Закарыя 8:1—23
8 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мага дагы мындай деди:
2 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ мындай дейт: „Мен Сионду катуу кызганыч менен коргойм+. Мен катуу каарданам+, аны кызганыч менен коргойм“».
3 «Жахаба мындай дейт: „Мен Сионго кайтып келип+, Иерусалимде жашайм+. Ошондо Иерусалим ишенимдүүлүктүн шаары деп аталат+, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын тоосу+ ыйык тоо+ деп аталат“».
4 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Иерусалимдин аянттарында кайрадан кары кишилер менен карыган аялдар отурат+. Узак өмүр сүрүшкөндүктөн, ар биринин колунда таягы болот+.
5 Шаар аянттары кайрадан ойноп жүргөн балдар менен кыздарга толот“»+.
6 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Бул ошол күндөрү бул элдин аман калгандарына кыйындай сезилсе эле, мага да кыйын сезилмек беле?“+ Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба ушундай дейт».
7 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен элимди чыгыштан да, батыштан да алып чыгып+,
8 Иерусалимге алып келем, алар ошол жерде жашашат+. Алар менин элим болушат+, мен болсо алардын чыныгы, адил Кудайы болом“»+.
9 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Ушул күндөрү пайгамбарлардын ушул сөздөрүн+ — ибадаткана курулушу үчүн асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын үйүнүн пайдубалы тургузулган күнү+ айткан сөздөрүн — уккандар, кайраттуу болгула+.
10 Анткени ал күндөргө чейин адамдарга эмгек акысы төлөнгөн эмес+, үй жаныбарлары үчүн да акы төлөнгөн эмес. Душмандардын айынан кирген кишиге да, чыккан кишиге да тынчтык болгон эмес+, анткени мен адамдарды бири-бирине каршы чыгаргам“+.
11 „Мындан ары мен бул элдин аман калгандарына мурункудай мамиле кылбайм+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.—
12 Тынчтыктын үрөнү себилет+, жүзүм мөмө байлайт+, жер түшүмүн+, асман шүүдүрүмүн берет+. Мунун баарын мен бул элдин аман калгандарына+ мураска берем+.
13 Силер, Жүйүт үйү менен Ысрайыл үйү+, элдердин арасында каргышка айландыңар+. Бирок мен силерди куткарам, ошондо силер батага айланасыңар+. Коркпогула+, кайраттуу болгула“+.
14 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „”Ата-бабаларыңар мени каардантышканда, мен башыңарга мүшкүл түшүрүүнү чечкем+, ал үчүн өкүнгөн эмесмин+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.—
15 Эми болсо Иерусалим менен Жүйүт үйүнө жакшылык кылууну чечтим+. Коркпогула”“+.
16 „Силер мындай кылышыңар керек+: бири-бириңерге чындыкты айткыла+, дарбазаларыңардын алдында чындыкка ылайык сот жүргүзгүлө, тынчтыкка өбөлгө түзө турган өкүмдөрдү чыгаргыла+.
17 Жүрөгүңөрдө бири-бириңерге жамандык кылууну ойлобогула+, жалган антты жакшы көрбөгүлө+, анткени мен мунун баарын жек көрөм“+,— дейт Жахаба».
18 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мага дагы мындай деди:
19 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Төртүнчү+, бешинчи+, жетинчи+ жана онунчу айлардагы+ орозо күндөрү Жүйүт үйү үчүн кубанып-шаттана турган, майрам өткөрө турган күндөр болот+. Ошондуктан чындыкты, тынчтыкты сүйгүлө“+.
20 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Көптөгөн шаарлардын тургундары, көп элдер келе турган убак болот+.
21 Бир шаардын тургундары экинчи шаардын тургундарына барып: “Жүргүлө+, Жахабадан ырайым кылышын сураганы+, асман аскерлеринин Кудайы Жахабаны издегени баралы, биз да барабыз”,— дешет+.
22 Көптөгөн адамдар, күчтүү элдер асман аскерлеринин Кудайы Жахабаны издеш үчүн, Жахабадан ырайым кылышын сураш үчүн Иерусалимге келишет“+.
23 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Ошол күндөрү ар кандай тилде сүйлөгөн элдерден+, бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн+ этегинен кармап+, ага: “Биз силер менен барабыз+, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук”,— дешет“»+.