Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 5-ИЮЛЬ
ПОРТУГАЛИЯ

Лисабон, Португалия. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Лисабон, Португалия. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 28—30-июнь

  • Өткөрүлгөн жери: «Спорт Лисбоа е Бенфика» стадиону, Лисабон, Португалия

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, испан, португал (Португалия), португал жаңдоо тили

  • Катышкандардын жогорку саны: 63 390

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 451

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 300

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Ангола, Борбордук Америка, Бразилия, Венесуэла, Гана, Индия, Испания, Канада, Кошмо Штаттар, Мозамбик, Сенегал

  • Жергиликтүү окуя: Сантос жыйынга келген делегаттарды ташыган автобустун айдоочусу болчу. Автобусту тейлеген бир тууган аны жыйынга чакырганда, ал мындай деген: «Сөзсүз барам. Силер менен кызматташа баштагандан бери жан дүйнөм канчалык тынч болуп калганын сөз менен жеткире албайм. Эмне үчүн жан дүйнөмө бейкуттук орноп жатканын билбейм, бирок силер мага тынчтык берип жатасыңар. Стадиондо бир күн кечке болом, ал жакка аябай баргым келип жатат». Жыйынга катышкандан кийин Сантос программанын аябай жакканын айткан. Ал Лисабондун чет жакасында жайгашкан кыштакта жашайт. Жыйын учурунда ал өзүнүн кыштагына жакын жашаган бир бир тууган менен таанышып калган. Сантос үйүнө барганда ал бир тууганга жолугууга макул болгон.

 

Аэропорттон делегаттарды тосуп алып жаткан жергиликтүү бир туугандар

Португалиядагы ачык эшиктер күнүнө келген делегаттар

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон бир тууган жыйындын биринчи күнүнүн соңку баяндамасын айтып жатат

Бир туугандар португал жаңдоо тилинде ырдап жатышат

Чөмүлүп жаткан бир тууган

Медер менен Алтынайдын жанында сүрөткө түшүп жаткан жергиликтүү карындашыбыз

Делегаттар жыйындын акыркы ырын ырдоодо

Ар кайсы өлкөлөрдөн келген атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар жыйындын соңунда отургандарга кол булгалап жатышат

Делегаттар жергиликтүү бир тууган менен бирге эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине катышууда

Делегаттарга улуттук бийин бийлеп жаткан жергиликтүү бир туугандар

Делегаттар үчүн уюштурулган атайын программа бүткөндөн кийин, катышуучулар залда отурган бир туугандарга кол булгалашууда