2 Корунттуктар 8:1—24

8  Бир туугандар, эми силерге Кудайдын Македониядагы+ жыйналыштарга көрсөткөн ырайымы тууралуу билдиргибиз келет.  Оор сыноого дуушар болуп, аябай жакыр жашап жатышканына карабай, алар зор кубаныч менен өзгөчө берешендик көрсөтүштү+.  Мен алардын колунан келгендин баарын кылышканына+, атүгүл ашыгы менен кылышканына күбөмүн.  Алар демилгени колго алып, өздөрүнүн тартуулары менен ыйыктарга кызмат кылууга+ мүмкүнчүлүк беришибизди бизден көптөн-көп өтүнүштү.  Ал бир туугандар биз күткөндөн да көптү кылышты, себеби өздөрүн биринчи кезекте Теңирге жана анын эрки боюнча бизге тапшырышты+.  Ушундан улам биз Титтен+ силердин араңарда баштаган тартуу чогултуу ишин аягына чыгарышын өтүндүк.  Силерде бардыгы: ишеним, сүйлөө жөндөмдүүлүгү, билим+, тырышчаактык жана силерге болгон сүйүүбүз мол болгондой эле, берген тартууларыңар да мол болсун+.  Муну силерге буйрук катары эмес+, башкалардын тырышчаактыгын көргөндүктөн жана сүйүүңөрдүн канчалык таза экенин көргүм келгендиктен айтып жатам.  Силер Мырзабыз Иса Машаяктын көрсөткөн ырайымы жөнүндө билесиңер: анын жардылыгы аркылуу бай болушуңар үчүн+, ал бай болсо да, силер үчүн жарды болгон+. 10  Менин оюм мындай+: бул ишти аткарганыңар өзүңөргө эле пайда+. Силер бул ишке бир жыл мурун дилгирлик менен киришкенсиңер+. 11  Өзүңөр каалап, даярдуулук менен баштаган ал ишти эми колуңарда болгон нерселерге жараша аягына чыгаргыла. 12  Ким даярдуулук менен берсе, анын тартуусу колунда жок болгонуна эмес, колунда бар болгонуна жараша кабыл алынат+. 13  Мен башкаларга жеңил болуп+, силерге оор болушун каалабайм. 14  Тескерисинче, теңдик болушу үчүн, тең бөлүштүрүүнүн аркасында азыр силердин молчулугуңар башкалардын кем-карчын толукташын, ал эми кийин алардын молчулугу силердин кем-карчыңарды толукташын каалайм+. 15  Буга байланыштуу Ыйык Жазмада: «Көп чогулткандыкы ашып калган жок, аз чогулткандыкы жетпей калган жок»,— деп жазылган+. 16  Титтин+ жүрөгүнө силер үчүн ушундай тырышчаактыкты салган Кудайга ыраазымын. 17  Тит биздин өтүнүчүбүздү аткарууга макул болду, ал өзү да абдан дилгир болгондуктан силерге өз ыктыяры менен барганы жатат. 18  Аны менен кошо дагы бир бир тууганды жөнөтүп жатабыз. Ал жакшы кабар үчүн кылган иштери менен бардык жыйналыштарда мактоого ээ. 19  Андан сырткары, ал тартууларды бөлүштүрүү ишинде бизди коштоп жүрүүгө жыйналыштар тарабынан дайындалган+. Биз ал ишти Теңирди даңкташ үчүн+ жана башкаларга жардам берүүгө даяр экенибизди+ далилдеш үчүн аткарабыз. 20  Ошондуктан биз бөлүштүрүп жаткан мол тартууга байланыштуу+ кимдир бирөөдөн жеме уккубуз келбейт+. 21  Анткени «бул ишти аткарууда Жахабанын алдында эле эмес, адамдардын алдында да чынчыл болууга аракеттенебиз»+. 22  Аларга кошуп дагы бир бир тууганыбызды жиберип жатабыз. Анын көп жагынан тырышчаак экенине далай жолу ынанганбыз. Силерге толук ишенгендиктен ал азыр ого бетер тырышчаактык көрсөтүп жатат. 23  Титке байланыштуу сурооңор болсо, ал — силердин жыргалчылыгыңар үчүн кызмат кылган шеригим, кызматташым+. Ал эми берки бир туугандарыбыз — жыйналыштар жиберген өкүлдөр* жана Машаяктын даңкы. 24  Ошондуктан жыйналыштарга сүйүүңөрдү+, силер менен эмне үчүн мактанганыбызды көрсөткүлө+.

Шилтемелер

Же: «жиберилгендер». Сөзмө-сөз: «элчилер».