Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2

Кудайдын ысмынын Грек Жазмаларында кездешиши

Кудайдын ысмынын Грек Жазмаларында кездешиши

Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар Кудайдын ысмынын Еврей Жазмаларынын түп нускасында тетраграмматон (יהוה) түрүндө 7 000дей жолу кездешерине кошулганы менен, Кудайдын ысмы Грек Жазмаларынын түп нускасында кездешпейт деп ырасташат. Ошондуктан Грек Жазмаларынын же, айрымдар атагандай, Жаңы Келишимдин учурдагы котормолорунун көбүндө «Жахаба» деген ысым жок. Атүгүл Еврей Жазмаларынан алынган цитаталардагы тетраграмматондун ордунда «Теңир» деген наам турат.

Бирок Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» Грек Жазмаларында «Жахаба» деген ысым 237 жолу кездешет. Эмне үчүн бул котормо башка котормолордон кыйла айырмаланат? Анткени аны которгондор эки маанилүү нерсени эске алышкан: 1) учурдагы грек тилиндеги миңдеген кол жазмалар түп нуска деп эсептелбейт. Алардын көбү түп нуска жазылып бүткөндөн, бери дегенде, эки кылым өткөндөн кийин көчүрүлгөн; 2) ошол убакта ал кол жазмалар тетраграмматон турган жерлердин баары Кириос (Теңир) деген грек сөзүнө алмаштырылган кол жазмалардан же Кудайдын ысмы ага чейин эле алынып салынган кол жазмалардан көчүрүлгөн.

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети Грек Жазмаларынын түп нускасында Кудайдын ысмы камтылганына жүйөлүү далилдер бар экенин аныктаган. Төмөндө ошол далилдер көрсөтүлдү:

  • Иса Машаяктын жана анын элчилеринин күндөрүндөгү Еврей Жазмаларынын көчүрмөлөрүндө тетраграмматон түп нускада кайсы жерде турса, ошол жерлердин баарында кездешкен. Байыркы учурда буга эч ким шек саначу эмес, азыр да шек санаганга негиз жок. Анткени муну Кумрандан табылган Еврей Жазмаларынын 1-кылымга таандык көчүрмөлөрү тастыктап турат.

  • Иса Машаяктын жана анын элчилеринин күндөрүндөгү Еврей Жазмаларынын грекче котормолорунда тетраграмматон болгон. Бир нече кылым бою окумуштуулар Еврей Жазмаларынын грекче котормосунун кол жазмаларында, башкача айтканда, Септуагинтада тетраграмматон кездешпейт деп эсептеп келишкен. Анткен менен 20-кылымдын орто ченинде окумуштуулар Иса Машаяктын күндөрүнө таандык Септуагинтанын аябай эски үзүндүлөрүн изилдешкен. Ал үзүндүлөрдө еврей тамгалары менен жазылган Кудайдын ысмы камтылган. Демек, Иса Машаяктын күндөрүндөгү грек тилиндеги кол жазмаларда Кудайдын ысмы кездешкен деп айтууга толук негиз бар. Бирок б.з. 4-кылымында Септуагинтанын негизги кол жазмалары болуп эсептелген Ватикан кодекси менен Синай кодексинин Еврей Жазмаларында Кудайдын ысмы кездешпей калган (ага чейинки кол жазмаларда бар болчу). Андыктан кийин Кудайдын ысмынын Грек Жазмаларынын кол жазмаларында да жок болуп калганы таң калыштуу эмес.

    Иса Машаяк бир жолу Кудайга кайрылып: «Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып бердим... дагы да ачып берем»,— деп тиленген

  • Грек Жазмаларынын өзүндө Иса Машаяктын Кудайдын ысмын көп колдонгону жана аны башкаларга ачып бергиси келгени айтылат. Мисалы, ал бир жолу Кудайга кайрылып: «Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып бердим... дагы да ачып берем»,— деп тиленген (Жакан 17:6, 11, 12, 26).

  • Грек Жазмалары ыйык рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китептин бөлүгү болгондуктан андан Жахабанын ысмынын жок болуп кетиши мүмкүн эмес болчу. Б.з. 1-кылымынын орто ченинде элчи Жакып Иерусалимдеги аксакалдарга: «Шымон бизге Кудайдын өзүнүн ысмы менен атала турган эл чогултуш үчүн башка элдерге назар сала баштаганын айтып берди»,— деп айткан (Элчилер 15:14). Эгер 1-кылымда Кудайдын ысмын эч ким билбесе же аны эч ким колдонбосо, анын ушинтип айтмактыгы күмөн.

  • Грек Жазмаларында Кудайдын ысмынын кыска формасы кездешет. Алсак, Аян 19:1, 3, 4, 6-аяттарда Кудайдын ысмынын «Жах» деген кыска формасы кездешет. Ал «Жахты даңктагыла» дегенди билдирген «Аллилуя» деген еврей сөзүнөн келип чыккан. Грек Жазмаларындагы кишилердин да аттарынын көбү Кудайдын ысмы менен байланыштуу болгон. Маселен, бир эмгекке ылайык, Исанын аты «Жахаба — куткаруу» деген маанини туюнтат.

  • Жүйүттөрдүн алгачкы эмгектери Грек Жазмаларын жазууга катышкан Исанын жүйүт жолдоочуларынын Кудайдын ысмын колдонушканын көрсөтүп турат. Тосефтада, болжол менен б.з. 3-кылымында жазылып бүткөн жүйүттөрдүн оозеки мыйзамдарынын жыйындысында, Иса Машаяктын жолдоочуларынын жана минамдардын [кыязы, Иса Машаяктын жүйүт жолдоочуларынын] китептери, атүгүл алардын Кудайдын ысмы кездешкен бөлүктөрү да, эгер ишемби күнү өрт чыгып кетсе, сакталбай турганы жазылган. Ошол эле эмгекте б.з. 2-кылымынын башында жашаган Галилеялык Йосе деген раввиндин ишембиден башка күндөрү «алардын ичиндеги [сыягы, Исанын жолдоочуларынын ошол кездеги китептериндеги] Кудайдын ысмы кездешкен жерлерди кесип алып, катып коюш» керектигин, ал эми «калганын өрттөп салыш» керектигин айтканы келтирилген.

  • Ыйык Китепти изилдеген айрым окумуштуулар Грек Жазмаларындагы Еврей Жазмаларынан келтирилген цитаталарда Кудайдын ысмы кездешкенине толук кошулушат. Бир сөздүктүн «Жаңы Келишимдеги тетраграматтон» деген аталыштагы макаласында: «Ж[аңы] К[елишимдин] алгачкы кол жазмалары пайда болгон убакта тетраграмматон (Кудайдын ысмы), Яхве, Э[ски] К[елишимден] цитата кылынган айрым жерлерде же ошондой жерлердин баарында кездешкен деп айтууга толук негиз бар»,— деп айтылат («The Anchor Bible Dictionary»). Жорж Хауард деген бир окумуштуу болсо бул тууралуу мындай деген: «Тетраграмма Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары Ыйык Жазма катары эсептеген грек тилиндеги Ыйык Китепте [Септуагинтада] кездешкендиктен, Ж[аңы] К[елишимди] жазгандар Еврей Жазмаларынан цитата келтиргенде текстте тетраграмманы колдонгон деп тыянак чыгарууга болот».

  • Көптөгөн белгилүү котормочулар Ыйык Китептин Грек Жазмаларында Кудайдын ысмын колдонушкан. Ал котормочулардын эмгектери Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» жарык көргөнгө чейин бир топ жыл мурун эле чыккан. Төмөндө алардын аты-жөнү жана эмгектеринин аталышы көрсөтүлдү: «Ватикан кодексине негизделген Жаңы Келишимдин сөзмө-сөз котормосу», Г. Хейнфеттер (1863); «Сөзмө-сөз которулган эки тилдеги Ыйык Китеп», Б. Уилсон (1864); «Пабылдын азыркы англис тилине которулган каттары», Ж. Б. Стивенс (1898); «Ыйык Пабылдын Римдиктерге жолдогон каты», У. Ж. Рутерфорд (1900); «Жаңы Келишимдеги каттар», Ж. У. Ч. Уонд, Лондондун епискобу (1946). Ошондой эле 20-кылымдын башында Ыйык Китепти испан тилине которгон Пабло Бессон Жүйүт китебинин 14-аятында «Жехова» (Jehová) деген ысымды колдонгон, ал эми 100 чактыдай шилтемеде ал ысым ушундай которулушу мүмкүн экенин көрсөткөн. Анткен менен 16-кылымдан тартып эле Ыйык Китептин Грек Жазмаларынын еврей тилиндеги котормолорунда тетраграмматон көп аяттарда кездешкен. Немис тилиндеги эле Грек Жазмаларынын, бери дегенде, 11 котормосунда «Жахаба» (же «Яхве») деген ысым колдонулган, ал эми башка төрт котормодо «Теңир» деген сөздөн кийин Кудайдын ысмы чарчы кашаанын ичинде берилген. Ыйык Китептин немис тилиндеги 70тен ашык котормосунда Кудайдын ысмы шилтемелерде же түшүндүрмөлөрдө кездешет.

  • Грек Жазмаларынын 100дөн ашуун тилдеги котормолорунда Кудайдын ысмы кездешет. Африкадагы, Америкадагы, Азиядагы, Европадагы жана Тынч океандын тегерегиндеги аралдардагы элдердин тилине которулган Ыйык Китептерде Кудайдын ысмы кеңири колдонулуп келет (12, 13-бетти карагыла). Ал котормолорду жараткандар да Кудайдын ысмын жогорудагы себептерден улам колдонууну чечишкен. Алардын айрымдары жакында эле жарык көргөн. Маселен, ротуман тилиндеги Ыйык Китепте (1999) Кудайдын ысмы 48 аятта 51 жолу «Жихова» (Jihova) деп берилген. Ал эми Индонезиядагы батак (тоба) тилиндеги Ыйык Китепте (1989) «Жахова» (Jahowa) деп берилген жана 110 жолу кездешет.

Кудайдын ысмынын Марк 12:29, 30да кездешиши (Гавай тилиндеги Ыйык Китеп, 1816-ж.)

Арийне, булардын баары Кудайдын ысмынын Грек Жазмаларынын түп нускасында кайсы жерде кездешсе, ошол жерлердин баарында калыбына келтирилүүгө тийиш экенин тастыктап турат. «Жаңы дүйнө котормосун» которгондор дал ушундай кылышкан. Алар Кудайдын ысмын терең урматтап, кастарлагандыктан Ыйык Китептин түп нускасында кездешкен жерлерден алып салышкан эмес (Аян 22:18, 19).