Мазмунун көрсөтүү

ЭРИТРЕЯ

Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Эритрея

Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Эритрея

Көптөгөн жылдардан бери Эритрея өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин эч териштирбей же сотто карабай эле, аларды камакка алып, түрмөгө камоодо. Алардын айрымдары — абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткандар. Ал эми көпчүлүгү, анын ичинде аялдар, карылар диний иштер менен алек болгону үчүн же белгисиз себептер менен түрмөгө камалышкан. Президент Афеворкинин 1994-жылдын 25-октябрында чыккан буйругунун негизинде Жахабанын Күбөлөрүн, 1993-жылы көз карандысыздык үчүн өткөрүлгөн шайлоого катышпаганы үчүн жана абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн, жарандык укуктарынан ажыратып салышкан. Милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон аскердик кызматка чейин бийликтегилер жарандык кызматты киргизишкен. Ошонун аркасында көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү өкмөткө караштуу мекемелердин жумуштарын аткарышкан. Бийликтегилер андай кызмат аткаргандарга «Улуттук кызматты өтөгөнү жөнүндө сертификаттарды» берип, кылган иши үчүн макташкан. Бирок өлкөдөгү коопсуздук органдарынын кызматкерлери Президенттин буйругунун негизинде Жахабанын Күбөлөрүн ишениминен баш тарттырыш үчүн түрмөгө камап, мыкаачылык менен мамиле кылып келишет.

Азыркы убакта 20 Жахабанын Күбөсү (14 эркек, 6 аял) түрмөдө отурат. 2020-жылдын 4-декабрында 28 Жахабанын Күбөсү (26 эркек, 2 аял) түрмөдөн чыккан. Алар түрмөдө 5ден 26 жылга чейин отурушкан. 2021-жылы, 29-январда 12 жылдан бери түрмөдө отурган Жахабанын Күбөсү (эркек) бошотулган. Ал эми 2021-жылдын 1-февралында дагы үч Жахабанын Күбөсү (1 эркек, 2 аял) эркиндикке чыккан. Алар түрмөдө 4төн 9 жылга чейин отурушкан.

Жахабанын Күбөлөрү өтө катаал шарттардагы түрмөдө каза таап жатышат

Эритреянын түрмөсүндө отурган төрт Жахабанын Күбөсү каза тапты. Ал эми үчөө өтө катаал шарттарда отургандыктан, боштондукка чыккандан кийин көз жумду.

Эки Жахабанын Күбөсү 2018-жылы Май Серва түрмөсүнө которулгандан көп өтпөй каза болду. Хабтэмикаел Тэсфамарием 3-январда 76 жашында, Хабтэмикаел Меконен 6-мартта 77 жашында көз жумду. Эритреянын бийлик өкүлдөрү экөөнү тең 2008-жылы суроо-сопкутсуз эле камап коюшкан.

2011, 2012-жылдары эки Жахабанын Күбөсү Майтер түрмөсүндө катаал мамиледен улам каза тапты. 62 жаштагы Мисгина Гебретинсае, 2011-жылы июль айында «жердин алды» деп аталган жазалоочу жайда катуу ысыктан каза тапкан. 68 жаштагы Йоханнес Хайле дагы төрт жылдай түрмөдө отургандан кийин 2012-жылдын 16-августунда так ушундай себептен улам каза болгон. Оор шарттагы түрмөгө отургандыктан улгайган үч Жахабанын Күбөсү: Кахсай Меконен, Гойтом Геберкритос жана Тсехае Тэсфамарием бошотулгандан кийин көз жумган.

Өкмөт Адам укуктары боюнча органдарды тоготпой жатат

Эритрея адам укуктары боюнча эл аралык нормаларга ылайык иш кылуудан баш тартып келет. Адам укуктары боюнча беделдүү органдар Эритреяны негизги укуктарды тебелеп жатканы үчүн айыптап, жагдайды оңдоого үндөп жатышат.

2014-жылы Адам укуктары боюнча кеңеш Эритреядагы адам укуктары тебеленип жаткан жагдайга байланыштуу маалымат берген бир отчётту кабыл алган. Ал отчётто, бийликтегилер, «эл аралык нормаларга» ылайык, абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткандардын укугун сыйлоого чакырылган. Ошондой эле «эл аралык стандарттарга» ылайык, түрмөдөгүлөрдүн баарынын ден соолугунун жакшы болушуна кепилдик берүүгө, медициналык жардамга муктаж болгондорго тийиштүү жардам көрсөтүүгө... жана түрмөдөгү абалды жакшыртууга» үндөлгөн. 2015-жылдагы резолюцияда Адам укуктары боюнча кеңеш Эритрея өкмөтүн «абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткандарга» байланыштуу чара көрүүгө чакырган.

2016-жылы Эритреядагы Адам укуктарын изилдөө боюнча комитет Эритреянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүн жана башка адамдарды «диний көз карашынын, улутунун негизинде куугунтуктап жатканы» үчүн «адамзатка каршы кылмыш» кылууда деген чечимге келген.

2017-жылы Баланын укуктары жана жыргалчылыгы боюнча адистердин африкалык комитети юридикалык жактан коргогон мыйзамдардын бар экенине карабай, «Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары» ушундай укуктардан пайда ала албай жатканын, катаал мамилеге дуушар болуп жатканын билдирген. Ал комитет Эритрея өкмөтүн «бейкалыстык кылбай, ой, абийир, дин тутуу эркиндигин сыйлоого, анын толук ишке ашырылышына кам көрүүгө» чакырган.

2018-жылы Адам жана адамдардын укуктары боюнча Африка комитети Эритреяны «камакка алынгандардын, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги укуктарынын тебеленишине каршы токтоосуз түрдө чара көрүүгө» жана түрмөдөн каза тапкан Жахабанын Күбөлөрүнүн өлүмүнө байланыштуу тергөө иштерин жүргүзүүгө үндөгөн. Ал комитет Эритрея өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн «жарандык укуктарга ээ кылышы» керектигин баса белгилеген.

2019-жылы май айында Буунун Адам укуктары боюнча комитети Эритрея өкмөтүн дин тутуу эркиндигин сыйлаарына кепилидик берүүгө, «диний көз карашынан улам камакка алынгандарды же түрмөгө камалгандарды, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүн эркиндикке» чыгарууга чакырган. Ошондой эле өкмөттөн «абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткандардын укугун таанып, алар үчүн альтернативалык жарандык кызматты киргизүүнү» өтүнгөн.

2021-жылдын 12-майдагы билдирүүгө ылайык, БУУнун атайын баяндамачысы Эритрея өкмөтүнөн «ишеними үчүн дагы деле түрмөдө отурган айыбы жок адамдардын баарын, анын ичинде 20 Жахабанын Күбөсүн токтоосуз түрдө, эч кандай шарт койбой бошотууну, ошондой эле туткан дининен улам жарандыгынан кол жууп калган Жахабанын Күбөлөрүнө чыгарылган чечимди кайра кароону, Адам укуктары боюнча Африка комиссиясынын сунуштарын сыйлап, Жахабанын Күбөлөрүнүн жарандык укуктарын кайтарып берүүнү жана түрмөдөн көз жумган Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин иликтеп чыгууну» талап кылган.

Белгисиз мөөнөткө камалышкан

Камалган эркек Жахабанын Күбөлөрүнүн көпчүлүгү өмүрү өткөнчө түрмөдө отурушат. Алар өлгөнгө чейин же өлөрүнө аз калганга чейин да бошотулбайт. Ал өлкөдө ишенимдештерибиздин укугун коргой турган юридикалык мыйзамдар же иш-чаралар жок болгондуктан, алар, мындайча айтканда, өмүр бою эркинен ажыратылышкан.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2024-жыл, 20-май

    39 Жахабанын Күбөсү түрмөдө отурат.

  2. 2021-жыл, 1-февраль

    3 Жахабанын Күбөсү түрмөдөн бошотулган.

  3. 2021-жыл, 29-январь

    1 Жахабанын Күбөсү түрмөдөн бошотулган.

  4. 2020-жыл, 4-декабарь

    28 Жахабанын Күбөсү түрмөдөн бошотулду.

  5. 2018-жыл, 6-март

    Хабтэмикаел Меконен Май-Серва түрмөсүнө которулгандан кийин 77 жашында көз жумду.

  6. 2018-жыл, 3-январь

    Хабтэмикаел Тэсфамарием Май-Серва түрмөсүнө которулгандан кийин 76 жашында каза болду.

  7. 2017-жыл, июль

    Майтер түрмөсүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн баары Асмара шаарынын сыртында жайгашкан Май-Серва түрмөсүнө которулду.

  8. 2014-жыл, 25-июль

    14-апрелде камалгандардын көбү бошотулган. Бирок 27-апрелде камалгандардын 20сы дагы деле абакта. Бардыгы болуп түрмөдө 73 Жахабанын Күбөсү отурат.

  9. 2014-жыл, 27-апрель

    Ыйык Китеп изилденип жаткан жолугушуу маалында 31 Жахабанын Күбөсүн кармап кетишкен.

  10. 2014-жыл, 14-апрель

    Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү кечесинде 90дон ашуун Жахабанын Күбөсү камакка алынган.

  11. 2012-жыл, 16-август

    Өтө катаал шарттагы түрмөдө отурган 68 жаштагы Йоханнес Хайле каза болду.

  12. 2011-жыл, июль

    Өтө катаал шарттагы түрмөдө отурган 62 жаштагы Мисгина Гебретинсае каза болду.

  13. 2009-жыл, 28-июнь

    Полиция кызматкерлери диний жолугушуу өткөрүлүп жаткан Жахабанын Күбөсүнүн үйүнө кирип барып, ал жердегилердин баарын, 23 кишини, кармап кетишкен. Алардын жашы 2ден 80 жашка чейин. Түрмөдө отургандардын жалпы саны — 69 киши.

  14. 2009-жыл, 28-апрель

    Бийликтегилер полиция участогундагы Жахабанын Күбөлөрүнүн бирөөсүнөн башкасынын баарын Майтер түрмөсүнө которушту.

  15. 2008-жыл, 8-июль

    Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн жана сыйынуу жайларын текшерип, 24 Жахабанын Күбөсүн кармап кетишти. Алардын көбү — үй-бүлөсүн баккандар.

  16. 2002-жыл, май

    Өкмөт өлкөдөгү уруксат берилген төрт диний агымдан башкасынын баарына тыюу салды.

  17. 1994-жыл, 25-октябрь

    Президенттин буйругу менен Жахабанын Күбөлөрү атуулдук жана негизги жарандык укуктарынан ажыратылды.

  18. 1994-жыл, 17-сентябрь

    Паулос Ияссу, Исаак Могос жана Негеде Теклемариамдардын иши сотто каралбай эле кесилип кетишкен.

  19. 1940-жылдар

    Эритреяда Жахабанын Күбөлөрүнүн алгачкы жыйналыштары уюшулган.