Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Эненин сүтү

Эненин сүтү

 Балдарды төрөткөн доктурларга арналган бир китепте: «Ымыркайларга берилген жасалма сүт аралашмалары эненин сүтүнө тең келбейт»,— делет. Мунун бир себеби эненин организми чүрпөсүнүн муктаждыгына жараша сүттүн курамын өзгөртүп турат.

 Көңүл бурсаңар: Бала эмген сайын, тагыраак айтканда, баштагандан бүткөнгө чейин сүттүн курамы өзгөрүп турат. Кандайча? Ал жаңы эме баштаганда сүттө белок, витаминдер, минералдар жана суу көп болот. Ал эми бүтөйүн деп калганда сүт майлуураак болот. Ошон үчүн баланын курсагы торсоюп тоюп калат. Эненин сүтү атүгүл баланын курагына жана жыл мезгилине жараша да өзгөрүп турат.

 Сүттө мелатонин сыяктуу айрым гормондор түнкүсүн абдан көп болот. Ал эми башка гормондор күндүз көп болот. Бир күндүн ичинде ар кандай маалда бөлүнүп чыккан ар түрдүү гормондор баланын укташына же ойгонушуна жардам берет. Мунун аркасында бала өз убагында уктап, өз убагында туруп, ушундай жакшы адат калыптана баштайт.

 Эне жаңы төрөгөндө башында ууз (колострум) чыгат. Ал сиңимдүү келет жана пайдалуу азык-заттарга бай. Бир аз эле ууз ымыркайдын алакандай болгон ашказанына көп пайдасын тийгизет. Уузда абдан керектүү көптөгөн антителолор бар. Алар баланын назик организмин ар кандай инфекциялардан коргойт. Мындан тышкары, ууз ымыркайдын ичин жумшарткандыктан, ичегилери өз убагында бошонуп, бала кыйналбай заңдап турат.

 Атүгүл эгиз төрөгөн энелерге «баламды тойгуза аламбы, жокпу» деп сарсанаа болуунун кереги жок. Анткени сүт баланын муктаждыгына жараша табигый жол менен эле жетиштүү чыга берет.

 Кандай деп ойлойсуңар? Курамы укмуштуудай жол менен өзгөрүп турган эненин сүтү өзү жаралганбы? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?