Лебилер 11:1—47

11  Жахаба Муса менен Арунга мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айткыла: „Жер бетиндеги жаныбарлардын ичинен буларды жесеңер болот+:  ача туяктуу, ачасы терең, кепшөөчү жаныбарлардын баарын жесеңер болот+.  Кепшөөчү, ача туяктуу жаныбарлардын ичинен буларды гана жебегиле: төөнү, анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес, ал силер үчүн арам+;  тоо даманын+, анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес, ал силер үчүн арам;  коёнду+, анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес, ал силер үчүн арам;  чочкону+, анткени ал ача туяктуу жана ачасы терең болгону менен, кепшебейт, ал силер үчүн арам.  Булардын этин жебегиле, өлүгүнө да тийбегиле+, булар силер үчүн арам+.  Сууда жашоочу жаныбарлардын ичинен буларды жесеңер болот+: сууларда, деңиздер менен дарыяларда жашаган, сүзгүч канаттары менен кабырчыктары бар жаныбарлардын+ баарын жесеңер болот. 10  Ал эми деңиздер менен дарыялардагы жайнаган жаныбарлардын, сууда жашаган ар кандай тирүү жандыктардын* ичинен сүзгүч канаттары менен кабырчыктары жокторунун баары силер үчүн жийиркеничтүү. 11  Алар силер үчүн жийиркеничтүү. Алардын этин жебегиле+, өлүгүнөн жийиркенгиле. 12  Сууда жашоочу жаныбарлардын ичинен сүзгүч канаттары менен кабырчыктары жокторунун баары силер үчүн жийиркеничтүү. 13  Канаттуулардын ичинен жийиркенишиңер керек болгон, жегенге болбой турган канаттуулар булар+: бүркүт+, бакачы, кара жору, 14  кызыл айры куйрук менен кара айры куйруктун+ бүт түрлөрү, 15  кузгун+ жана анын түрлөрү, 16  төө куш+, үкү, чардак, шумкар жана анын түрлөрү, 17  бабырган, кара каз, кулактуу үкү+, 18  ак куу, биргазан, жору+, 19  илегилек, кытан жана анын түрлөрү, үпүп, жарганат+. 20  Төрт буту, канаттары бар жер жайнаган жандыктардын баары силер үчүн жийиркеничтүү+. 21  Төрт буту, канаттары бар жер жайнаган майда жандыктардын ичинен секирип жүрүүгө ылайыкталган кошумча буттары бар жандыктарды гана жесеңер болот. 22  Алардын ичинен келгин чегирткенин+, кадимки чегирткенин+, кара чегирткенин жана башка чегирткелердин+ бардык түрлөрүн жесеңер болот. 23  Ал эми төрт буту, канаттары бар жер жайнаган башка жандыктардын баары силер үчүн жийиркеничтүү+. 24  Алардын айынан таза эмес болуп каласыңар. Ким алардын өлүгүнө тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот+. 25  Ким алардын өлүгүн кармаса, кийимин жуусун+, ал кечке чейин таза эмес болот. 26  Ача туяктуу, бирок ачасы терең эмес, кепшебеген жаныбарлардын баары силер үчүн арам. Ким аларга тийсе, таза эмес болуп калат+. 27  Төрт аяктуу тирүү жандыктардын ичинен таманы менен баскандары силер үчүн арам. Ким алардын өлүгүнө тийсе, кечке чейин таза эмес болот. 28  Ким алардын өлүгүн кармаса+, кийимин жуусун+, ал кечке чейин таза эмес болот. Алар силер үчүн арам. 29  Жер жайнаган жандыктардын ичинен силер үчүн булар арам+: көр чычкан, кош аяк+, кескелдирик жана анын түрлөрү, 30  геккон кескелдириги, ири кескелдирик, тритон, кум кескелдириги, хамелеон. 31  Жер жайнаган жандыктардын ичинен ушулар силер үчүн арам+. Ким алардын өлүгүнө тийсе, кечке чейин таза эмес болот+. 32  Алардын өлүгү кайсы бир нерсеге: жыгач идишкеби+, кийимгеби, теригеби+ же таар сыяктуу кездемегеби+, түшүп калса, ал нерсе таза эмес болуп калат. Андай идишти, эмнеге колдонулбасын, сууга салып коюш керек. Ал кечке чейин таза эмес болот, андан кийин таза болот. 33  Эгер алардын өлүгү чопо идишке+ түшүп калса, анын ичиндегинин баары таза эмес болот. Ал идишти талкалап салгыла+. 34  Ал идиштеги суу кайсы бир тамакка же башка идиштеги суусундукка чачырап кетсе, алар таза эмес болуп калат. 35  Алардын өлүгү бир нерсенин үстүнө түшүп калса, ал таза эмес болуп калат. Меш болобу, идиштин астына койгуч болобу, аны талкалап салыш керек. Алар таза эмес, силер үчүн да таза эмес болот. 36  Булак менен суу сакталчу чуңкурдагы суу гана таза бойдон калат. Ким андай жандыктардын өлүгүнө тийсе, таза эмес болуп калат. 37  Эгер алардын өлүгү себиле турган үрөндүн үстүнө түшүп калса, үрөн таза бойдон калат. 38  Бирок алардын өлүгүнөн бир нерсе сууга чыланган үрөнгө түшүп калса, ал силер үчүн таза эмес болот. 39  Эгер этин жесе боло турган жаныбар өлүп калса, анын өлүгүнө тийген киши кечке чейин таза эмес болот+. 40  Ким ал жаныбардын этин жесе+, кийимин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Ким анын өлүгүн алып чыкса, кийимин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. 41  Жер жайнаган майда жандыктардын баары жийиркеничтүү+. Аларды жебеш керек. 42  Сойлоп жүрүүчү жандыктардын+, төрт же андан көп буту бар жер жайнаган майда жандыктардын эч бирин жебегиле, алар жийиркеничтүү+. 43  Жер жайнаган майда жандыктардын кайсы биринин айынан таза эмес, арам болуп калбагыла+. 44  Анткени мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын+. Өзүңөрдү ыйыктап, ыйык болгула+, анткени мен ыйыкмын+. Жер жайнаган майда жандыктардын кайсы биринин айынан таза эмес болуп калбагыла. 45  Анткени мен силердин Кудайыңар болуш үчүн силерди Мисир жеринен алып чыккан Жахабамын+. Мен ыйык болгондуктан+, силер да ыйык болгула+. 46  Жаныбарлар, канаттуулар, сууда жашоочу ар кандай тирүү жандыктар*+, жер жайнаган ар кыл майда жандыктар жөнүндөгү мыйзам ушундай. 47  Бул мыйзам силерге адалды адал эместен, этин жесе боло турган жаныбарды этин жесе болбой турган жаныбардан айырмалап билишиңер үчүн+ берилди“».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жандын».
Сөзмө-сөз: «жан».