Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жезекиел пайгамбар жазган китеп

Бөлүмдөр

Мазмуну

  • 1

    • Жезекиел Бабылда жүрүп, Кудайдан аян алат (1—3)

    • Жахабанын асмандагы арабасы (4—28)

      • Катуу шамал, булут, от (4)

      • 4 тирүү жандык (5—14)

      • 4 дөңгөлөк (15—21)

      • Муз сымал жылтылдаган аянт (22—24)

      • Жахабанын тактысы (25—28)

  • 2

    • Жезекиел пайгамбар болуп дайындалат (1—10)

      • Угабы же укпай коёбу, арасында пайгамбар болгонун билишет (5)

      • Кошок ырлар жазылган түрмөк (9, 10)

  • 3

    • Жезекиел Кудай берген түрмөктү жейт (1—15)

    • Жезекиел күзөтчү болот (16—27)

      • Эскертпеген канга забын болот (18—21)

  • 4

    • Иерусалимдин курчоого алынары көрсөтүлөт (1—17)

      • Жезекиел элдин күнөөсүн 390 күн жана 40 күн көтөрөт (4—7)

  • 5

    • Иерусалимдин кулаганы көрсөтүлөт (1—17)

      • Пайгамбар чачын кырып, үчкө бөлөт (1—4)

      • Иерусалим бузулуп, башка элдерден ашып түшөт (7—9)

      • Эл үч жол менен жазаланат (12)

  • 6

    • Ысрайыл тоолоруна айтылган пайгамбарлык сөз (1—14)

      • Жийиркеничтүү буркандар жок кылынат (4—6)

      • «Менин Жахаба экенимди билесиңер» (7)

  • 7

    • «Бул жердин күнү бүттү» (1—27)

      • «Болуп көрбөгөндөй алаамат» (5)

      • Акчасын көчөгө ыргытышат (19)

      • Ибадаткана арамдалат (22)

  • 8

    • Жезекиел аян аркылуу Иерусалимге барат (1—4)

    • Ибадатканадагы жийиркеничтүү нерселер (5—18)

      • Таммуз кудайын жоктоп жаткан аялдар (14)

      • Күнгө сыйынып жаткан эркектер (16)

  • 9

    • Кыйрата турган куралы бар 6 киши, сыя куюлган челеги бар 1 киши (1—11)

      • Өкүм ыйык жайдан ишке ашырыла баштайт (6)

  • 10

    • Дөңгөлөктөрдүн арасындагы оттон алуу (1—8)

    • Керуптар менен дөңгөлөктөр (9—17)

    • Кудайдын даңкы ибадатканадан кетет (18—22)

  • 11

    • Ыймансыз төрөлөргө өкүм чыгарылат (1—13)

      • Шаар кайнап жаткан казанга салыштырылат (3—12)

    • Эл кайра кайтып келет деген убада (14—21)

      • «Ичиңерге жаңы рух салам» (19)

    • Кудайдын даңкынын Иерусалимден көтөрүлүп, тоого барып токтошу (22, 23)

    • Жезекиел аянында Каздим жерине кайтып келет (24, 25)

  • 12

    • Элдин туткунга кетери алдын ала көрсөтүлөт (1—20)

      • «Туткунга кете тургансып... буюмдарыңды алып,.. жолго чык» (1—7)

      • «Башчысы... караңгыда жолго чыгат» (8—16)

      • Нанды коркуп, сууну тынчсызданып ичет (17—20)

    • Эл арасында айтылып жүргөн сөз жалган болуп чыгат (21—28)

      • «Бир да сөзүм создуктурулбай аткарылат» (28)

  • 13

    • Жалган пайгамбарлар жөнүндө (1—16)

      • Акталган дубал кулайт (10—12)

    • Жалган пайгамбарларга айтылган сөз (17—23)

  • 14

    • Буркандарга сыйынгандарга өкүм чыгарылат (1—11)

    • Иерусалим сөзсүз талкаланат (12—23)

      • Адил кишилер: Нух, Даниел, Аюп (14,20)

  • 15

    • Иерусалим жараксыз жүзүм сабагындай (1—8)

  • 16

    • Кудайдын Иерусалимге болгон сүйүүсү (1—63)

      • Иерусалим ташталган баладай болчу (1—7)

      • Кудай кийинтип, жасантып, келишим түзгөн (8—14)

      • Иерусалим берилгендигинен жазат (15—34)

      • Ойноштук кылганы үчүн жазаланат (35—43)

      • Самария жана Содом менен салыштырылат (44—58)

      • Кудай түзгөн келишимин эстейт (59—63)

  • 17

    • Эки бүркүт жана жүзүм сабагы жөнүндөгү табышмак (1—21)

    • Жаш бутак бакыйган бал карагайына айланат (22—24)

  • 18

    • Ар ким өз күнөөсү үчүн жооп берет (1—32)

      • «Ким күнөө кылса,.. өлөт» (4)

      • «Уулу атасынын айыбы үчүн жоопко тартылбайт» (19, 20)

      • «Мен ыймансыздын өлгөнүнө сүйүнөмбү?» (23)

      • Өкүнгөн киши жанын сактап калат (27, 28)

  • 19

    • Ысрайыл башчылары жөнүндөгү кошок (1—14)

  • 20

    • Ысрайыл элинин Кудайга каршы чыккан учурлары (1—32)

    • Ысрайыл эли кайрадан өз жеринде Кудайга кызмат кылат (33—44)

    • Түштүккө айтылган пайгамбарлык сөз (45—49)

  • 21

    • Кудай өкүмүн ишке ашырыш үчүн кылычын кынынан сууруп чыкты (1—17)

    • Бабыл падышасы Иерусалимге кол салат (18—24)

    • Ысрайылдын ыймансыз башчысы жазаланат (25—27)

      • «Таажыңды башыңдан ал» (26)

      • «Мыйзамдуу укугу бар бирөө келмейинче, таажы эч кимге берилбейт» (27)

    • Амондун тукумдары соттолот (28—32)

  • 22

    • Иерусалим — канга забын болгон шаар (1—16)

    • Иерусалим пайдасы жок калдыктай (17—22)

    • Ысрайылдын төрөлөрү менен элине Кудай өкүм чыгарат (23—31)

  • 23

    • Бузулган эже-сиңди (1—49)

      • Охола Ашур менен ойноштук кылат (5—10)

      • Охолиба Бабыл жана Мисир менен ойноштук кылат (11—35)

      • Эже-сиңди жазаланат (36—49)

  • 24

    • Иерусалим дат баскан казандай (1—14)

    • Жезекиелдин аялынын өлүшү Иерусалим үчүн белги болот (15—27)

  • 25

    • Амондун тукумдары жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—7)

    • Маап жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (8—11)

    • Эдом жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (12—14)

    • Пелиштиликтер жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (15—17)

  • 26

    • Тир жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—21)

      • «Балыкчылар торун кургата турган жер» (5,14)

      • Таштарың, топурагың сууга ыргытылат (12)

  • 27

    • Тир тууралуу кошок (1—36)

  • 28

    • Тирдин падышасы жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—10)

      • «Мен кудаймын» (2,9)

    • Тирдин падышасы жөнүндөгү кошок (11—19)

      • «Сен Эйденде... болчусуң» (13)

      • «Сени... керуп кылып дайындагам» (14)

      • «Ыймансыздык кылганыңа чейин» (15)

    • Сидон жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (20—24)

    • Ысрайылдыктар өз жерине кайтып келишет (25, 26)

  • 29

    • Фараон жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—16)

    • Мисир Бабылга акы катары берилет (17—21)

  • 30

    • Мисир жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—19)

      • Небухаданасардын кол салышы алдын ала айтылат (10)

    • Кубаттуу фараондун акыры келет (20—26)

  • 31

    • Мисир, бийик бал карагайы, кулайт (1—18)

  • 32

    • Фараон менен Мисир жөнүндөгү кошок (1—16)

    • Мисир сүннөткө отургузулбагандар менен кошо коюлду (17—32)

  • 33

    • Күзөтчүнүн жоопкерчилиги (1—20)

    • Иерусалимдин кулашы жөнүндөгү кабар (21, 22)

    • Урандылардын арасында жашагандар жөнүндөгү кабар (23—29)

    • Эл ал кабарга кулак какпайт (30—33)

      • Жезекиелди «махабат ырын ырдаган ырчыдай көрүшөт» (32)

      • «Өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишет» (33)

  • 34

    • Ысрайылдын койчулары жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—10)

    • Жахаба өз оторуна кам көрөт (11—31)

      • «Алардын үстүнөн бир койчуну — кызматчым Дөөтүнү — коём» (23)

      • «Тынчтык келишимин түзөм» (25)

  • 35

    • Сеир тоолуу аймагы жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—15)

  • 36

    • Ысрайыл тоолору жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—15)

    • Ысрайыл эли өз жерине кайтып келет (16—38)

      • «Улуу ысмымды сөзсүз ыйыктайм» (23)

      • «Бул жер Эйден багындай» (35)

  • 37

    • Сөөктөргө толгон өрөөн жөнүндөгү аян (1—14)

    • Эки таяк бир таяк болот (15—28)

      • Бир эл, бир падыша (22)

      • «Тынчтык келишими» (26)

  • 38

    • Гок Ысрайылга кол салат (1—16)

    • Жахабанын Гокко каары кайнайт (17—23)

      • Элдер «менин Жахаба экенимди билишет» (23)

  • 39

    • Гок менен аскерлеринин кыйратылышы (1—10)

    • Хамон-Гок өрөөнүнө көмүлүшү (11—20)

    • Ысрайылдыктар кайтып келишет (21—29)

      • Ысрайыл элине Кудайдын руху төгүлөт (29)

  • 40

    • Кудай аян аркылуу Жезекиелди Ысрайыл жерине алып барат (1, 2)

    • Жезекиел аянында ибадаткананы көрөт (3, 4)

    • Короолор менен дарбазалар (5—47)

      • Чыгышты караган дарбаза (6—16)

      • Сырткы короо; башка дарбазалар (17—26)

      • Ички короо жана дарбазалар (27—37)

      • Ашканалар, колдонулчу үстөлдөр (38—46)

      • Курмандык жайы (47)

    • Ибадаткананын далиси (48, 49)

  • 41

    • Ибадаткананын Ыйык жайы (1—4)

    • Дубалы, каптал бөлмөлөр (5—11)

    • Батыш тараптагы имарат (12)

    • Имараттардын ченелиши (13—15a)

    • Ибадаткананын ичи жана ичиндеги нерселер (15б—26)

  • 42

    • Ашканалар (1—14)

    • Ибадаткананын төрт тарабын ченөө (15—20)

  • 43

    • Жахабанын даңкы ибадаткананы толтурат (1—12)

    • Курмандык жайы (13—27)

  • 44

    • Жабык бойдон калган чыгыш дарбазасы (1—3)

    • Бөтөн жерликтер жөнүндөгү буйруктар (4—9)

    • Дин кызматчы-лебилер жөнүндөгү буйруктар (10—31)

  • 45

    • Ыйык тартуу жана шаар (1—6)

    • Башчылардын үлүшү (7, 8)

    • Башчылар адилеттүү иш кылышат (9—12)

    • Элдин тартуусу, башчылар (13—25)

  • 46

    • Тартуу алып келүү, курмандык чалуу (1—15)

    • Башчынын ээлиги уулдарына гана тиешелүү (16—18)

    • Эт кайната турган жерлер (19—24)

  • 47

    • Ибадатканадан аккан суу (1—12)

      • Суу акырындык менен тереңдей берди (2—5)

      • Деңиздин суусу айыгат (8—10)

      • «Саздак жана баткак жерлер... айыкпайт» (11)

      • «Жемиштери тамак-ашка, жалбырактары дарылыкка пайдаланылган» бак-дарактар (12)

    • Жердин чек аралары (13—23)

  • 48

    • Жерди бөлүштүрүү (1—29)

    • Шаардын 12 дарбазасы (30—35)

      • «Шаар „Жахаба ошол жерде“ деп аталат» (35)