Закарыя 6:1—15

6  Анан мен эки тоонун ортосунда келаткан төрт арабаны көрдүм. Ал тоолор жез тоолор экен.  Биринчи арабага кызыл+, экинчи арабага кара+,  үчүнчү арабага ак боз аттар+, ал эми төртүнчү арабага темгили бар ала-була аттар+ чегилген экен.  Мени менен сүйлөшүп жаткан периштеден: «Булар эмне болгон арабалар, мырзам?» — деп сурадым+.  Периште мага: «Булар — бүт жер жүзүнүн Теңиринин+ алдына барып+ келаткан+ төрт рух*+.  Кара аттар чегилген араба түндүккө+, ак боз аттар деңиздин ары жагына, ал эми темгили бар аттар түштүккө баратышат+.  Ала-була аттар+ да өздөрү барышы керек болгон жерге баратышат»,— деди. Анан ал: «Баргыла, жерди аралап чыккыла»,— деди+. Алар жерди аралап жөнөштү.  Ал мага: «Карасаң, түндүккө кеткен аттар Жахабанын түндүккө+ кайнаган каарын басышты»+,— деп кыйкырды.  Жахаба мага дагы мындай деди: 10  «Туткунда жүргөн элдин, башкача айтканда, Хелдайдын, Тобияхтын, Жедаянын тартуусунан алып+, белгиленген күнү Бабылдан келгендер менен бирге Сепаниянын+ уулу Жошиянын үйүнө бар. 11  Күмүш менен алтындан чоң таажы жасап+, Жеосадактын уулу башкы дин кызматчы Жашыяга+ кийгиз. 12  Анан ага мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мына, Бутак+ деп аталган адам+. Ал өз ордунда чоңоюп өсүп, Жахабанын ибадатканасын курат+. 13  Жахабанын ибадатканасын куруп, кадыр-баркка ээ болот+. Ал өз тактысына отуруп, падышалык кылат, ошондой эле дин кызматчы да болот+. Бул эки кызматын тең ал тынчтыкты көздөп аткарат+. 14  Чоң таажы болсо, Хелемди, Тобияхты, Жедаяны+ жана Сепаниянын уулу Хенди эстетип турушу үчүн+, Жахабанын ибадатканасына коюлат. 15  Алыста жүргөндөр келип, Жахабанын ибадатканасын куруу ишине катышышат“+. Ошондо мени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жибергенин билесиңер+. Эгер Жахаба Кудайыңардын айтканын уксаңар+, ушунун баары ишке ашат”».

Шилтемелер

Сыягы, бул периштелерден турган төрт топту билдирет.