Лебилер 2:1—16

2  Кимдир бирөө* Жахабага нан курмандыгын+ алып келе турган болсо, аны эң жакшы ундан алып келсин+. Ага май куюп, үстүнө ладандан сээп койсун.  Ал аны Арундун уулдарына, дин кызматчыларга, алып келсин. Дин кызматчы ал алып келген эң жакшы ундан үстүндөгү майы жана бүт ладаны менен кошо бир кочуш толтура алып, эстетиши үчүн+, аны курмандык жайынын үстүндө Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары өрттөсүн.  Нан курмандыгынан артканы Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуудан калган өзгөчө ыйык нерсе+ катары Арун менен анын уулдарына таандык болот+.  Эгер мешке бышырылчу нерселерден нан курмандыгын алып келгиң келсе, ал эң жакшы ундан ачыткы кошулбай, май аралаштырылып жасалган ортосу оюк токоч+ же үстүнө май сыйпалган+ калама+ болсун.  Эгер көмөч казанга бышырылган нан курмандыгын+ алып келгиң келсе, ал эң жакшы ундан ачыткы кошулбай, май аралаштырылып жасалсын.  Аны сындырып-сындырып, үстүнө май куюп кой+. Бул — нан курмандыгы.  Эгер май куюлган казанга бышырылган нан курмандыгын алып келгиң келсе, аны май аралаштырылган эң жакшы ундан жаса.  Жахабага ушундай нан курмандыктарынан алып келип, аны дин кызматчыга бер. Ал аны курмандык жайына алып барат.  Дин кызматчы ал нан курмандыгынан алып, эстетиши үчүн+, аны курмандык жайынын үстүндө Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары өрттөсүн+. 10  Нан курмандыгынан артканы Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуудан калган өзгөчө ыйык нерсе катары Арун менен анын уулдарына таандык болот+. 11  Жахабага алып келген нан курмандыгыңардын бирине да ачыткы кошулбашы керек+. Анткени ачыткы менен балды* Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуудай кылып өрттөгөнгө болбойт. 12  Аларды Жахабага биринчи түшүм курмандыгы катары алып келгиле+. Аларды жыты жагымдуу курмандык катары курмандык жайына өрттөгөнгө болбойт. 13  Алып келген нан курмандыктарыңдын ар бирине туз кош+. Нан курмандыгыңа сөзсүз туз кошулсун, анткени туз сага Кудайыңдын келишимин эстетип турат+. Курмандыгыңдын ар бирине туз кош. 14  Эгер Жахабага биринчи түшүмүңдөн нан курмандыгын алып келгиң келсе, жаңы бышкан ката элек данды кууруп, майдалап алып кел. Бул биринчи түшүмүңдөн алып келген нан курмандыгы болот+. 15  Ага май куюп, үстүнө ладандан сээп кой. Бул — нан курмандыгы+. 16  Дин кызматчы майдаланган дандан үстүндөгү майы жана бүт ладаны менен кошо бир аз алып, эстетиши үчүн, аны Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары өрттөсүн+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жан».
Сыягы, кадимки бал эмес, анжирдин же башка жемиштин ширеси.