Мазмунун көрсөтүү

Калифорнияны (АКШ) түнүчүндө каптап жаткан «Дикси» өртү

16-АВГУСТ, 2021
КОШМО ШТАТТАР

Калифорнияны каптаган өрт өчпөй жатат

Калифорнияны каптаган өрт өчпөй жатат

Калифорниянын (АКШ) ар кайсы жагын өрт жалмап, чоң зыянга учуратууда. Ал тилсиз жоонун эң чоңу «Дикси» деген наамга татыган. Анын кесепетинде 187 562 гектардан ашуун жер күйүп кеткен. Өрт дагы деле жайылууда. Мындай чоң өрт Калифорниянын тарыхында экинчи жолу катталууда.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 415 жарчы коопсуз жерге көчүрүлгөн

  • 17 үй өрттөнүп кеткен

  • 2 үй жарым-жартылай өрттөнгөн

Жардам берүү иштери

  • Өрт чыккан аймакта кызмат кылган райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдар ишенимдештерине рухий жактан жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле үйүн таштап, качканга аргасыз болгондорго убактылуу түнөк жай таап берүүдө

  • Жардам көрсөтүүдө бир туугандарыбыз COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына карманышууда

Жахабанын эли оор учурда бири-бирине жөлөк-таяк болуп, чыныгы дос экенин иши менен көрсөтүүдө (Накыл сөздөр 17:17).