Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү Түштүк Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы менен АЖК тууралуу сүйлөшүш үчүн чогулушкан. Бул жолугушуудан кийин комиссия өзүнүн билдирүүсүн жарыялаган

27-ЯНВАРЬ, 2022
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы альтернативалык кызматты жакшыртууга чакырып жатат

Түштүк Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы альтернативалык кызматты жакшыртууга чакырып жатат

Түштүк Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы (КАУУК) өлкөдөгү альтернативалык жарандык кызматты (АЖК) өтөө эл аралык адам укуктары боюнча талаптарга жооп бербейт деп билдирди.

2021-жылдын 2-декабрында КАУУКтун a веб-сайтына анын жаңы төрагасы Соң Ду Хвандын АЖКнын талаптарын өзгөртүүнү сунуштаганы жарыяланган. Түштүк Кореяда АЖКга байланыштуу мыйзам 2020-жылдын 26-октябрында күчүнө кирген.

Соң Ду Хван: «АЖК 2018-жылы Конституциялык соттун чечиминен кийин киргизилген болсо да, адам укуктары боюнча эл аралык талаптарга жооп бериши үчүн ага өзгөрүүлөрдү киргизиш керек деп ойлойм»,— деген.

Мындай тыянакка ал 2021-жылдын 23-ноябрында Түштүк Кореядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынын жана Жахабанын Күбөлөрүнүн Азия-Тынч океан аймагындагы бирикмесинин өкүлдөрү менен жолуккандан кийин келген. Ал жолугушууда ишенимдештерибиз Соң мырзага Жахабанын Күбөлөрүнүн Азия-Тынч океан аймагындагы бирикмеси тарабынан даярдалган «Түштүк Кореядагы альтернативалык жарандык кызмат, 2021-жыл» деген документти беришкен.

Ал документте Түштүк Кореядагы АЖК эл аралык талаптардын кайсынысына төп келбегени түшүндүрүлгөн. Мисалы, АЖК 36 айга созулат. Бул аскердик кызматты өтөөгө салыштырмалуу эки эсе көп. Ошондой эле анын өтөө шарттары түрмөнүкүнө окшош. Алсак, диний ишениминен улам аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандар учурда түрмөлөрдө иштешет жана аларга бир ай бою ал аймактан чыгууга тыюу салынат. Бир ай өткөн соң алар атайын уруксат берилмейин эки жакка чыга албайт. Чыгышса да, 21:30га чейин кайра келип калышы керек болот.

Азыркы учурда Түштүк Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы АЖК өтөп жаткандардан түшкөн арыздарды карап жатат. КАУУК мыйзамды өзгөртө албайт, бирок мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын киргизе алат.

Түштүк Кореядагы бир туугандарыбыздын ишенимин жана кынтыксыздыгын сактап жатканын көрүү бизге күч-кайрат бербей койбойт. Жахаба аларды мындан ары да колдой береринен шектенбейбиз (Забур 55:22).

a Түштүк Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы 2001-жылы түзүлгөн укук коргоочу уюм.