Лебилер 23:1—44

23  Жахаба Мусага дагы мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Жахаба силерге белгилегиле деп айткан майрамдар+ баарыңар чогулушуңар керек болгон ыйык жыйын болуп эсептелет. Силер аларды жарыялашыңар керек+.  Алты күн ар кандай иштерди кылса болот, ал эми жетинчи күн — толугу менен эс ала турган ишемби+, ыйык жыйын. Эч кандай жумуш кылбашыңар керек. Ал күн силер жашаган жердин баарында Жахабага арналган ишемби болот+.  Белгиленген убакта+ жарыялашыңар керек болгон, Жахабага арналган майрамдар+, ыйык жыйындар+ булар:  биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде+, караңгы киргенге чейин*, Жахабага арналган пасах майрамы белгиленет+.  Ошол эле айдын он бешинчи күнү Жахабага арналган калама майрамы белгиленет+. Жети күн калама жегиле+.  Анын биринчи күнүндө ыйык жыйын болот+. Эч кандай оор жумуш жасабагыла.  Жети күн бою Жахабага өрттөлүүчү тартууларды алып келгиле. Жетинчи күнү ыйык жыйын болот. Эч кандай оор жумуш жасабагыла“».  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 10  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Мен берген жерге барып, өстүргөн эгиниңерди оро баштаганыңарда анын биринчи боосун+ дин кызматчыга алып келгиле. 11  Ал аны алып, Жахабанын ырайымына ээ болушуңар үчүн, анын алдында ары-бери чайпайт+. Дин кызматчы аны ишембиден кийинки күнү чайпашы керек. 12  Дин кызматчы бооңорду ары-бери чайпаган күнү Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир жашка чейинки кемтиги жок эркек козу алып келгиле. 13  Андан сырткары, нан курмандыгына, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартууга, май аралашкан эң жакшы ундан эйфанын ондон эки бөлүгүн, ошондой эле суюк тартууга бир литр шарап алып келгиле. 14  Кудайыңарга тартууңарды алып келген күнгө чейин нан да, дандын куурулганын да, жаңы бышканын да жебегиле+. Бул — жашаган жериңердин баарында өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө. 15  Ишембиден кийинки күндөн, бооңорду чайпалтуу курмандыгы катары алып келген күндөн, тартып жети ишемби+, башкача айтканда, жети толук жума эсептегиле. 16  Жетинчи ишембиден кийинки күнгө чейин эсептегиле, ошондо элүү күн болот+. Ошол күнү Жахабага арнап дагы нан курмандыгын алып келгиле+. 17  Үйүңөрдөн чайпалтуу курмандыгына эки нан алып келгиле+. Аларды Жахабага арналган биринчи түшүм+ катары алып келиш үчүн, эң жакшы ундан эйфанын ондон эки бөлүгүн алып, ачыткы кошуп жасагыла+. 18  Ал нандар менен бирге кемтиги жок бир жашар жети эркек козу+, бир букачар, эки кочкор алып келгиле. Алар нан курмандыгы, суюк тартуу менен бирге Жахабага арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу, болот. 19  Андан сырткары, күнөө курмандыгына бир улак+, тынчтык курмандыгына бир жашар эки эркек козу алып келгиле+. 20  Дин кызматчы ал эки козуну, биринчи түшүмдөн жасалган нандарды алып, Жахабанын алдында чайпалтуу курмандыгы катары ары-бери чайпайт+. Алар Жахабанын көз алдында ыйык болот, алар дин кызматчыга таандык+. 21  Ошол күнү жыйын болорун жарыялагыла+. Ал силер үчүн ыйык жыйын болот. Эч кандай оор жумуш жасабагыла. Бул — жашаган жериңердин баарында өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө. 22  Жериңдеги түшүмүңдү жыйнап жатканда талааңдын четин жыйнабай калтырып кой, жыйнагандан калганын чогултпа+, аны бей-бечара менен+ келгинге калтыр+. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын“». 23  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 24  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Жетинчи айдын+ биринчи күнү толук эс ала турган күн болсун. Ал күн — сурнай тартып+ эскерте турган, ыйык жыйын боло турган күн+. 25  Эч кандай оор жумуш жасабагыла, Жахабага арнап өрттөлүүчү тартуу алып келгиле“». 26  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 27  «Жетинчи айдын онунчу күнү — күнөөдөн арылуу күнү+. Ал күнү ыйык жыйын болсун. Күнөөлөрүңөр үчүн кайгырып жатканыңарды көрсөткүлө*+ жана Жахабага өрттөлүүчү тартуу алып келгиле+. 28  Ал күнү эч кандай жумуш кылбагыла, анткени ал күн — күнөөдөн арылуу күнү, силер Жахаба Кудайыңардын алдында күнөөдөн арыла турган күн+. 29  Ошол күнү күнөөлөрү үчүн кайгырбаган ар бир киши* элинин арасынан жок кылынат+. 30  Ошол күнү кандайдыр бир жумуш кылган кишини* элинин арасынан жок кылам+. 31  Эч кандай жумуш жасабагыла+. Бул — жашаган жериңердин баарында өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө. 32  Ал күн — силер толугу менен эс ала турган ишемби+. Ошол айдын тогузунчу күнү кечинде күнөөлөрүңөр үчүн кайгырып жатканыңарды көрсөткүлө+. Ошол күндүн кечинен кийинки күндүн кечине чейин ишембиге байланышкан мыйзамды сактагыла». 33  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 34  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Жетинчи айдын он бешинчи күнүнөн тартып жети күн Жахабага арналган алачык майрамы* белгиленет+. 35  Анын биринчи күнүндө ыйык жыйын болот. Эч кандай оор жумуш жасабагыла. 36  Жети күн Жахабага арнап өрттөлүүчү тартуу алып келгиле. Сегизинчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө+, Жахабага арнап өрттөлүүчү тартуу алып келгиле. Ал силер үчүн салтанаттуу жыйын болот. Эч кандай оор жумуш жасабагыла. 37  Булар — силер ыйык жыйын деп жарыялашыңар керек болгон+, Жахабага арналган майрамдар+. Бул майрамдар алардын ар бир күнүндө Жахабага арнап өрттөлүүчү тартууларды+: бүтүндөй өрттөлүүчү тартуу+ менен нан курмандыгын+ жана суюк тартуу алып келишиңер+ үчүн белгиленет. 38  Алардан сырткары, Жахабанын ишемби күнгө+ байланышкан мыйзамын сактап, тартууларыңарды+, ант курмандыктарыңарды+, Жахабага арналган ыктыярдуу курмандыктарыңарды+ алып келе беришиңер керек. 39  Жетинчи айдын он бешинчи күнү жериңердеги түшүмдү жыйнагандан кийин жети күн+ Жахабага арнап майрам өткөргүлө+. Анын биринчи күнү — толук эс ала турган күн, сегизинчи күн да толук эс ала турган күн+. 40  Биринчи күнү дарактардын эң жакшы мөмөлөрүн, курма дарагынын бутактарын+, шактуу дарактардын, өзөн боюндагы теректердин бутактарын алып келип, Жахаба Кудайыңардын алдында жети күн көңүл ачкыла+. 41  Жахабага арналган ал майрамды жылына бир жолу, жетинчи айда, жети күн майрамдагыла+. Бул — өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө. 42  Жети күн алачыктарда жашагыла+. Ысрайылдын жергиликтүү тургундарынын баары алачыктарда жашашы керек+. 43  Мисир жеринен алып чыкканымдан кийин+ Ысрайыл уулдарын алачыктарга жашатканымды тукумдарыңар билиши үчүн+ ошенткиле. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын“». 44  Муса Ысрайыл уулдарына Жахабага арналган майрамдар+ жөнүндө баарын айтып берди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эки кечтин ортосунда».
Бул орозо тутууну ж. б. у. с. чектөөлөрдү билдириши мүмкүн.
Сөзмө-сөз: «жан».
Сөзмө-сөз: «жанды».
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.