Лебилер 15:1—33

15  Жахаба Муса менен Арунга дагы мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына мындай дегиле: „Эгерде эркектин жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат акса+, ал нерсе таза эмес болуп эсептелет.  Ал зат жыныстык мүчөсүнөн агабы же анын айынан жыныстык мүчөсү бүтөлүп калабы, ал киши таза эмес болот.  Ал киши жаткан төшөк да, ал отурган нерсе да таза эмес болот.  Ким анын төшөгүнө тийсе, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот+.  Ким ал отурган нерсеге отурса, кийимин жуусун+, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.  Ким ал кишиге тийсе+, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот+.  Эгер ал киши таза кишиге түкүрсө, анда таза киши кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.  Ал киши отурган ээр+ да таза эмес болот. 10  Ким ал отурган нерсеге тийсе, кечке чейин таза эмес болот. Ошондой эле ким ал отурган нерсени көтөрсө, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот. 11  Эгер жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат аккан+ киши колун жуубай туруп кимдир бирөөгө тийсе, ал кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот. 12  Ал киши тийген чопо идишти талкалаш керек+, ал эми жыгач идишти+ сууга жууш керек. 13  Эгер ал кишинин жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат акпай калса, анысы токтогондон жети күн өткөндөн кийин, ал кийимин жуусун жана агын суудан алып, денесин жуусун+, ошондо таза болот+. 14  Сегизинчи күнү болсо эки бактек+ же эки жаш көгүчкөн алып, Жахабанын алдына, жыйын чатырынын кире беришине келип, дин кызматчыга берсин. 15  Дин кызматчы алардын бирин күнөө курмандыгына, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалып+, аны Жахабанын алдында күнөөдөн арылтып, жыныстык мүчөсүнөн аккан нерсесинен таза кылат. 16  Эгер эркектин уругу акса+, ал бүт денесин жуусун. Ал кечке чейин таза эмес болот. 17  Анын уругу агып калган кийимди да, булгаарыдан жасалган буюмду да сууга жууш керек. Ал кечке чейин таза эмес болот+. 18  Эгер эркек аял менен жатканда уругун агызса, экөө тең жуунсун. Алар кечке чейин таза эмес болот+. 19  Эгерде аялдын денесинен кан акса+, айызы келип жаткандыктан+, ал жети күн таза эмес болот+. Ким ага тийсе, кечке чейин таза эмес болот. 20  Ал айызы келип жаткан убакта эмненин үстүнө жатса же отурса, алардын баары таза эмес болот+. 21  Ким анын төшөгүнө тийсе, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот+. 22  Ким ал отурган нерсеге тийсе, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот+. 23  Ким ал аял жаткан төшөктүн же ал отурган нерсенин үстүндөгү буюмга тийсе+, кечке чейин таза эмес болот. 24  Эгер эркек айызы келип жаткан аял менен жатып, булганып калса+, жети күн таза эмес болот. Ал жаткан төшөктүн баары таза эмес болот. 25  Эгер аялдын денесинен айызы келип жаткан убакта эмес+, башка убакта көп күн кан акса+ же кан агуусу анын таза эмес деп эсептелген убагына караганда узагыраак созулса, ал аял денесинен кан аккан ошол күндөрү айызы келген күндөрүндөй эле таза эмес болот. 26  Кан агып жаткан күндөрү ал аял жаткан төшөк же ал отурган нерсе, айызы келип жатканда таза эмес+ деп эсептелген убагындагыдай эле, таза эмес болот. 27  Ким аларга тийсе+, таза эмес болот. Ал кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот. 28  Эгер ал аялдын денесинен кан акпай калса, кан агуусу токтогондон баштап жети күн эсептесин. Жети күндөн кийин ал таза болот+. 29  Сегизинчи күнү эки бактек+ же эки жаш көгүчкөн алып, жыйын чатырынын кире беришине, дин кызматчыга алып келсин+. 30  Дин кызматчы алардын бирин күнөө курмандыгына, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалып+, аны Жахабанын алдында күнөөдөн арылтып+, денесинен аккан таза эмес нерсесинен таза кылат. 31  Ысрайыл уулдары өздөрүнүн арасындагы ыйык чатырымды булгап, таза эмес болуп өлүп калбашы үчүн, аларга таза эмес нерселерден оолак болгонго жардам бергиле+. 32  Бул — жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат аккан+ же уругу агып+, таза эмес болуп калган эркек жана 33  айызы келип+ жатканда таза эмес болгон аял жөнүндөгү, денесинен бир нерсе аккан+ эркек же аял жөнүндөгү, ошондой эле таза эмес аял менен жаткан эркек жөнүндөгү мыйзам“».

Шилтемелер