Эзра 8:1—36

8  Артакшашта падышанын+ убагында мени менен бирге Бабылдан чыккан тукум башчылары+ жана алардын санжырасы+:  Пинехастын+ уулдарынан Гершом, Итамардын+ уулдарынан Даниел+, Дөөтүнүн+ уулдарынан Хатуш,  Пароштун+ уулдарынан болгон Шеханиянын уулдарынан Закарыя жана аны менен бир тукумдан болгон 150 эркек;  Пахатмааптын+ уулдарынан Зерахиянын уулу Элионай жана аны менен бирге 200 эркек;  Затунун+ уулдарынан Жахазиелдин уулу Шехания жана аны менен бирге 300 эркек;  Адиндин+ уулдарынан Жонатандын уулу Эбет жана аны менен бирге элүү эркек;  Эйламдын уулдарынан+ Аталеянын уулу Жешая жана аны менен бирге 70 эркек;  Шепатиянын уулдарынан+ Микеилдин уулу Зебадия жана аны менен бирге 80 эркек;  Жоаптын уулдарынан Жехиелдин уулу Обадия жана аны менен бирге 218 эркек; 10  Банинин уулдарынан+ Жосипиянын уулу Шеломит жана аны менен бирге 160 эркек; 11  Бебайдын уулдарынан+ Бебайдын уулу Закарыя жана аны менен бирге 28 эркек; 12  Азгаттын уулдарынан+ Акатандын уулу Жахонан жана аны менен бирге 110 эркек; 13  Адоникамдын уулдарынан+ акыркы болуп саналган Элипелет, Жиел, Шемая жана алар менен бирге 60 эркек; 14  Бикбайдын уулдарынан+ Утай менен Забут жана алар менен бирге 70 эркек. 15  Мен алардын баарын Агабаны+ карай аккан дарыянын жанына+ чогулттум. Ал жерде үч күн турдук. Мен элди жана дин кызматчыларды+ кылдат карап чыгып+, алардын арасында лебилердин+ жок экенин көрдүм. 16  Ошондо башчыларды: Элиезерди, Ариелди, Шемаяны, Элнатанды, Жарипти, Элнатанды, Натанды, Закарыяны жана Мешуламды, ошондой эле устаттар+ Жоарип менен Элнатанды чакырганы киши жибердим. 17  Анан аларга Касипия деген жердеги Идо башчыга барып, ага жана анын Касипияда жашаган бир туугандарына, нетиндерге+, Кудайдын үйү үчүн кызматчыларды+ алып келиши керектигин айтууну буйрудум+. 18  Кудайыбыз бизге жардам бергендиктен+, алар Ысрайылдын уулу Лебинин+ небереси Махлинин+ уулдарынан болгон Шеребия+ деген акылдуу кишини+ жана анын уулдары менен бир туугандарын, баары биригип 18 кишини, 19  Хашабияны жана аны менен бирге Мераринин+ уулдарынан болгон Жешаяны, анын бир туугандарын жана алардын уулдарын, баары биригип 20 кишини, 20  ошондой эле Дөөтү менен төрөлөр лебилерге кызмат кылууга берген нетиндердин ичинен атынан аталып дайындалган 220 нетинди алып келишти. 21  Мен Агаба дарыясынын жанынан баарына Кудайыбыздын алдында моюн сунуш үчүн+, андан өзүбүздү жана балдарыбызды+ мал-мүлкүбүз менен кошо аман-эсен жеткиришин сураныш үчүн+ орозо тутууну буйрудум. 22  Анткени биз мурун падышага: «Кудайыбыз аны издегендердин баарына+ жардам берет+, ал эми андан баш тарткандарга+ күчүн көрсөтүп, каарын төгөт»+,— деп айткандыктан, мен андан жолдо баратканда душмандардан коргогонго аскерлер+ менен атчандарды+ беришин сурагандан уялган болчумун. 23  Ошол себептен биз орозо тутуп+, Кудайдан бизди жетектешин сурандык+. Ал үнүбүздү укту+. 24  Андан кийин мен башкы дин кызматчылардын арасынан он эки кишини, тактап айтканда, Шеребия+ менен Хашабияны+ жана алардын он бир тууганын тандадым. 25  Анан падыша+ менен анын кеңешчилери+, төрөлөрү жана ал жактагы ысрайылдыктардын баары Кудайдын үйүнө арнап тартуу катары берген+ алтын-күмүш менен башка буюмдарды+ таразага тартып, аларга бердим. 26  Мен аларга таразага тартып 650 талант күмүш+, баарын кошуп эсептегенде баасы 2 талант болгон 100 күмүш буюм, 100 талант алтын, 27  баарын кошуп эсептегенде баасы 1 000 дарик* болгон 20 кичинекей алтын идиш, алтын менен бирдей бааланган жогорку сапаттагы жаркыраган кызыл жезден жасалган эки буюм бердим. 28  Анан аларга: «Силер Жахаба үчүн ыйыксыңар+, бул буюмдар+ да ыйык. Ал эми алтын менен күмүш — ата-бабаларыбыздын Кудайы Жахабага арналган ыктыярдуу тартуу. 29  Булардын баарын Иерусалимдеги дин кызматчылар менен лебилердин башчыларынын жана Ысрайыл тукумдарынын төрөлөрүнүн көз алдында таразага тартып+, Жахабанын үйүндөгү ашканаларга+ өткөрүп бермейинче сак болгула, абайлагыла»,— дедим. 30  Дин кызматчылар менен лебилер Иерусалимге, Кудайыбыздын үйүнө алып барыш үчүн таразага тартылган күмүш менен алтынды жана башка буюмдардын баарын алышты+. 31  Ошентип, биз биринчи айдын+ он экинчи күнү Агаба дарыясынын+ жанынан Иерусалимге жол тарттык. Кудайыбыз бизге жардам берип, жолдон душмандардан жана буктурма койгондордон коргоду+. 32  Иерусалимге жетип+, үч күн өткөндөн кийин, 33  төртүнчү күнү алтын менен күмүштү+ жана башка буюмдардын баарын+ Кудайыбыздын үйүндө таразага тартып, Уриянын уулу дин кызматчы Меремоттун+, Пинехастын уулу Элазардын жана лебилердин — Жешуянын уулу Жозабат+ менен Бинуйдун+ уулу Ноадиянын — колуна өткөрүп бердик. 34  Бүт баарын санап, таразага тартып, салмагы канча болгонун жазып койдук. 35  Туткундан кайтып келгендер+ Ысрайылдын Кудайына арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышты+: бүт Ысрайыл үчүн 12 бука+, 96 кочкор+, 77 козу жана күнөө курмандыгына 12 теке чалышты+. Алардын баарын Жахабага арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары чалышты. 36  Андан кийин биз падышанын буйругун+ анын сатраптарына*+ жана дарыянын+ аркы өйүзүндөгү башкаруучуларга+ билдирдик. Ошондо алар чыныгы Кудайдын үйүн куруп жаткан элге жардам көрсөтө башташты+.

Шилтемелер

Персия алтын тыйыны. Салмагы 8,4 г.
Сатрап — дубандын башкы башкаруучусунун наамы.