Мазмунун көрсөтүү

13-ОКТЯБРЬ, 2022
ТАЖИКСТАН

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Тажикстандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганын мыйзамсыз деп жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Тажикстандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганын мыйзамсыз деп жарыялады

2022-жылдын 7-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети (АСУЭП) Тажикстандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн адилетсиз мамилеге кабылып жатканына байланыштуу маанилүү чечим чыгарды. 2022-жылдын 7-июлунда «Адырхаев Тажикстанга каршы» деген иш боюнча АСУЭП Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарган болчу. Бул иш Тажикстандын Жахабанын Күбөлөрүн расмий түрдө каттоодон баш тартып, ишине тыюу салынганына байланыштуу болгон.

Жахабанын Күбөлөрү Тажикстанда кабар айтуу ишин 50 жылдан ашык убакыт мурун башташкан. Жахабанын Күбөлөрүнүн диний ассоциациясы (ЖКДА) 1994-жылы расмий түрдө катталган. Бирок 2007-жылдын 11-октябрында Маданият Министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн каттоосун жокко чыгарып, ишине тыюу салган. Өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишин, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканын жана өз динин чыныгы деп эсептегенин экстремисттик иш-чараларга жатат деп айып койгон. Жахабанын Күбөлөрү ЖКДАны каттоодон өткөрүшүн сурап, кайра-кайра кайрылышкан. Бирок алардын кайрылуусу улам четке кагылган.

Жакында эле чыгарган чечиминде АСУЭП Тажикстандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганын мыйзамсыз деп тапкан. Тажикстандын ЖКДАнын ишине тыюу салганынын жана кайра каттоодон баш тартканынын «бардык себептери» негизсиз деп жарыяланган.

АСУЭП Тажикстандын өкмөтү ЖКДАны кайра каттоодон баш тартканынын айынан Жахабанын Күбөлөрү «камалып, суракка алынып, үйлөрү тинтилип, урулуп-сабалып, диний адабияттары тартылып алынып жатат жана бери дегенде, бирөө өлкөдөн куулган» деп айткан. Ушундай адилетсиздиктен улам АСУЭП Жахабанын Күбөлөрүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакты кепилдеген укуктары бузулуп жатат деп да жарыялаган.

71 жаштагы Шамил Хакимов 2019-жылдын февралынан бери түрмөдө отурат

АСУЭП Тажикстанды Жахабанын Күбөлөрүн каттоодон кайрадан өткөргөнгө жана укуктары бузулган жарандарына айып пул төлөп бергенге милдеттендирген. Андан тышкары, Тажикстандын өкмөтү «келечекте да дин тутуу эркиндигине байланыштуу ушул сыяктуу укуктар бузулбашы үчүн, бардык кадамдарды кылганга жоопкерчилик арткан».

АСУЭПтин бул чечими 2019-жылдын февралынан бери Кудайга ишенгени үчүн эле түрмөдө отурган 71 жаштагы Шамил Хакимовдун ишине да таасир этиши керек. Тажикстандын өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганы үчүн эле аны түрмөгө камап салышкан.

АСУЭПтин чечими Тажикстандагы Жахабанын Күбөлөрүн дин тутуу эркиндигине кайрадан ээ кылат деген үмүт бар. Бир туугандарыбыздын «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргош» үчүн тынбай жумшап жаткан аракетине Жахаба батасын берсин деп тиленип турабыз (Филипиликтер 1:7).