2 Жылнаама 20:1—37
20 Кийинчерээк мааптыктар+, Амон уулдары+ жана амонимдиктердин+ айрымдары Жошапат менен согушканы чыгышты+.
2 Ошондо Жошапатка: «Деңиз тараптан, Эдом+ жактан, сени менен согушканы кара кол келатат. Алар Хазазон-Тамарга, Эн-Гедиге+, келип калышты»,— деп айтып келишти.
3 Жошапат абдан коркуп+, Жахабаны издеп+, бүт Жүйүт аймагындагыларга орозо тутууну буйруду+.
4 Жүйүт жериндегилер Жахабага кайрылыш үчүн+ чогулушту. Алар Жахабадан жетекчилик сураш үчүн+ Жүйүттүн бардык шаарларынан келишти.
5 Анан Жошапат Жахабанын үйүнө+, жаңы короонун+ алдына чогулган Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарынын алдында туруп,
6 мындай деди+:
«Оо, ата-бабаларыбыздын Кудайы Жахаба!+ Бардык элдердин падышалыктарынын үстүнөн бийлик кылган+ асмандагы күч-кубаттуу Кудай сен эмессиңби?+ Сага ким туруштук бере алат?+
7 Оо, Кудайыбыз+, бул жердин тургундарын ысрайыл элиңдин алдынан кууп чыгып+, алардын жерин сени жакшы көргөн Ыбрайымдын тукумуна+ түбөлүккө берген сен эмес белең?+
8 Алар бул жерге отурукташып, сенин ысмыңа арнап ыйык жай куруп+:
9 „Башыбызга мүшкүл түшкөндө+, кылыч менен жазаланганда, жазага тартылганда, жугуштуу оору+ же ачарчылык болгондо+, биз ушул үйдүн алдында, сенин алдыңда туруп+ (анткени бул үй сенин ысмың менен аталат)+, кыйынчылык учурунда жардам сураганыбызда, үнүбүздү угуп, бизди куткар“,— дешкен+.
10 Ысрайылдыктар Мисир жеринен чыгып келатканда, сен аларга Амон уулдарын+, мааптыктарды+ жана Сеир тоолуу аймагынын+ тургундарын басып алууга жол берген эмессиң. Ошондуктан ысрайылдыктар аларды айланып өтүп, аларды жок кылган эмес+. Эми ал элдердин эмне кылып жатканын карачы.
11 Алар жакшылыгыбызга жамандык менен жооп берип+, бизди сен мураска берген жерден кууп чыкканы жатышат+.
12 Оо, Кудайыбыз, аларды жазалабай коёсуңбу?+ Бизди каптап келаткан бул кара колго каршылык көрсөткүдөй күчүбүз жок+. Биз эмне кыларыбызды билбей турабыз+, баарыбыз сени карап турабыз»+.
13 Ошол учурда бүт жүйүттөр аялдары, уулдары, атүгүл кичинекей балдары менен кошо+ Жахабанын алдында турушту+.
14 Ошондо Асаптын+ уулдарынан болгон Жахазиел деген лебиге Жахабанын руху түштү+. Ал Закарыянын, Закарыя Бенаянын, Беная Жиелдин, Жиел Матаниянын уулу болгон.
15 Ал мындай деди: «Жүйүт менен Иерусалимдин тургундары жана Жошапат падыша, кулак салгыла! Жахаба силерге мындай дейт: „Каптап келаткан бул кара колдон коркпогула+, үрөйүңөр учпасын, анткени силер эмес, Кудай согушат+.
16 Эртең аларга каршы чыккыла. Алар Сис ашуусу менен келатышат. Силер аларга Жеруел чөлүнүн тушундагы өзөндүн аяк жагынан жолугасыңар.
17 Бул жолкусунда силер согушпайсыңар+. Ордуңарда туруп+, Жахабанын силерди кантип куткарарын карап тургула+. Жүйүт менен Иерусалим, коркпогула, үрөйүңөр учпасын+. Эртең аларга каршы чыккыла, Жахаба силер менен болот“»+.
18 Ошондо Жошапат Жахабага жерге чейин ийиле таазим кылды+. Жүйүт эли менен Иерусалимдин тургундары да Жахабанын алдында тизелеп, ага таазим кылышты+.
19 Андан кийин лебилер+, Каат+ менен Корактын уулдары+, Ысрайылдын Кудайы Жахабаны болгон үнү менен даңктаганы турушту+.
20 Алар эртең менен эрте туруп, Текоянын+ жанындагы чөлдү+ көздөй жөнөштү. Алар жолго чыгарда, Жошапат баарынын алдына туруп: «Жүйүт эли менен Иерусалимдин тургундары, сөзүмө кулак салгыла!+ Жахаба Кудайыңарга ишенгиле+, ошондо аман каласыңар. Анын пайгамбарларына ишенгиле+, ошондо ийгиликке жетесиңер»,— деди.
21 Анан ал эл менен кеңешип+: «Жахабаны даңктагыла+, анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»+,— деп ырдап барышы үчүн Жахабанын ырчыларын+, ошондой эле кооз кийим кийип+ аны даңктагандарды+ куралчан жоокерлердин+ алдына койду.
22 Алар Кудайды кубанычтуу үн менен даңктай баштаганда, Жахаба Жүйүт жерине келген Амон уулдарына, мааптыктар менен Сеир тоолуу аймагынын тургундарына буктурма койду+. Ошондо алар бири-бири менен согуша баштады+.
23 Амон уулдары менен мааптыктар Сеир тоолуу аймагынын+ тургундарына кол салып, аларды кыра башташты. Аларды кырып бүтөрү менен бири-бирин өлтүрө башташты+.
24 Ал ортодо жүйүттөр чөлдөгү+ күзөт мунарасына келишти. Алар душмандар келаткан жакты карашса, алардын баары, бири калбай, өлүп жатыптыр+.
25 Жошапат менен анын эли олжо алганы барып+, абдан көп буюм-тайым, кийим-кече жана кымбат баалуу буюмдарды табышты. Алар көтөрө албай калганчалык көп олжо чогултушту+. Олжо ушунчалык көп болгондуктан, аны үч күн чогултушту.
26 Төртүнчү күнү болсо Беракак өрөөнүнө чогулуп, Жахабаны алкашты+. Ошон үчүн ал жерди Беракак өрөөнү деп атап коюшкан+. Ал ушу күнгө чейин ушинтип аталат.
27 Жошапат баштаган Жүйүт эркектери менен Иерусалимдин эркектери Иерусалимге кубаныч менен кайтышты, анткени Жахаба аларга душмандарын жеңгенге жардам берди+.
28 Алар Иерусалимге, Жахабанын үйүнө+ арфа+, сурнай+ жана башка кыл аспаптар+ менен келишти.
29 Жахабанын Ысрайылдын душмандары менен согушканын укканда+ жер жүзүндөгү бардык падышалыктарды Кудайдан келген коркунуч басты+.
30 Ошентип, Жошапат падышага караштуу жерлердин баарында тынчтык болду. Кудайы аны тегерегиндеги бардык душмандарынан коргоп, тынчтык берди+.
31 Жошапат+ Жүйүт аймагын башкарды. Ал отуз беш жашында такка отуруп, Иерусалимде жыйырма беш жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Азуба эле+, ал Шилхинин кызы болчу.
32 Жошапат атасы Асанын жолун жолдоду+, Жахабанын көз алдында туура иштерди кылып, атасынын жолунан чыккан жок+.
33 Бийик жерлер+ гана жок кылынган жок. Эл дагы эле жүрөгүн ата-бабаларынын Кудайына бура элек болчу+.
34 Жошапаттын калган иштери, анын алгачкы жана акыркы иштери, Ысрайыл падышаларынын китебиндеги Хананинин+ уулу Жехунун+ билдирүүлөрүндө баяндалган+.
35 Кийинчерээк Жүйүт падышасы Жошапат ыймансыз иштерди кылган+ Ысрайыл падышасы Ахазия+ менен келишим түздү.
36 Ал Таршышка+ барыш үчүн аны менен кеме курууга макулдашты. Ошентип, алар Эсион-Геберде+ кеме кура башташты.
37 Ошондо марешалык Додабайдын уулу Элиезер Жошапатка: «Ахазия менен келишим түзгөнүң үчүн+, Жахаба сенин ишиңди бузат»+,— деп пайгамбарлык кылды. Айтканындай эле, кемелер талкаланып+, Таршышка+ барбай калды.