Мазмунун көрсөтүү

Гаэтадагы (Италия) мурунку бул түрмөдө ишеним үчүн көптөгөн бир туугандарыбыз отурган

9-ИЮЛЬ, 2020
ИТАЛИЯ

Италия абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун сыйлайт. Жахабанын Күбөлөрүнүн кошкон салымы

Италия абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун сыйлайт. Жахабанын Күбөлөрүнүн кошкон салымы

Италия абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан жарандарынын укугун сыйлаган көптөгөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Бирок дайыма эле мындай боло берген эмес. Бул негизги укуктардын бири болуп эсептелсе да, Италия өкмөтүнүн мурунку көз карашынын өзгөрүшүнө Жахабанын Күбөлөрү чоң салым кошту.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки ондогон жылдар бою Италиянын жарандары аскер кызматын өтөөгө милдеттүү болуп келишкен. Согуштан кийин, 1946-жылы, бүтүндөй өлкө боюнча 120 эле Жахабанын Күбөсү бар болчу. Убакыттын өтүшү менен алардын саны өсүп, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан жаштар көбөйгөн. Ыйык Китептен Кудайдын кызматчылары бейтараптуулукту сакташы, зордук-зомбулуктан алыс болушу жана жакындарын сүйүшү керектигин окуп-билгендеринин негизинде алар аскер кызматынан баш тартып келишкен.

Жакынкы арада Италиядагы филиал жүргүзгөн эсептөөлөргө ылайык, учурда аскер кызматынан баш тартканы үчүн бир кезде эркинен ажыратылган көзү тирүү 14 180 бир тууганыбыз бар экен. Алардын көбү — 1960-жылдардын аяк ченинен 1990-жылдардын аягына чейинки мөөнөт аралыгында кесилгендер. Баарынын түрмөдө отурган жылдарын кошкондо 9 732 жыл болот.

Италиянын Турин шаарында антимилитаризм багытында эмгектенген тарыхчы Сергио Албесано «аскер кызматынан баш тартканы үчүн кесилгендердин салымдуу бөлүгүн» Жахабанын Күбөлөрү түзгөн деп баса белгилеген. Анан алардын көз карашына бекем карманганынын натыйжасында «коомчулук бул тармакта көйгөй бар экенин баамдаганын» айткан.

Мурунку премьер-министр Гуилио Андреотти, 1960-жылдары Италиянын коргоо министри болуп кызмат кылып жүргөн кезинде аскер кызматынан баш тартышканынын нагыз себебин түшүнүш үчүн абакта отурган Жахабанын Күбөлөрү менен жекече жолугуптур. Кийинчерээк мындай деп жазган: «Алардын туткан дининин окууларына бек карманганына, саясатка эч аралашпаганына таасирлендим. Узак мөөнөткө кесилгенге даяр болгону, ал тургай аскер кийимин кийгенден баш тартканы жөн жерден эмес экен».

1972-жылы аскер кызматын өтөө милдетинен бошоткон биринчи мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, альтернативалык жарандык кызмат караштырылганы менен, коргоо министрлигинин көзөмөлү алдында калган. Ошон үчүн ишенимдештерибизге андай жарандык кызматтан да баш тартканга туура келген.

Акыры 1998-жылдын 8-июлунда Италиянын өкмөтү альтернативалык жарандык кызмат боюнча жаңы мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, ал кызматтын коргоо министрлигине тиешеси жок болуп калган, ошон үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен аны өтөөгө макул болгондор болду. Ал эми 2004-жылдын августунда 2005-жылдын январынан тартып жаш уландар аскер кызматын өтөө милдетинен бошотулат деген мыйзам чыккан.

Көптөгөн адистер Италиянын мыйзам системасына мындай өзгөрүүлөрдүн киргизилишине Жахабанын Күбөлөрү чоң салым кошту деген ойдо. Алсак, юрист жана Римдеги Сапиенца университетинин мыйзам профессору Серхио Ларицианын мындай дегени бар: «Аскер кызматын өтөөнүн Исанын сүйүүгө байланышкан буйругуна эч кандай карама-каршылыгы жок, тескерисинче, андан баш тартууну мекенине каршы жасалган кылмыш жана суу жүрөктүк катары сыпаттаган аскер кызматындагы диний кызматчылардан айырмаланып, Жахабанын Күбөлөрү Италиянын мыйзамы менен коомунун өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошту».

Бир туугандарыбыздын бекем көз карашы Италиянын мыйзамына эле таасир эткен жок. Алардын түрмөдө жүргөндөгү жүрүм-турумун байкаган түрмө сакчыларынын айрымдары өздөрү кийин Жахабанын Күбөлөрүнө кошулушкан. Мурун түрмө сакчысы болгон Гиусеппе Серра мындай деп эскерет: «Жахабанын Күбөлөрүнүн ошондой жаштарын көрүп, Ыйык Китепти изилдегенге түрткү алдым». Гиусеппе 1972-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон (төмөндөгү кутучаны карагыла).

Италиядагы жана дүйнө жүзү боюнча башка ушундай көптөгөн жаш бир туугандарыбыздын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Ыйык Китепке негизделген көз карашты эрдик менен коргоп келишкенине чындап сыймыктанабыз. Алардын баары Ышая 2:4төгү: «Согушууга үйрөнүшпөйт»,— деген сөздөргө бек карманышат.