23-МАРТ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 11-ОКТЯБРЬ, 2024
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АППЕЛЯЦИЯЛЫК СОТ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛСЫН ДЕГЕН ЧЕЧИМДИ ЖОККО ЧЫГАРДЫ | Жахаба ишениминен жазбаган 6 боордошубузга кам көрүп жатат
2024-жылдын 10-октябрында Хабаровск крайынын облустук соту Майя Карпушкинанын, Станислав Кимдин, Николай Полеводовдун, Светлана Седованын, Виталий Жуктун жана анын аялы Татьянанын арыз доосун карап, чечимин жарыялады. Шарттуу соттолгон Майя, Светлана жана Татьяналардын мөөнөтү бир жылга чейин кыскартылды. Ал эми эркинен ажыратылган Станислав, Виталий жана Николайларга чыгарылган өкүмү өзгөрдү. Станислав 7 жыл 2 айга, Виталий 7 жыл 4 айга, ал эми Николай 7 жыл 6 айга шарттуу соттолду. Бир туугандарыбыз ошол эле күнү түрмөдөн бошотулушту.
2024-жылдын 20-июнунда Хабаровск облусунун Индустриальный райондук соту Майя Карпушкинаны, Станислав Кимди, Николай Полеводовду, Светлана Седованы, Виталий Жукту жана анын аялы Татьянаны айыптуу деп тапты. Майя 4 жылга, Светлана менен Татьяна 5 жылга шарттуу соттолушту. Алар азырынча камакка алынышпайт. Станислав, Виталий жана Николай 8 жыл 2 айга, 8 жыл 4 айга жана 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылышты. Бул 2017-жылы ишибизге тыюу салынгандан берки эң оор жаза. Ишенимдештерибизди сот залынан кармап кетишти.
Жагдайдын өрчүшү
2018-жыл, 10-ноябрь
Бийликтегилер кафеде 55тей адам чогулган достук кечеге кирип келишкен. Жаш-карысына карабай аларды суракка алып, манжаларынын изин алып, сүрөткө тартып алышкан
2018-жыл, 12-ноябрь
Станислав, Николай жана Виталий тергөө камак жайына жөнөтүлгөн. Майяга, Светланага жана Татьянага эки жакка чыгууга тыюу салынган
2019-жыл, 14-январь
Николай менен Виталий тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынышкан
2019-жыл, 29-январь
Станислав тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган
2019-жыл, 18-июль
Иш Хабаровск крайынын Индустриальный райондук сотуна тапшырылган
2019-жыл, 2-август
Николай үй камагынан бошотулган
2019-жыл, 9-сентябрь
Станислав менен Николайга каршы Хабаровск шаарынын Железнодорожный райондук сотунда өзүнчө кылмыш иши ачылган
2019-жыл, 5-ноябрь
Николайга эки жакка чыгууга тыюу салынган
2020-жыл, 18-январь
Станислав менен Виталий үй камагынан бошотулган
2020-жыл, 4-февраль
Станислав менен Николай аларга каршы козголгон өзүнчө кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылышкан. Хабаровск шаарынын Железнодорожный райондук соту экөөнү тең эки жылга шарттуу соттогон
2020-жыл, 3-август
Индустриальный райондук соту ишти кайра прокуратура кайтарган. Айыптоочу соттун чечимине каршы болуп, доо арыз менен кайрылган
2020-жыл, 29-сентябрь
Хабаровск облустук соту прокурордун доо арызын карап чыгууну чечкен. Станислав менен Николайга соттун алдында сүйлөөгө уруксат берилген. Алар Орусия Федерациясы дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөй эле, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү экенин жана жарандарынын дин тутуу эркиндигин сыйлап, укуктарын бузбоого милдеттүү экенин баса белгилешкен
2020-жыл, 12-октябрь
Хабаровск облустук соту Индустриальный райондук сотунун чечимин колдоп, ишти прокуратурага кайтарган
2021-жыл, 15-декабрь
Иш кайрадан Индустриальный райондук сотуна жөнөтүлгөн
Кыскача таржымалы
Жахаба ушундай сонун боордошторубузду жана азыркы учурдагы «көп күбөлөрүн» мындан ары да колдой берерин жакшы билебиз (Еврейлер 12:1).