Лебилер 10:1—20
10 Бир канча убактан кийин Арундун уулдары Надап менен Абый+ жыпарзат салынчу идиштерине+ от менен жыпарзат+ салып, Жахабанын алдына, ал буйрук кылбаса да, мыйзамга ылайык келбеген от менен келишти+.
2 Ошондо Жахабадан от түшүп, аларды мерт кылды+, алар Жахабанын алдында өлүштү+.
3 Андан кийин Муса Арунга: «Жахаба мындай дейт: „Мага жакындагандар үчүн+ мен ыйык болушум керек+, мен бүт элдин алдында даңкталышым керек“»,— деди+. Арун унчуккан жок.
4 Муса Арундун агасы Узиелдин+ уулдары Мишаел менен Элипасанды чакырып: «Туугандарыңарды ыйык жерден конуштун сыртына алып чыккыла»,— деди+.
5 Алар узун көйнөк кийген Надап менен Абыйды, Муса айткандай, конуштун сыртына алып чыгышты.
6 Муса Арун менен анын берки уулдарына, Элазар менен Итамарга: «Өлүп калбашыңар үчүн, бүт жамаат Анын каарына калбашы үчүн+, чачыңарды тарабай койбогула+, кийимиңерди айрыбагыла. Бир туугандарыңар, бүт Ысрайыл жамааты, Жахаба өрттөп жибергендерди жоктоп ыйлашат.
7 Силер болсо өлүп калбашыңар үчүн жыйын чатырынын кире беришинен алыс кетпегиле+, анткени силер Жахабанын ыйык майы* менен майлангансыңар»+,— деди. Алар Муса айткандай кылышты.
8 Жахаба Арунга мындай деди:
9 «Жыйын чатырына киргенде, өлүп калбашыңар үчүн, сен да, уулдарың да шарап же башка күчтүү ичимдик ичпегиле+. Өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон бул көрсөтмө силерге
10 ыйыкты ыйык эместен, тазаны таза эместен айырмалап билишиңер үчүн+,
11 Ысрайыл уулдарына Жахаба Муса аркылуу берген мыйзам-көрсөтмөлөрдү үйрөтүшүңөр үчүн+ берилди».
12 Андан кийин Муса Арун менен анын тирүү калган уулдарына, Элазар менен Итамарга мындай деди: «Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуулардан калган нан курмандыгын+ алып, аны ачыткы кошпой даярдап, курмандык жайынын жанында жегиле, анткени ал абдан ыйык+.
13 Аны ыйык жерде жешиңер керек+, анткени ал — Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуулардан силерге тийген үлүш. Мага ушундай буйрук берилген.
14 Чайпалтуу курмандыгы+ катары алынып келген төштү, ыйык үлүш катары берилген сан-шыйракты+ уул-кыздарың менен таза жерде жегиле+. Анткени ал — Ысрайыл уулдары алып келген тынчтык курмандыктарынан сага жана уулдарыңа тийген үлүш.
15 Алар ыйык үлүш катары берилчү сан-шыйракты, чайпалтуу курмандыгы катары+ алынып келген төштү өрттөлүүчү тартуулардын майы менен бирге Жахабанын алдында ары-бери чайпалтуу үчүн алып келишет. Ал, Жахаба буйрук кылгандай, кылымдан кылымга сенин жана уулдарыңдын үлүшү болот»+.
16 Муса күнөө курмандыгына чалына турган текени издеп+, анын өрттөлгөнүн билгенде Арундун тирүү калган уулдарына, Элазар менен Итамарга, ачууланып:
17 «Эмнеге күнөө курмандыгын ыйык жерде жеген жоксуңар?+ Ал абдан ыйык эмеспи, ал силерге жамааттын күнөөлөрүнө жооп беришиңер үчүн, Жахабанын алдында аларды күнөөдөн арылтышыңар үчүн берилген+.
18 Анын каны ыйык жайга киргизилбегендиктен+, анын этин, мага буйрук кылынгандай, ыйык жерде жешиңер керек болчу»+,— деди.
19 Арун Мусага: «Эл күнөө курмандыгы менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгын+ Жахабанын алдына алып келди, бирок мен жей алган жокмун. Бүгүн эмне болгонумду өзүң жакшы билесиң. Эгер күнөө курмандыгынан жесем, Жахабага жагат беле?» — деди+.
20 Муса анын айткандарын туура көрдү.