2 Падышалар 22:1—20
22 Жошия+ сегиз жашында такка отуруп, Иерусалимде отуз бир жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Жедида эле, ал боскаттык+ Адаянын кызы болчу.
2 Жошия Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+. Ал чоң аталарынан болгон Дөөтүнүн жолу менен жүрүп+, оңго да, солго да бурулган жок+.
3 Жошия падыша өзүнүн башкаруусунун он сегизинчи жылында Мешуламдын небереси, Азалиянын уулу катчы Шапанды+ Жахабанын үйүнө жиберип жатып мындай деди:
4 «Башкы дин кызматчы+ Хилкияга+ барып айт, Жахабанын үйүнө+ алынып келген акчаны+, дарбаза кайтаргандар+ элден чогулткан акчаны, эсептесин.
5 Анан аны Жахабанын үйүндө жүргүзүлүп жаткан ишке көзөмөл кылгандарга берсин+. Алар болсо аны Жахабанын үйүнүн бузулган жерлерин оңдоп жаткандардын+,
6 усталардын, куруучулардын, таш тизгендердин эмгек акысына беришсин, ошондой эле ага үйдү оңдогонго жыгач менен жылмаланган таштарды сатып алышсын+.
7 Акча тапшырылган көзөмөлчүлөрдөн эсеп-кысап талап кылынбасын+, анткени алар чынчылдык менен иш кылып жатышат»+.
8 Кийинчерээк башкы дин кызматчы Хилкия+ катчы+ Шапанга+: «Мен Жахабанын үйүнөн баягы мыйзам китебин+ таап алдым»,— деди. Анан аны Шапанга берди, ал аны окуй баштады.
9 Катчы Шапан кайра падышага келип: «Кызматчыларың Жахабанын үйүндөгү кутуларга чогулган акчаны алып, ал үйдө жүргүзүлүп жаткан ишке көзөмөл кылууга дайындалгандарга беришти»,— деди+.
10 Анан падышага: «Дин кызматчы Хилкия мага бул китепти+ берди» — деп, аны падышанын алдында окуй баштады.
11 Мыйзам китебиндеги сөздөрдү укканда падыша кийимин айрып жиберди+.
12 Анан дин кызматчы Хилкияга, Шапандын уулу Ахикамга+, Микаянын уулу Акбарга, катчы Шапанга жана кызматчысы Асаяга+:
13 «Барып, Жахабадан мен жөнүндө, эл менен бүт Жүйүт жери жөнүндө жана бул китепте жазылгандардын мааниси жөнүндө сурагыла+, анткени ата-бабаларыбыз+ бул китептеги биз үчүн жазылган сөздөрдү укпай, аларды аткарбай коюшкандыктан+, Жахаба бизге абдан каарданып жатат»,— деди+.
14 Дин кызматчы Хилкия, Ахикам, Акбар, Шапан жана Асая Хулда деген пайгамбар аял+ менен сүйлөшкөнү барышты. Ал Хархастын небереси, Тикпанын уулу кийим кайтаруучу+ Шалумдун аялы эле. Хулда Иерусалим шаарынын жаңы конушунда жашачу. Алар Хулдага бул тууралуу айтып беришкенде+,
15 ал мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт+: „Силерди мага жиберген кишиге:
16 “Жахаба мындай дейт: “Мен бул жерге жана анын тургундарына+ алаамат жиберип+, Жүйүт падышасы ал китептен окуган+ сөздөрдүн баарын+ аткарам.
17 Анткени алар мени таштап, башка кудайларга курмандык түтүнүн түтөтүп+, колдору менен жасаган нерселери менен мени капалантышты+. Бул жерге менин каарым кайнап, жалындап турат, ал өчпөйт””+,— деп айтып баргыла“.
18 Силерди Жахабадан сураганы жиберген Жүйүт падышасына мындай дегиле: „Сен уккан сөздөр тууралуу Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт+:
19 “Бул жерге жана анын тургундарына каршы айткан сөздөрүмдү, анын каргышка калып+, үрөй учурарлык абалга туш болору жөнүндөгү сөздөрүмдү, уккандан кийин жүрөгүң+ жумшарып, Жахабанын алдында моюн сунганың үчүн+, кийимиңди айрып+, менин алдымда ыйлаганың үчүн, мен сени уктум,— дейт Жахаба+.—
20 Ошондуктан мен бул жерге жибере турган алааматты көрбөйсүң, ата-бабаларыңа кошулуп+, тынчтык менен мүрзөгө коюласың”“»+. Алар мунун баарын падышага айтып барышты.