрү+ менен жийиркеничтүү нерселеринен тазалаш үчүн+ кудук казылат+.
2 Ошол күнү,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— мен бул жерден буркандардын ысмын өчүрөм+, аларды экинчи эч ким эстебейт. Ошондой эле бул жерден пайгамбарларды+, жиндердин күчүн жок кылам+.
3 Эгер кайсы бир киши пайгамбарлык кыла турган болсо, аны жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси ага: „Сен өлөсүң, анткени Жахабанын атынан калп айтып жатасың“,— дешет. Анан жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси аны пайгамбарлык кылганы үчүн сайып өлтүрөт+.
4 Ошол күнү пайгамбарлардын ар бири өзүнүн пайгамбарлык аяны үчүн уят болот+, ошондон кийин алар башкаларды алдаш үчүн түктүү кийим кийбей калышат+.
5 Алардын ар бири: „Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, анткени мени жаш кезимде бирөө сатып алган“,— дейт.
6 Ошондо андан: „Денеңдеги жарааттар эмне болгон жарааттар?“ — деп сурашат. Ал: „Мени мени абдан жакшы көргөндөрдүн үйүндө сабашты“,— деп айтат».
7 «Кылыч, менин койчума+, менин жакыныма+, каршы сунул. Койчуну өлтүр+, койлор туш-тушка чачырап кетсин+. Мен эч нерсеге татыбагандарга ырайым кылам»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
8 Жахаба мындай дейт: «Ошол күнү жер бетиндегилердин үчтөн эки бөлүгү кырылат, жок кылынат+, үчтөн бир бөлүгү гана аман калат+.
9 Ошол үчтөн бир бөлүгүн отко салам+, аларды күмүштү эритип-тазалагандай тазалайм+, алтынды текшергендей текшерем+. Алар менин ысмымды чакырышат, мен аларга жооп кайтарам+. Мен: „Бул — менин элим“,— дейм+. Алар болсо: „Жахаба — менин Кудайым“,— дешет»+.