Мазмунун көрсөтүү

21-МАРТ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

JW.ORG сайтына 10 жыл (3-бөлүк)

Кабар айтуу ишинин илгерилеши

JW.ORG сайтына 10 жыл (3-бөлүк)

Бул макаланын 1, 2-бөлүктөрүндө jw.org сайтына кандай адабияттардын, видеолордун чыгып турары, дүйнө жүзүндөгү боордошторубуз тууралуу так маалымат жарыяланып турары айтылган. Ушул акыркы бөлүгүндө болсо кабар айтуу ишин алдыга жылдырыш үчүн сайттын кантип колдонулуп жатканы жөнүндө кеп болот.

Тилдер: Расмий веб-сайтыбыз жаңыланган жылы, тагыраак айтканда, 2012-жылдын август айында сайттын башкы бети которулган тилдердин саны 139 болчу. Ал эми 2014-жылдын август айына чейин, веб-сайтыбыз тууралуу жарнамалоо боюнча атайын өнөктүк уюштурулган жылы, ал тилдердин саны 500дөн ашкан. Айта кетчү нерсе, ошол тилдердин 22си жаңдоо тилдери. Бүгүнкү күндө болсо сайтыбыз которулган тилдердин саны 1070тен ашып кетти. Алардын 100дөн ашыгы жаңдоо тилдери.

Заман талабына ылайыктуу макалалар: 2019-жылдын октябрында jw.org сайтынын башкы бети жаңыланып, жогору жагына негизги макала дароо эле көзгө урунган сүрөтү менен чыгарыла баштаган. Анын алдына болсо дагы үч макала чыкчу. Мунун жакшы жери, алар, негизинен, кабар айтуу ишинде колдоно турган макалалар болчу. Кийинчерээк Жазуу комитети менен Сүрөт бөлүмү башкы бетти заман талабына ылайык келген негизги макалалар тез-тез чыгып тургудай кылып иштеп чыгышкан. Алсак, башкы бетке бүт дүйнөнү каптаган COVID-19 пандемиясы, Орусия менен Украинанын ортосунда тутанган согуш, качкындар жөнүндө макалалар жарыялана баштаган.

Биз жөнүндө: JW.ORG сайты кызыккандарга биздин уюм жөнүндө жана жүргүзгөн ишибиз жөнүндө так маалыматты таба ала тургандай болуп даярдалган. Ошондой эле алар көбүрөөк маалымат алгысы келсе, Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша алышат. Мисал кылсак, кулагы укпаган бир келин мектепте окуп жүргөн кезинде Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүрчү экен. Бирок башка жакка көчүп кетип, алар менен байланышы үзүлүп калыптыр. Ал изилдөөсүн андан ары да улантайын десе, жаңы көчүп барган жерине эч ким кабар айтып келген эмес. Ошондо ал jw.org веб-сайтын эстеп, сайтка кирип, онлайн өтүнмөнү толтуруп, Жахабанын Күбөлөрүнүн келип кетишин суранган экен. Бир нече эле күн өткөндөн кийин атайын пионер болуп кызмат кылган эки ишенимдешибиз анын үйүнө барган. Ошентип, ал кайрадан Ыйык Китепти изилдегенге киришкен. Ал эле эмес, жыйналышка да бара баштаган. Учурда ал — чөмүлгөн ишенимдешибиз. Үч баласын Жахабанын акыл-насааты боюнча тарбиялап жатат. Ал мындай дейт: «Веб-сайт үчүн Жахабага аябай ыраазымын. Эгер онлайн өтүнмө болбогондо, үйүмө Жахабанын Күбөлөрү капысынан кабар айтып келгиче күтүп отура бермек экенмин».

Кабар айтуу иши тез илгерилеп жаткан учурда Жахабанын уюмунун ушул ишке колдоо көрсөтүп, сонун куралдарды даярдап берип жатканы кандай гана дем-шык берет! (Ыш. 60:22)